КАМЧАТКА КРАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМЧА́ТКА КРАЙЫ – Россия Федерациясынын субъектиси. Россиянын Азия бөлүгүнүн эң чет­ки чыгышында, Камчатка ж. а-нда жайгашкан. Батышынан Охота, чыгышынан Беринг деңиз­дери ж-а түш.-чыгышынан Тынч океан м-н чул­ганат. Крайдын аймагына Командор ж-а Кара­гие а. да кирет. Ы. Чыгыш федерация округуна карайт. Край 2007-ж. 7-июлда Камчатка обл. м-н Коряк автономия округунун биригишинен түзүлгөн. Аянты 464,3 миң км2 (а. и. округдуку 292,6 миң км2). Калкы 347 миң (2007; округда 23,0 миң). Адм. борбору – Петропавловск-Кам­чатский. Адм.-айм. жактан 11 районго (округ­да 4), 3 шаарга, 6 шаарчага (2) бөлүнөт.
К. к-нын аткаруу органынын мамл. бийлиги­нин структурасы РФтин ж-а К. к-нын мыйза­мынын негизинде губернатор тарабынан анык­талат.
Калкынын негизин орустар (80,9%) түзөт, о. эле коряктар (2%), ительмендер (0,6), камча­далдар (0,5), эвенктер (0,5), чукчалар (0,4), алеут­тар (0,1), украиндер (5,8), беларустар (1), татар-

Старчиков аралы.

лар (1), корейлер (0,5), чуваштар (0,4), азерилер (0,4), армяндар, башкырлар, молдавандар, не­мистер жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 0,7 киши. Шаар калкы 79,6%. Ири шаар­лары: Петропавловск-Камчатский, Елизово, Ви­лючинск.
Край Азиянын эң четки түн.-чыгышында, не­гизинен Камчатка ж. а. (1/ бөлүгүнөн көбүрөөгү) м-н Коряк бөксө тоосунун чегинде жайгашкан.
Деңиз жээктери – дүйнөдөгү балыкка бай рай­ондордун бири. Экол. абалы б-ча Россиядагы эң жагымдуу край. Крайдын табигый ландшаф­ты – эң кооз. Рекреациялык ресурстары ар түрдүү. Ошондуктан аймагынын 7%и бальнео­логия ж-а туризм үчүн бөлүнгөн. Атм-рага аба­ны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусу анча көп эмес. Жалпы коргоого алынган табигый ай­магы 5,6 млн га, деңиз акватория коругу 3,8 млн га. Кроноцкий, Командор, Коряк корукта­ры, Түш.-Камчатка заказниги, 5 табият паркы, 140тан ашык табият эстеликтери бар. Крайдын коргоого алынган 5 табигый аймагы «Камчат­ка жанар тоолору» деген ат м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. К. к-нан та­былган археол. эстеликтер соңку палеолит доо­руна таандык.
Край Ы. Чыгыш экон. районуна кирет. Ө. ж. продукциясынын көлөмү а. ч. продуктусунун көлөмүнөн 5,8 эсе жогору. Деңиз биоресурста­рына (балыктын промыселдик түрлөрү, камчат­ка крабы) бай экендиги м-н башка крайлардан айырмаланат. Россияда баалуу металлдарды (ал­тын, платина) казып алуунун көлөмү б-ча да алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Экон. ак­тивдүү калкы 205 миң (а. и. 13 миңи округда;

Мутнов геотермия­лык электр станция­сы.

2006). Анын 90%и экономика жаатында эмгек­тенет. Ө. ж-нын көлөмү 23,6 млрд рубль, анын 51,5%ин (округда 28,8) өндүрүш, электр энергия­сын бөлүштүрүү, газ м-н суу түзсө, 36,5%ин (23,2%) кайра иштетүүчү ишканалар, 11,2%ин (48,0%) кен байлыктарды казып алуу түзөт.
Энергетика – крайда эң негизги тармактардын бири. ЖЭБдер (Петропавловск-Камчатскинин кубаттуулугу 395 МВт), кичи ГЭС каскаддары иштейт. Геотермиялык энергетика өнүктүрүү долбоору даярдалууда. Елизово р-нунда жылуу­лук м-н камсыз кылууда термиялык суулары пайдаланылат. Түстүү металлургия (алтын, күмүш), машина куруу (негизинен кеме курууга ж-а ремонттоого адистешкен), токой, жыгаччы­лык (негизинен жыгач беленделет; о. эле чоң форматтагы ж-а жылмаланган фанералар) ө. ж. ишканалары иштейт. Балык кармалып белен­делет (2006-ж. 350 миң T треска, 115 миң T ло­сось ж. б.). Ири ишканалары: «Океанрыбфлот», «Камчатрыбпром», «Акрос» (баары Петропав­ловск-Камчатскийде). Ири балык з-ддору иш­тейт. Сырткы соода жүгүртүүсү 201,2 млн АКШ долларын (2006;) түзөт; анын 144,0 млну экс­порттон түшөт. Негизинен балык продуктусу, кара металл экспорттолот. Машина куруу, ме­талл иштетүү, хим. ө. ж. үчүн продукциялар импорттолот. Негизги соода шериктери: Корея Респ., Япония, АКШ, Кытай.
Табигый-климаттык шартынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу а. ч. жакшы өнүккөн эмес. А. ч. продукциясынын көлөмү 4097 млн рубль. Край­дын жеринин 0,2%и гана а. ч-га жарактуу. Анын 50%ин айдоо аянты (округда 0,1%тен аз) ээлейт. Жылыткычтарда жашылча өстүрүү өнүк­көн. Картөшкө да айдалат. Бодо мал, чочко асы­ралат. Үй куштары багылат. Капаста кармалган айбанаттар, бугучулук өнүккөн. Аймактын рек­реациялык ресурстары (өчкөн ж-а аракеттеги жанар тоолор, ысык ж-а муздак минералдуу суу­лар, гейзерлер) туризмдин өнүгүүсүнө түрткү бо­лууда. Автомобиль жолунун уз. 1694 км (а. и. округда 130 км). Деңиз жолдору да өнүккөн. Негизги соода порттору: Петропавловск-Камчат­ский, Усть-Камчатск ж. б. Крайда 120дан ашык орто мектеп, 10 коллеж ж-а лицей, китепкана­лар, музейлер (а. и. этногр., саясий география, край таануу ж. б.), А. ч. ИИИ, гидрофизика, космофизика изилдөө ин-ттары, эл аралык аэро­порту бар.


Ад.: Аров В. Н. Административно-территориальное управление Камчатским краем (1691–1917 гг.) //Воп­росы истории Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007. Вып. 3; Теория и практика научных исследо­ваний в рыбохозяйственной отрасли Камчатки. Петропавловск-Камчатский, 2007; Камчатский край // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.

Р. Карачалова.