КАМЕРУН (Борбордук Африкадагы мамлекет): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМЕРУ́Н , К а м е р у н Р е с п у б л и к а с ы – Борб. Африкадагы мамлекет.

Түн.-батышынан Нигерия, түн.-чыгышынан Чад, чыгышынан Борб. Африка Респ., түштүгүнөн Конго Респ.,
Габон, Экватордук Гвинея өлкөлөрү м-н чектешет. Батышынан Бонни булуңу (Атлантика океанындагы Гвинея булуңунун бир бөлүгү) м-н
чулганат; жээк сызыгынын уз. 402 км. Аянты 465 миң км2. Калкы 19 млн (2008). Борбору – Яунде. Расмий тилдери – француз ж-а англис тилдери. Акча бирдиги – КФА франкы. Адм.-
айм. жактан 10 провинцияга бөлүнөт (к. таблицаны).
К. – БУУга (1960), Африка союзуна (1963),
ЭВФке (1963), Эл аралык реконструкция ж-а
өнүгүү банкына (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995), Шериктештикке (1995) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К – унитардык мамлекет. К-дун Конституциясы 1972-ж. 2-июнда
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) | |||
| Провинция | Аянты, миң км2 | Калкы, миң | Адм. борбору |
| Адамава | 63,7 | 897 | Нгаундере |
| Батыш | 13,9 | 2427,0 | Бафусам |
| Борбордук | 68,9 | 2991,8 | Яунде |
| Жээк | 20,2 | 2454,1 | Дуала |
| Түндүк | 65,6 | 1509,5 | Гаруа |
| Түндүк-Батыш | 17,8 | 2241,3 | Баменда |
| Түштүк | 47,1 | 677,1 | Эболова |
| Түштүк-Батыш | 24,5 | 1518,0 | Буэа |
| Четки түндүк | 34,2 | 3361,5 | Маруа |
| Чыгыш | 109,0 | 936,9 | Бертуа |
референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 7 жылдык
мөөнөткө шайланган президент. Ал куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат ж-а премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, сотторду, провинция губернаторлорун дайындайт.
Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – кош палаталуу парламент. Төмөнкү палатасы – Улуттук чогулуш (180 депутаттан турат, 5 жылга шайланат). Жогорку палатасы – Сенат (100 сенатордун 30ун президент дайындайт, 70и кыйыр шайлоо жолу м-н шайланат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген өкмөт. Өкмөт кабинетинин мүчөлөрү Премьер-министрдин сунушу м-н президент тарабынан дайындалат. Өкмөт парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. К-да көп партиялуу система орун алган. Негизги партиялары: К. элинин демокр. биримдиги (КЭДБ), Социал-демокр. фронт (СДФ), Прогресс ж-а демокр. үчүн улуттук союз, К. демокр. союзу.
Табияты
. Бонни булуңун жээктей жазылыгы 130 кмге жеткен аккумуляциялык ойдуң созулуп жатат; ал Камерун жанартоо массиви (бийикт. 4100 м, өлкөнүн эң бийик жери) м-н бөлүнгөн. Ойдуңдан К-дун басымдуу бөлүгүн ээлеген денудациялык цоколдук бөксө тоо тепкичтенип көтөрүлөт. Түш. бөлүгүнө (Түш. Камерун бөксө тоосу) бир аз күдүрлүү рельеф мүнөздүү, орт. бийикт. 600–900 м. Борб. бөлүгүндө бийикт. 2460 мге жеткен Адамава тоолору (Чабаль-Мбабо чокусу) жайгашкан; ал тектон. жаракалар м-н чектешип, жаш лава катмалары ж-а өчкөн жанар тоолордун конустары м-н та-

