КАМПАНЕЛЛА: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМПАНЕ́ЛЛА Томмазо (5. 9. 1568, Италия, Стило – 21. 5. 1639, Париж) – итал. философ ж-а акын, саясий ишмер, коммунисттик утопияны түзүүчү; доминикандык кечил. «Туюмдар менен далилденген философиясында» Б. Телезионун натурфилос. көз карашын жактаган; бир нече ирет теоретик катары айыпталган. 1598–99-ж. Калабрияда испаниялык үстөмдүккө каршы активдүү катышкандыгы үчүн камалып, 27 жылдай түрмөдө отурган ж-а философия, саясат, астрономия, медицина б-ча ондогон чыгармаларды жазган. «Күн шаары» аттуу эмгеги деңиз саякатчысынын аңгемеси түрүндө жазылып, анда окумуштуу-жрецтер кастасы башкарган, жеке менчик, үй-бүлө жоюлуп, балдарды мамлекет тарабынан тарбиялап, илим ж-а агартуу өнүккөн идеалдык коомду сүрөттөгөн. Ал – лирикалык ырлардын, канцондордун, мадригалдардын, сонеттердин да автору.