КАМПУ-ГРАНДИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КА́МПУ-ГРА́НДИ – Бразилиядагы шаар. Моту- Гросу штатынын адм. борбору. Калкы 791,2 миң (2008). К.-Г. аркылуу федерациялык үч автотрасса (Парагвай, Боливия ж-а Уругвайдын чек арасы аркылуу) өтөт. Эл аралык аэропорту бар. 1870-ж. негизделген. Носа-Сеньора-да-Абадия собору, Сан-Бенедиту чиркөөсү, ратуша ж-а ун-ттер (а. и. католик, федерация ж. б.), музейлер бар. Тамак-аш (эт ж-а аны тоңдуруп сактоо), курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Шаарга жакын эл аралык маанидеги автодром ж-а картодром бар. К.-Г-ден Пантаналга (коргоого алынган табигый аймак; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир нече туристтик маршрут кетет.