таалданган; анын түндүгүндө жапыз (орт. бийикт. 800–1000 м) Мандара тоолору жатат. Адамава ж-а Мандара тоолорунун аралыгында катмарланган көтөрүңкү түздүк жайгашкан; ал аркылуу Бенуэ д. агат. Өлкөнүн четки түндүгүн Чад ойдуңунун көл-аллювийлүү жайпак түздүгү ээлейт. Анын бийикт 300 мдей, жамгырлуу сезондо суу каптап калат. К-дун басымдуу бөлүгү
Африка платформасынын калканында жайгашкан. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү табигый газ (негизинен шельфтен казылып алынат), боксит, алтын, латериттик кобальт-никель-марганецтүү кенташ, темир, уран, титан ж. б. К-дун аймагы экватордук ж-а субэкватордук климаттык алкактарда жайгашкан. Түштүгүнө дайыма нымдуу экватордук климат мүнөздүү; эң жылуу айынын (февраль же март) орт. темп-

расы 24–28°С, эң суугунуку (июль же август) 22– 24°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү ички аймактарында 1500–2000 мм, жээктеринде 3000 мм;
Камерун массивинин батыш ж-а түш.-батыш капталдарында 9655 ммге чейин (Дебунжа), Африканын эң нымдуу жери. Жээгинде (Дуала
ш-нда) эң аз жаан-чачын декабрь–февралда, эң
көп жаан-чачын (айына 800 ммге чейин) августта жаайт. Түш. бөлүгүнүн ички аймактарына (Яунде ш.) жаан-чачындын эки жолку максимуму (март–июнь ж-а сентябрь–ноябрь) мүнөздүү. Өлкөнүн түн. ж-а борб. бөлүктөрүнүн климаты субэкватордук, жайы жаанчыл, кышы кургакчыл. Кургакчыл мезгилинин узактыгы түштүктөн түндүктү карай 4төн 7 айга чейин өсөт.
Айлык орт темп-расы борб. бөлүгүндө 20–21°Сден
(декабрь–январь) 22–24°Сге (апрель–май),
түздүктөрүндө ирети м-н 26°Сден 32–36°Сге чейин. Жаан-чачындын өлчөмү Чад көлүнүн тегерегинде 500 ммден аз, кээде кургакчылык да болот.
Дарыялары жыш ж-а суусу мол. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү Атлантика океанынын, түн. чети ж-а түн.-чыгышы ички суу алаптарына кирет. Бонни булуңуна К-дун түш.-батыш ж-а борб. бөлүктөрү аркылуу Санага, Ньонг, Нтем, Вури ж. б. дарыялар агат. Түш.-чыгыш бөлүгүнүн суулары Санга д-нын түзүмүнө (Конгонун алабы) кирет. Адамава тоолорунан башталган Бенуэ д. Конгонун негизги куймасы болуп саналат. Логон, Шари, Дорма д. Чад көлүнө куят. ГЭСтер, суу сактагычтар бар.
Түш. бөлүгүнө кызыл-сары ферралит, борб. бөлүгүнө кызыл ферралит ж-а феррозем топурактары мүнөздүү. Чад көлүнүн ойдуңунда гидроморфтуу ж-а шор топурактар басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 1/
бөлүгүн токой ж-а сейрек токой ээлейт. Түш. Камерун бөксө тоосунда нымдуу, дайыма жашыл экватор токою таралган; анда акажу, азобе – темир дарак, эбен дарагы
ж. б. баалуу дарактар арбын. Камерун массивинин капталдарына дайыма жашыл токой, 3000 м бийиктен жогору тоо шалбаасы мүнөздүү.
Өлкөнүн борб. бөлүгүн жалбырагын күбүүчү дайыма жашыл токой, сейрек токой ж-а саванна ээлейт. Бенуэ түздүгүндө накта саванна, Чад көлүнүн ойдуңунда чөлдөшкөн саванна басымдуу. Жээктей мангр токою өсөт. Өлкөнүн экол. негизги проблемаларынын бири – токойдун тез кыйылып жатышы; себеби андан коммерциялык жыгач даярдоо (жашыруун дагы), о. эле токойду кыйып, а. ч. өсүмдүктөрүн (какао, май пальмасы, банан ж. б.) өстүрүү үчүн жер бошотуу.
