ИНЕРТТҮҮ ГАЗДАР: нускалардын айырмасы
м (3 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНЕРТТҮҮ ГАЗДАР</b> , а с ы л г а з д а р, с е й ­р е к газдар – элементтердин мезгилдик систе­масынын VIII тобундагы | <b type='title'>ИНЕРТТҮҮ ГАЗДАР</b> , а с ы л г а з д а р, с е й ­р е к газдар – элементтердин мезгилдик систе­масынын VIII тобундагы химиялык элементтер: ге­лий (Не), неон (Ne), аргон (Ar), криптон (Kr), ксенон (Xe), радон (Rn). Булардын ичинен Rn радиоактивдүү, туруктуу изотобу жок, Не жа­ратылышта ар кандай ядролук процесстердин (ядролук ажыроо) натыйжасында пайда болот. Инерттүү газдар абада, сууда, кээ бир тоо тектердин кура­мында кезигет. Алар атомдорунун электрондук катмарлары толук толгондуктан, молекулала­ры бир атомдон турат ж-а алардын инерттүүлүгү ошого байланыштуу. Ушуга жараша алар кы­йындык м-н суюк абалга өтөт, суюлуу температурасы атмосфералык массанын өсүшү м-н жогорулайт. Катуу абалда кубдук кристаллдык торчону пайда кылат. Инерттүү газдар бардыгы диамагниттүү болушат. Сууда аз, органикалык эриткичтерде дурусураак эришет да, атмосфералык масса чоңойгон сайын эригичтиги көбөйөт. Бардык инерттүү газдар (гелийден башкасы) суу ж-а органикалык эриткич­тер м-н туруксуз клатраттык бирикмелерди пай­да кылышат. Химиялык бирикмелерди пайда кылуу жөндөмдүүлүгү: Xe→ Kr→Ar иретте азайып оту­рат (Rn радиоактивдүүлүгү жогору болгондук­тан, катарга кирген жок). Инерттүү газдар азот м-н кыч­кылтекти алууда кошумча продуктулар ката­ры абадан алынат. Алар инерттүү чөйрө ката­ры металлургияда, атомдук ж-а ракеталык тех­никада, жарым өткөргүчтөрдү алууда ж. б. кол­донулат. | ||
чоңойгон сайын эригичтиги көбөйөт. Бардык | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
09:53, 26 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИНЕРТТҮҮ ГАЗДАР , а с ы л г а з д а р, с е й р е к газдар – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы химиялык элементтер: гелий (Не), неон (Ne), аргон (Ar), криптон (Kr), ксенон (Xe), радон (Rn). Булардын ичинен Rn радиоактивдүү, туруктуу изотобу жок, Не жаратылышта ар кандай ядролук процесстердин (ядролук ажыроо) натыйжасында пайда болот. Инерттүү газдар абада, сууда, кээ бир тоо тектердин курамында кезигет. Алар атомдорунун электрондук катмарлары толук толгондуктан, молекулалары бир атомдон турат ж-а алардын инерттүүлүгү ошого байланыштуу. Ушуга жараша алар кыйындык м-н суюк абалга өтөт, суюлуу температурасы атмосфералык массанын өсүшү м-н жогорулайт. Катуу абалда кубдук кристаллдык торчону пайда кылат. Инерттүү газдар бардыгы диамагниттүү болушат. Сууда аз, органикалык эриткичтерде дурусураак эришет да, атмосфералык масса чоңойгон сайын эригичтиги көбөйөт. Бардык инерттүү газдар (гелийден башкасы) суу ж-а органикалык эриткичтер м-н туруксуз клатраттык бирикмелерди пайда кылышат. Химиялык бирикмелерди пайда кылуу жөндөмдүүлүгү: Xe→ Kr→Ar иретте азайып отурат (Rn радиоактивдүүлүгү жогору болгондуктан, катарга кирген жок). Инерттүү газдар азот м-н кычкылтекти алууда кошумча продуктулар катары абадан алынат. Алар инерттүү чөйрө катары металлургияда, атомдук ж-а ракеталык техникада, жарым өткөргүчтөрдү алууда ж. б. колдонулат.