КАМАШЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАМАШЕВ Билаш (25. 3. 1927, Чүй р-ну, Чым- Коргон кыш. – 9. 5. 1990, Бишкек) – геолог, Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1980). Моск­ва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1951). «¹ 14 Почтовый ящик» объектисинде геолог, улук инженер, башкы геолог (1951–60), Кыргыз геол. башкармалыгында геол. текшерүү бөлүмүнүн начальниги (1960–69), Түн. Кырг-н геол. экспе­дициясында чалгындоо иштери б-ча улук гео­лог (1969–73), Кыргыз ССР геол. башкармалы­гында, Кыргыз геол. өндүрүштүк бирикмесинде бөлүмдүн начальниги (1973–87). Кырг-ндагы сей­рек кездешүүчү металлдардын кендерин, металл эмес кен байлыктарды издөө, геол. чалгындоо иштерин уюштуруу, геол. жактан контролдоо б-ча эмгектенген. «Ардак белгиси» ордени м-н сыйланган.