Флорасынын курамында түтүктүү өсүмдүктөрдүн 9000ден ашык түрү бар; Камерун жанартоо массивинин дайыма жашыл тоо токою ж-а
өлкөнүн түштүгүндөгү дайыма жашыл нымдуу
экватор токою эндемизми м-н өзгөчөлөнөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 300дөн ашык (анын 42 түрү жоголуу алдында), куштардын 1000дей (18 түрү жоголуу алдында), сойлоочулардын 200дөй түрү белгилүү. Токойлору айрыкча приматтары (горилла, шимпанзе, Преусс колобусу ж. б.) м-н
өзгөчөлөнөт; о. эле африка пили, бегемот, токой антилопалары ж. б. мекендейт. Саванналарда туяктуулар (африка жанышы, кара керик, жираф, антилопалардын түрлөрү) көп; жырткычтардан арстан, кабылан кездешет; орнитофаунасына чоң куштар (африка страусу, марабу, тоодактар) мүнөздүү. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн аянтынын 15%ин ээлейт; бирок алар расмий статус алганы м-н алардагы

өсүмдүктөр ж-а жаныбарлар дүйнөсү көп учурда жоголуу коркунучуна кабылат. Коргоого алынган эң ири аймактар: Бенуэ, Буба-Нжида, Ваза, Кампо, Фаро, Коруп улуттук парктары, Бафиа, Жа, Дуала-Эдея резерваттары. Жа фауналык резерваты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкы
. К-дун калкынын көбү (74,7%и) нигер-конго тилдеринде сүйлөгөндөр: бантоид тилдериндегилер – 63,2% (а. и. банту, бамилеке,
яунде, булу, баса, бамум, видекум ж. б.); адамава-убанги тилиндегилер – 4,1% (түндүгүндө), банги тобу – 2%ке чейин (түштүгүндө), фульбелер – 7,4% (негизинен түндүгүндө). Түндүгүндө
о. эле чад тилдеринде (10,9%), нил-сахара тилдеринде сүйлөгөн элдер (0,7%) жашайт. К. креолдору 11,5%ти түзөт; о. эле француз (0,2%) ж. б. да бар. Калкынын табигый өсүүсү 2% (2008). Төрөлүү (1000 тургунга 35 бала) өлүм-житимден
(1000 тургунга 12,4 адам) дээрлик 2 эсеге ашык.
Калктын курактык түзүмү: 15 жашка чейинки балдар – 41,1%, 15–64 жаштагылар – 55,7%,
6

5 жаштан өткөндөр –
3,2%. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 53 жаш (эркектердики 52, аялдардыкы 54 жаш). Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 41 адам. Шаар
калкы – 40%тен ашык.
Ири шаарлары: Дуала (калкы 1978,7 миң), Яунде (1676,6 миң), Гаруа (519 миң), Баменда (485,8 миң), Маруа (394,6 миң), Бафусам (347,5 миң), Нгаундере (282,5 миң), Бертуа (265,3
миң). Калкынын 40–63%и
христиандар, анын 23–
35%и к ат олик тер, 17–
28%и түрдүү протестант (англикандар, баптисттер,
пресвитиандар), 0,2–0,5%и
пра восл авныйлар ; 20–
35%и мусулман-сүннөттөр; 22–40%и жерг. диндерди
тутунгандар.
