КАМЕНСК-УРАЛЬСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КА́МЕНСК-УРА́ЛЬСКИЙ – Россиядагы шаар.
Свердлов обл-нда. Ортоңку Уралдын түш.-чыгыш капталында, Каменка д. Исеть д-на куя бериште жайгашкан. Калкы 181,6 миң (2007). Т. ж. бекети. Екатеринбург ш. м-н автомобиль жолу аркылуу байланышат. 1682-ж. пайда болгон. 1935-жылдан шаар. 1940-жылдан азыркыдай аталат. Шаар – облустун ири ө. ж. борбору.
Алюминий түтүктөрүн жасоочу, электр-мех. ж. б. з-ддор, түстүү металлургия өндүрүшү үчүн жабдуу, жеңил, курулуш материалдар ө. ж. ишканалары иштейт. Ыйык Троица собору (1790–
1808), Преображение ж. б. чиркөөлөрү сакталган. 2001-ж. Александр-Невский саат мунарасы курулган. Ондон ашык ЖОЖ (а. и. филиалдар,
өкүлчүлүктөр), китепканалар, музейлер (а. и. край таануу, геол. ж. б.), театрлар, Красногорск ЖЭБ бар.