КАМПА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМПА – дан эгиндери же башка азык-түлүк, буюм-тайым сакталуучу атайын имарат. К-нын ичи бир нече бөлмөлөргө бөлүнүп, анда буудай, арпа, жүгөрү ж. б. эгин өзүнчө сакталат. Көбүнчө дан эгиндеринин бир түрү (буудай же арпа ж. б.) сакталуучу К-лар (ичи бөлүнбөгөн) көп пайда­ланылат. К-да а. ч. шаймандары, химикаттар да өзүнчө сакталат. Азыр «К.» түшүнүгү кеңе­йип, сакталуучу азык-түлүк түрүнө жараша дан сактагыч, картөшкө сактагыч, жашылча сак­тагычтар ж. б. пайда болду.