Тарыхы
. Маруа, Яунде, Окола, Ягуа аймактарынан табылган таш доорунун эстеликтери К-да адам эзелтен эле жашагандыгын айгинелейт. Байыркы калкы – пигмейлер. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, балык уулоочулук, аңчылык м-н кесиптенишкен. Б. з. ч. 1-миң жыл дык т ын орт ос у нан Түн. К. аймагында (Логона м-н Шари д-нын ортосундагы аймак) сао мад-ты өнүккөн. 16-к-да бул жерде Макари, Афаде, Гульфей, Кауфе, Логон-Бирни шаар-княздыктары пайда болгон. 17- к-да Борнуга көз каранды Мандара феодалдык султандыгы түзүлгөн. 18-к-да негизинен К-дун түн. аймактарында ислам дини пайда болгон. 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында көчмөн фульбелер Мандара султандыгын басып алып, Түн. ж-а Борб. К-га ламидаттардын бир катар феодалдык мусулман княздыктарын негиздеген. 18-к-дын башында Борб. К-да пайда болгон Банум (Бамум) уюмунун башчылары К-дун түш. аймактарына фульбелердин кирүүсүн токтоткон. 18-к-да Банумдун түш.-батышында Бамилеке мамлекети түзүлгөн. 1472-ж. Руя ди Сикейра жетектеген португалиялык моряктар жээкке түшүшкөн. 16-к-дын аягында нидерланддар, 18- к-дын башында британиялык, фр., германиялык соодагерлер ж-а миссионерлер К-га келе баштаган. Европалыктардын соода далдалчылары дуала уруулары (17-к-дын башында Атлантика жээктерине көчүп келген) болгон. К-дан Америкага кул, Европага пил сөөгү, пальма майы жөнөтүлүп, ордуна арак, тамеки, текстиль, от атма куралдар ж. б. алынып келген. Дуала урууларынын мамлекети европалыктар м-н жүргүзүлгөн сооданын негизинде өнүккөн. 1884-ж. герман өкмөтүнүн эмиссары Г. Нахтигаль Дуаланын уруу башчыларына 30 жылдык протекторат ж-дөгү келишим таңуулаган. К-дагы германиялык колониянын чек арасы Улуу Британия (1885, 1886, 1893) ж-а Франция (1885, 1894, 1911) м-н түзүлгөн келишимдер б-ча белгиленген. 1916-ж. февралда биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде К-ду Англия-Франция армиясы басып алып, мартта өз ара бөлүшүп алган. Версаль тынчтык келишими (1919) б-ча Германия К-дагы өзүнүн ээликтеринен айрылган. 1922-ж. июлда Улуттар Лигасы Чыгыш К-ду Францияга, Батышын Улуу Британияга берген. 1924-ж. Батыш К. британдык Нигерия колониясына кошулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин (1946) К-дун эки бөлүгүндө мандаттык режим БУУнун опекасындагы аймак статусу м-н алмашылган. 1940-жылдардын экинчи жарымында Чыгыш ж-а Батыш К-да биригүү ж-а көз каранды эместик үчүн кыймыл күч алган. Аны Чыгыш К-да 1948-ж. негизделген К. элдеринин союзу (КЭС) жетектеп, Франция өкмөтүнүн ага тыюу салганына (1955) карабастан, колониялык бийликке каршы партизандык согуш жүргүзгөн. 1957-ж. француз өкмөтү Чыгыш К-га «опекадагы автономиялуу аймак» статусун ыйгарган. Батыш К-да К. улуттук федерациясы (1949) ж-а К. бириккен улуттук конгресси (1951) көз карандысыздык үчүн күрөшүп, 1953-ж. К. улуттук конгресси партиясына бириккен. 1954-ж. Түш. К. британдык Нигерия курамындагы автономиялуу район статусуна ээ болгон. 1959-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясы Чыгыш К-га көз карандысыздык берүү чечимин жарыялаган. 1960-ж. 1-январда К. Респ. түзүлүп, БУУга мүчө болгон. Нигерия 1960-ж. октябрда көз карандысыз деп жарыялангандан кийин 1961-ж. февралда Батыш К-да өткөрүлгөн плебисциттин натыйжасында Түн. К. Нигерия Федерациясына кошулууну, Түш. К. К. Респ-на биригүүнү каалаган. 1961-ж. 1-октябрда курамына К. Респ. (Чыгыш К.) ж-а Батыш К. кирген (мурдагы Түш. К.) К. Федерация Респ. (КФР) түзүлүп, К. союзунун (КС, 1958-ж. негизделген) лидери Ахмаду Ахижо президент ж-а федералдык өкмөттүн башчысы болгон. 1972-ж. 20-майдагы референдумда КФР Бирдиктүү К. Респ. (БКР) болуп кайра түзүлгөн. 1982-ж. А. Ахижо отставкага кетип, ордуна П. Бийя келген. 1984-ж. 25-январда өлкө К. Респ. деп аталган. 1990-ж. К-да көп партиялуу система киргизилген. Өлкөдөгү президенттик шайлоолордо (1992, 1997, 2004) П. Бийя кайрадан президент болуп шайланган.
