ИНКТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНКТЕР</b> , и н к а – 11–16- | <b type='title'>ИНКТЕР</b> , и н к а – 11–16-кылымдарда азыркы Перу аймагында жашап, Түштүк Американын баты­шындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн ин­дейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын бири­нин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божо­молдонот. Инктер Түштүк Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-кылымдын аягы – 15-кылымддын башында Куско өрөөнүндө инктердин калкы 20–30 миң кишиден турган алгач­кы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-жылдарда Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймак­тарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борбордук ж-а түштүк жэ­эктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамлекеттик бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түштүк- батышын, Аргентинанын түндүк-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түндүк аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мам­лекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 <i>км</i>ге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү кара­па идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүк­көн. 11-кылымда Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке маданияты пайда болуп, 14-кылымдан кошуна өрөөн­дөргө тараган. 15–16-кылымдарда архитектуралык курулуш­тар (инктердин архитектурасынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепил­дери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатр­лар ж. б.) курулган. Инктердин салттуу оозеки мад­анияты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору баа­ланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө кас­таларды (аравикуна) түзүп, Кускодо музыкалык мек­тептер ачылган. 1532-жылы инктер мекендеген аймак­ты испандар басып ала баштап, колониялаш­тырууда мамлекетин талкалап, цивилизация­ны жок кылышкан. | ||
аймагында жашап, | |||
Чимор мамлекетин, Перунун | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
05:38, 27 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНКТЕР , и н к а – 11–16-кылымдарда азыркы Перу аймагында жашап, Түштүк Американын батышындагы Тауантинсуйу мамлекетин түзгөн индейлердин этностук тобу. «Инка» (Сапа Инка – Жалгыз Инка) алгач кечуа урууларынын биринин уруу башчысынын титулу болгон, кийин бул аталыш м-н бүт уруу аталган деп божомолдонот. Инктер Түштүк Америкада эң байыркы цивилизациялардын бирин түзгөн. 14-кылымдын аягы – 15-кылымддын башында Куско өрөөнүндө инктердин калкы 20–30 миң кишиден турган алгачкы мамлекети – Тауантинсуйу (1438) түзүлгөн. 1438–63-жылдарда Пачакути чанкаларды талкалап, башкы бийликке ээ болгон ж-а коңшу аймактарды (Колья, Лупака мамл. бирикмелерди), уулу – Тупак Юпанки (Топа Инка Юпанки) Чимор мамлекетин, Перунун борбордук ж-а түштүк жээктериндеги майда мамлекеттерди ж-а мамлекеттик бирикмелерди, Боливиянын батыш ж-а түштүк- батышын, Аргентинанын түндүк-батышын ж-а азыркы Эквадор, Чилинин түндүк аймактарын басып алган. Элдин саны 9 млнго жетип, мамлекеттин аймагы түндүктөн түштүккө 4000 кмге жеткен. Дыйканчылык ж-а балык уулоочулук м-н кесиптенип, кол өнөрчүлүк (кездемени көркөмдөп токуу, чоподон оймо-чиймелүү карапа идиштерин, металл буюмдарын, аялдардын алтын сөлөкөттөрүн жасоо ж. б.) ж-а соода өнүккөн. 11-кылымда Куско өрөөнүндө эрте инк Кильке маданияты пайда болуп, 14-кылымдан кошуна өрөөндөргө тараган. 15–16-кылымдарда архитектуралык курулуштар (инктердин архитектурасынын шедеври болгон Мачу- Пикчу резиденциясы, Кускодогу (мамлекеттин борбору) күн храмы, Саксауаман, Писак сепилдери, ак сарайлар, обсерваториялар, амфитеатрлар ж. б.) курулган. Инктердин салттуу оозеки маданияты болгон. Поэзия, музыка ж-а бий жогору бааланган. Акындар ж-а музыканттар өзүнчө касталарды (аравикуна) түзүп, Кускодо музыкалык мектептер ачылган. 1532-жылы инктер мекендеген аймакты испандар басып ала баштап, колониялаштырууда мамлекетин талкалап, цивилизацияны жок кылышкан.