ИНДСТАН: нускалардын айырмасы
м (2 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДСТАН</b> – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аян­ты 2 млн <i>км</i><sup>2</sup>дей. Батышынан Араб деңизи, | <b type='title'>ИНДСТАН</b> – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аян­ты 2 млн <i>км</i><sup>2</sup>дей. Батышынан Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу м-н чулганат. Түндүк чеги – Инд дарыясынын дельтасы­нан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. Индстандын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери – Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийиктиги 2698 <i>м</i>ге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору Индстандын түштүк бөлү­гүндө жайгашкан. Жарым арал – байыркы, кем­брийге чейинки Инди (Индстан) платформасы­нын бир бөлүгү. Платформа, ошондой эле Инд, Ганг, Брахмапутра дарыяларынын ортоңку ж-а жогорку алап­тарын, Шри-Ланка аралын камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэк­ватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орточо температурасы 21–29°С, майдыкы 30– 40°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500–700 <i>мм</i>, тоолордун айдарым капталдарын­да 3000 <i>мм</i>ге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Не­гизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички ай­мактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыя­лардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү ж-а деңиз жээ­гиндеги ойдуңдары айдалган. | ||
чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу | |||
м-н чулганат. | |||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
08:49, 26 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДСТАН – Азиянын түштүгүндөгү жарым арал. Анда негизинен Индия жайгашкан. Аянты 2 млн км2дей. Батышынан Араб деңизи, чыгышынан Инди океанынын Бенгал булуңу м-н чулганат. Түндүк чеги – Инд дарыясынын дельтасынан Гангдын дельтасына өткөн шарттуу сызык. Жээги көбүнчө жапыз, булуң-буйткалары аз, жээк бойлой кууш аллювий түздүктөрү созулуп жатат. Индстандын ички аймактарын Декан бөксө тоосу ээлейт; анын көтөрүңкү батыш четинде Араб деңизин карай тик түшкөн Батыш Гат тоолору, чыгышында Чыгыш Гат тоолору орун алган. Эң бийик тоо массивдери – Анаймалай (Анаймуди чокусу, бийиктиги 2698 мге чейин), Нилгири, Кардамон тоолору Индстандын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Жарым арал – байыркы, кембрийге чейинки Инди (Индстан) платформасынын бир бөлүгү. Платформа, ошондой эле Инд, Ганг, Брахмапутра дарыяларынын ортоңку ж-а жогорку алаптарын, Шри-Ланка аралын камтыйт. Таш көмүр, темир, марганец кендери бар. Климаты субэкватордук, муссондук, жайы жаан-чачындуу. Январдын орточо температурасы 21–29°С, майдыкы 30– 40°С. Жылдык жаан-чачыны ички аймактарда 500–700 мм, тоолордун айдарым капталдарында 3000 ммге чейин. Дарыялары (негизгилери Нарбада, Тапти, Маханади, Годавари, Кришна) жай-күз мезгилдеринде кирип, ташкындайт. Негизинен сугатка пайдаланылат. Гат тоолорунун сырткы капталдарында нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагы күбүлмө муссон токою, ички аймактарда саванна тибиндеги өсүмдүктөр, дарыялардын дельталарында мангр токою басымдуу. Декан бөксө тоосунун көп бөлүгү ж-а деңиз жээгиндеги ойдуңдары айдалган.