Чарбасы
. К. Африкадагы экон. өнүгүүсү турукташып калган өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллардан туура келет (2007). ИДПнин реалдуу өсүүсү 3,2% (2007). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,532 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 144-орунда). ИДП-нин структурасында айыл, токой ж-а балык чарбаларынын үлүшү 44,3%, тейлөө чөйрөсүнүкү 39,8%, ө. ж-ныкы 15,9%. Кен байлыктары кыйла арбын болгону м-н алар дээрлик пайдаланылбайт. Эң маанилүүсү нефть (ИДПнин 8% тейи, товардык эк спорт тун нарк ынын 30%и); ал негизинен Атлантика океанынын шельфинен сордуруп алынат. Нефть ылгоочу
жалгыз з-ду – Лимбе ш-нда (кубаттуулугу суткасына 45 баррель). 2004-ж. уз. 1000 кмдей болгон К. – Чад нефть кууру иштей баштаган. Түстүү металлургиянын башкы тармагы – алюминий
ө. ж. (негизинен импорттук сырьё м-н иштейт). Түн.-Батыш провинциясында боксит кени казып алынууда. Алюминий эритүү з-ддору негизинен Гвинеянын бокситинде иштейт. 2006-ж. 87 миң T уютулган алюминий өндүрүлгөн. Чектелүү өлчөмдө алтын ж-а алмаз казылып алынат. 2005-ж. 4,09 млрд кВт.с электр энергиясы
өндүрүлгөн; керектелгени 3,4 млрд кВт.с. Иштеп жаткан электр станцияларынын жалпы
кубаттуулугу 933 МВт, анын 77%и ГЭСке, 23%и ЖЭСке таандык. Ири ГЭСтери Санага д-на, ири ЖЭС Гаруа ш-на жакын курулган. Негизги индустриялуу зоналар Жээк (Дуала) ж-а Борб. (Яунде) провинцияларында калыптанган.
Башкы ө. ж. тармактарынын бири – тамакаш ө. ж. ишканалары а. ч. сырьёлорун иштетет, о. эле суусундук, пиво, өсүмдүк (пахта, пальма, күнжүт, жер жаңгак, какао) майларын, кант, ун, чай чыгарып, балык ж-а деңиз продуктуларын иштетет. Текстиль ө. ж. мурдатан эле
өнүккөн (импорттук синтездик сырьё ж-а жерг. пахта пайдаланылат). Жип ийрип-токуучу комбинат, булгаары ж-а булгаары-бут кийим, тамеки, хим. продукцияларды, минералдык жер семирткич, самын, кир жуугуч айна чыгаруучу, каучукту алгачкы иштетүү ишканалар бар. Металл иштетүүчү, автомобиль жыйноочу, велосипед, моторлуу велосипед, тиричилик электроникасын, радиоаппаратура ж. б. чыгаруучу ишканалары иштейт.
Тропиктик баалуу дарактарды (сапеле, азобе, акажу, сипо, дусье, обече, иломбо ж. б.) даярдайт. Токойду мыйзамсыз кыюудан өлкө жылына 5,4 млн доллар зыян тартат. 2004-ж. 11 млн м3 жыгач даярдалган. Анын 60%ке жакыны экспортко, негизинен Европа Союзунун
өлкөлөрүнө чыгарылат. Курулуш материалдарын даярдоочу ишканалары жерг. табигый курулуш сырьёлорун (акиташ теги, чопо, мергель, гипс, квацтуу кум) пайдаланат. Майда кол

өнөрчүлүк (жыгачты ж-а пил сөөгүн оймо-чиймелеп кооздоо, карапа өндүрүшү, саймачылык)
өнүккөн.
А. ч-нда майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо жер өлкөнүн 13% аянтын ээлейт. Негизги экспорттук өсүмдүгү – какао (2005-ж. 180 миң
T какао даны даярдалган; дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт). Какао эгилген жердин жалпы аянты 400 миң га. О. эле бал камыш, банан, пахта, кофе, май пальмасынын экспорттук мааниси бар. Негизги азык-түлүк
өсүмдүктөрү: плантейн, кассава, таро, жүгөрү,
ак жүгөрү, ямс; о. эле жашылча, мөмө-жемиш, гевея, чай, жер жаңгак, күнжүт, тамеки ж. б.
