КАНАДАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАНАДАЛЫКТАР – эл, Канаданын калкы.
Жалпы саны 31,2 млн, а. и. Канадада 25 млн киши (2006). Канада калкынын 43%ин англис­канадалыктар, 24%ин француз-канадалыктар, 2%ин индейлер, эскимостор, о. эле Европадан барган немис, англис, италян, украин, орус, гол­ланд, поляк, еврей ж-а амер-тар түзөт. К. анг­лис ж-а француз тилдеринин канадалык вари­антында сүйлөшөт. Англис-канадалыктардын динге ишенгендери протестантизм (пресвите­риан, лютеран, баптисттер), француз-канадалык­тар католицизм динин тутушат. 16–20-к-да ал­гач Европадан (француз, англис, шотланд, ир­лан, уэльс, немис, голланд ж. б.), кийин АКШ-дан иммигранттардын Канада аймагына көчүп келип отурукташуусу м-н К. улут болуп калып­танган. Англис-канадалыктардын улуттук мад­ты англистердикине жакын. Эски шаарларда англис үлгүсүндө салынган арх-ралык курулуш­тар сакталган. Айрым англис-канадалык топ­тордун турак жайлары, тамак-ашы, үрп-адат, салттары европалыктардыкына окшош. Алар Шотландиялыктардын колдоочусу Ыйык Анд­рей, ирландыктардын Ыйык Патригини күн­дөрүн майрамдашат. Азыркы учурдагы мад-тына америкалыктардын таасири чоң.