КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАНАДАЛЫК АРКТИКА АРХИПЕЛАГЫ – Түн.
Американын түн. четинде жайгашкан дүйнөдөгү эң ири аралдар тобу; Түн. Муз океанда. Канадага карайт. Аянты 1335 миң км2. Негизинен Түн. Муз океаны (Бофорт, Линкольн деңиздери, Нарес, Гудзон кысыктары, Баффин деңизи, Фокс булуңу) ж-а Атлантика океанынын Девис кысыгы м-н чулганат. Гренландиядан Нарес кысыгы, Баффин деңизи ж-а Девис кысыгы аркылуу бөлүнөт. Калкы сейрек, көбү – эскимостор.
Архипелаг 36 563 аралдан турат, анын 15инин аянты 10 миң км2ден ашат. Ири аралдары: Баффин Жери, Элсмир, Виктория, Банкс, Девон.

Аралдары материктик тайыздыкта жайгашкан; аларды тереңдиги 150–300 м кысыктардын татаал системасы бир нече топко (Свердруп аралдары, Парри архипелагы ж. б.) бөлөт. Рельефинде дөңсөөлүү түздүктөр ж-а платолор басымдуу, чыгышында бийикт. 2926 мге жеткен (Элсмир а-нда) тоо массивдери бар. К. А. а. негизи-
нен байыркы Түн. Америка платформасынын түн. чет-жакасында жайгашкан; платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти архипелагдын чыгыш бөлүгүндө жер бетине чыгып турат (калкан). Түн. бөлүгүндө палеозойдун Иннуит алкагы созулуп жатат. Кен байлыктары: коргошун, цинк, полиметалл, темир, алтын, нефть, газ, көмүр ж. б. Климаты архипелагдын басымдуу бөлүгүндө арктикалык, катаал, чыгышында деңиздик, батышында континенттик, Баффин жери а-нын түш. бөлүгүндө субарктикалык. Январдын орт. темп-расы түш.-чыгышында –23°Сден түн.-батышында –35°С (абс. мин. –50°Сден төмөн). Аязсыз мезгил 1–4 айга чейин созулат, май айында абанын темп-расы кээде –30°Сге чейин төмөндөйт. Жайы өтө кыска, июлдун орт. темп-расы түндүгүндө 4°Сден түштүгүндө 7°Сге чейин (эң жогорку темп-ра 24°Сге жетет). Жылдык жаанчачыны түш.-чыгышында 450–600 мм, батышында 200–250 ммге, түндүгүндө 100 ммге чейин. Бул аймактар жылдын көп мезгилинде Арктика антициклонунун таасиринде болот. Бардык жеринде көп жылдык тоң таралган. Түндүгү ж-а түн.-чыгышы мөңгүлүү (жалпы аянты 154 миң км2), түндүгүндө шельф муздары кездешет; кысыктарын жылына 9–10 ай бою муз каптайт. Көп жылдык пак муздарынын чеги архипелагдын түн.-батыш чети аркылуу өтөт. Түн.-батыш деңиз жолу өтүүгө өтө татаал. Жайында чыгышындагы кысыктарда (Гудзон, Дейвис, Ланкастер), о. эле материк жээктериндеги булуң-кысыктарда муз салыштырмалуу аз болот. Түндүгүнө арктика чөлү, түштүгүнө мамык чөп-эңилчектүү ж-а мамык чөп-бадалчалуу тундра өсүмдүктөрү мүнөздүү. Жаныбарлардан түн. бугусу, ак аюу, ак түлкү, лемминг, тундра чили, эндемиктерден койбука (овцебык), жээк сууларында тюлень, кит, атлантика моржу мекендейт. Деңиз промысели, балык кармоо, аңчылык өнүккөн. Табияты коргоого алынган ири улуттук парктары: Сирмилик ж-а Ауюиттук (Баффин Жери а-нда), Куттинирпаак (Элсмир а-нда), Аулавик (Банкс а-нда). Негизги калктуу пункттары: Фробишер-Бей (Баффин Жери а-нда), Кембриж-Бей (Виктория а-нда), Резольют (Корнуоллис а-нда). Элсмир а-нда дүйнөдө эң түндүктөгү (82,50 түн. кеңдикте, Түн. уюлдан 834 км аралыкта) Алерт калктуу пункту орун алган. Девон – дүйнөдөгү эң чоң калк жашабаган (аянты 54 миң км2) арал.
Ад.: Антипова А. В. Канада. Природа и естественные ресурсы. М., 1965.