өстүрүлөт. Мал чарбасы цеце чымынынын чагуусунан ж. б. тропиктик оорулардан пайда болгон трипаносомоз ылаңынын кеңири таралышына байланыштуу анча өнүккөн эмес. Шаарлардын чет-жакаларында чочко ж-а куш чарбалары тез өнүгүүдө. 2004-ж. 5600 миң бодо мал, 4400 миң эчки, 3800 миң кой, 1350 миң чочко, 17 миң жылкы, 31 млн үй кушу болгон. Жылына 108 миң T балык кармалат.
Транспорт тармагы начар өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. 50 миң км, т. ж-унуку 1 миң км; негизги магистралы – Транскамерун т. ж. (885 км) Дуала – Нгаундере ш-н туташтырат.
Ири деңиз порттору: Дуала-Бонабери, Лимбе, Криби. Деңиз транспорту аркылуу сырткы соода жүгүнүн 95%тен ашыгы ташылат. Негизги
ички деңиз жолу – Бенуэ д. (жаан катуу жааганда кеме жүрүү чектелет). Өлкөдө 45 аэропорт
бар; эл аралык аэропорттору Яунде, Гаруа, Дуала ш-нда жайгашкан. Нефть куурунун уз. 1107 км, газ куурунуку 70 км.
Экспортко нефть ж-а нефть продуктуларын, алюминий, жыгач, какао даны, кофе, пахта чыгарат; негизги кардарлары: Испания, Италия, Франция, Түш. Корея, Нидерланд, АКШ, Бельгия. Транспорт каражаттарын, машина ж-а жабдууларды, азык-түлүк, отун, хим. жер семирткич, керектелчү товарларды Франция, Нигерия, Кытай, Бельгия, АКШдан сатып алат.
Маданияты
. К-да окуу жайларын башкаруу Жогорку билим берүү министрлиги, Жаштарга тех. билим берүүнүн мамл. секретариаты, Улуттук билим берүү министрлиги тарабынан ишке ашырылат. К-да билим берүүнүн эки системасы түзүлгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүнө британдык,
чыгышына фр. система киргизилип, окутуу К-дун батышында англис тилинде, чыгыш бөлүгүндө француз тилинде жүргүзүлөт. Өлкөдө мамл. ж-а конфессиялык (католиктик) мектептер, 7 жылдык кесиптик-тех. лицейлер бар. 15 жаштан жогорку курактагы калктын сабаттуулугу 59,2%ти түзөт. 30дан ашык ЖОЖ (ун-т, ин-т ж-а жогорку мектептер) иштейт. Яунде католик ун-ти ж. б. Яундеде Улуттук архив (1952), Улуттук китепкана (1966) ж. б., Яунде, Фумбан ж-а Жангда Камерун иск-во музейлери, Бамендада Эл аралык музей ж-а Акум (1948) китепканасы ж. б. жайгашкан.
К-да 1960-жылдан француз ж-а англис тилдеринде өкмөттүк гезит-журналдар чыгат. 1978- жылдан «CamNews» маалымат агенттиги, 1955- жылдан радио уктуруулар, 1986-жылдан телекөрсөтүүлөр иштейт. Аны англис, француз, араб ж-а жерг. тилдерде «Cameroon Radio Television» (CRTV) мамл. компаниясы ишке ашырат.
К. элинин фольклору бай. К-дун ад-ты негизинен француз ж-а англис тилдеринде өнүккөн.
1950–60-жылдары К. ад-тында Монго Бетинин,
Ф. Ойононун социалдык-турмуштук чыгармалары, повесттери ж-а романдары, көз карандысыздык үчүн күрөш мезгилинде элдик ыр салттарынан башат алган поэзия (Хаж аль-Мукрана, Э. Эпанья-Йондо) жаралып, 21-к-дын башында П. Монгонун, Монго Бетинин романдары кеңири белгилүү болгон. 1950–60-жылдардын че-


гинде китеп басуу иши өнүгө баштаган. 1966-ж. жазуучулар ж-а акындар ассоциациясы түзүлгөн.
