ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ</b> – көзгө | <b type='title'>ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ</b> – көзгө көрүнбөгөн <i>инфракызыл нурланууну</i> пайдалануу­га негизделген приборлор, түзүлүштөр, систе­малар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу ж-а өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытыл­ган нерсенин температурасын алыстан өлчөөчү, жа­шырын сигнал берүүчү, жер бетинде ж-а космос­то байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын ин­фракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу при­борлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду ка­был алгыч ж-а анын булагы, инфракызыл нур­ду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө ж-а түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын ж-а планеталар­дын атмосферасын изилдөөдө, Жердин жылуулук ба­лансын өлчөөдө, өнөр жайда – жыгач, лак-сыр кап­талган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук ло­кациясында, башкарылуучу снаряддарды бута­га өзүн-өзү багыттоодо колдонулат. | ||
көрүнбөгөн <i>инфракызыл нурланууну</i> пайдалануу­га негизделген приборлор, түзүлүштөр, систе­малар. | |||
үчүн, алыскы жылдыздардын ж-а планеталар­дын | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
03:53, 3 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНФРАКЫЗЫЛ НУР ТЕХНИКАСЫ – көзгө көрүнбөгөн инфракызыл нурланууну пайдаланууга негизделген приборлор, түзүлүштөр, системалар. Инфракызыл нур техникасына инфракызыл нурду аныктоочу ж-а өлчөөчү, караңгыда сүрөт тартуучу, ысытылган нерсенин температурасын алыстан өлчөөчү, жашырын сигнал берүүчү, жер бетинде ж-а космосто байланышууга мүмкүндүк берүүчү, алыскы аралыкты ченегич, жер бетинде, деңизде абада нерселерди (самолёт, кеме ж. б.) алардын инфракызыл нур чыгаруусу боюнча аныктоочу приборлор; снарядды же ракетаны учуп баратканда багыттоочу түзүлүштөр; инфракызыл нурду кабыл алгыч ж-а анын булагы, инфракызыл нурду бөлүп алуучу чыпкалар ж. б. кирет. Инфракызыл нур техникасы радиоспектроскопиядагы ар кандай заттарды анализдөө ж-а түзүлүшүн спектрдик анализдөө үчүн, алыскы жылдыздардын ж-а планеталардын атмосферасын изилдөөдө, Жердин жылуулук балансын өлчөөдө, өнөр жайда – жыгач, лак-сыр капталган буюмдарды кургатууда; аскердик иште – караңгыда көрүү приборлорунда, жылуулук локациясында, башкарылуучу снаряддарды бутага өзүн-өзү багыттоодо колдонулат.