Шари ж-а Логон д-нын жээктеринде – өлкөнүн
түндүгүндө К. элинин байыркы арх-ралык эстеликтери сакталган. К-да музгу элинин жалаң
чоподон тургузулган көмөргөн идиш сымал тамы
башкалардыкынан өзгөчө. 19-к-да шаарлар (Яунде ж. б.) пайда болуп, европ. типтеги имараттар курулган. Жыгачка оюу түшүрүү, карапа жасоо, коло куюу, сайма өнөрү кеңири тараган. Улуттук иск-вонун гүлдөшүнө орчундуу салым кошкон живописчилер м-н скульпторлор: Абоссоло, Кенфак, Мпандо, кийинчерээк Момбе Массанга, Г. Муафо, Исам Канко ж. б.
К. элдеринде (фульбе, хаус, пигмей ж. б.) байыртадан салттуу муз. мад-ты болуп, өлкөнүн түн.-чыгыш райондорунда сакталып калган. Алар флейта, барабан, труба сыяктуу ж. б. муз. аспаптарды колдонушкан. 19-к-дын аягынан Дуала, Яунде ш-нда мад-т калыптана баштап, батыш тибиндеги бий оркестрлери (аккордеон, гитара, банжо, саксофон, контрабас) ж-а аскер
үйлөмө аспап оркестрлери пайда болгон. 20-кдын ортосунда К-дун бий ж-а музыкасына латын амер. мад-ттын таасири тийген. 19-к-дын аягында К. салттуу музыкасын изилдөө (немис ж-а француз музыка таануучулары, камерундук музыка таануучу Э. Мохаммаду, австриялык окумуштуу Г. Кубик) иштери жүргүзүлгөн. 1972-ж. К. композиторлор ж-а музыканттар уюму негизделип, салттуу музыка фестивалдары өткөрүлөт.
19-к-дын аягы – 20-к-дын башында француз
миссионерлеринин таасири м-н К. драматургиясы өнүгө баштаган: Ф. Тонго Дибунду, К. Кведи, А. Ндумбе Мусинги ж. б-дын пьесалары дин майрамдарында көрүүчүлөргө тартууланган. 1955-ж. Яундеде С. Авон жетектеген К. Жаш артисттеринин ассоциациясы түзүлүп, «Эбутанын үйлөнүшү», «Жумушсуз» пьесалары коюлган. 1961-ж. Дуалада К. элдик театры (жетекчиси Боэ-а-Аманга), 1974-ж. Улуттук театр негизделген. 1970–2000-ж. К. белгилүү драматургдары: П. Ндеди Пенда, П. Ассенг, П. Монго, Ж. Дохо, В. Эпи Нгоме, режиссёрлору: Э. Кеки
Маньо, А. Банг. Учурда Дуалада «Жашыл театр», Э. Пендин «Көчмө театры», «Дуал арт» маданий борбору иштейт.
1960-ж. чейин К-да чет элдик режиссёрлор (а. и. француз режиссёру Ж. Ж. Жене) кино тартышкан. К. кинематографтарынын этногр. мүнөздөгү
алгачкы иштери – Т. Сити-Белланын «Ошол жакта Парижде» (1963), Ж. П. Нгассанын «Бамбиликенин чоң үйү» (1966) ж. б. Маалымат министрлигинин алдында кино иштери б-ча бөлүм (1966) ж-а кино өндүрүштүн финансылык фонду (1973) түзүлгөндөн К. улуттук кино иск-восу өнүгө баштаган. Көптөгөн кинематографисттер чет өлкөдөн (Франция ж. б.) атайын билим алышкан. Белгилүү кинорежиссёрлору: Ж. П. Диконг-Пипа, Д. Камва, Ж. П. Беколо ж. б.
Ад.: Африка. Энциклопедический справочник. Т. 1.
М., 1986; Многоликий мир африканского кино. М., 1993; Соколов А. Г. Республика Камерун. Справочник. М., 1996; 1000 футболистов. М., 2007; Камерун // Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.