КАМАР АД-ДИН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАМАР АД-ДИН (т. ж. б. – 1390, Кул-и Качур, Моголстан) – Моголстан эмири (1368–90). Дуулат уруусунан. Мухаммед Хайдардын эмгегинде түпкү теги эмир Байдагандан тараганы айтылат. Кийинки аталары Ордоби (Уртуби) болуп, Чагатай ага Кашкарды энчилегендиктен, алардын тукуму Кашкарды бийлеп келген. Туглук Тимурду Моголстанга хан (1347–62) көтөргөн К. а.-Д-дин агасы Пулатчи (Буладжи) эмир болгон. Пулатчи өлгөндө Туглук Тимур анын баласы, 7 жашар Худайдадга улусбеги наамын берген. К. а.-Д. ага таарынып калып, Туглук Тимур өлгөндөн кийин такка анын уулу Иляс (Илйас) кожону отургузган. Бирок 1363-ж. козголоң чыгарып, бир күндүн ичинде Иляс кожо м-н кошо такка ээ болууга укугу бар ондон ашык мураскорду өлтүргөн. Натыйжада Иле, Чүй сууларынын аралыгы ж-а Ысык-Көл айланасы анын кол алдында калган. Темир («Аксак Темир») бир нече жолу (1375–78, 1383) К. а.-Д-ге каршы жүрүш жасап, бирок ээлигин карата алган эмес. 1380-ж. К. а.-Д. Тимурга каршы туруу ж-а көз карандысыз улус түзүү максатында Алтын ордонун ханы Токтомуш м-н союз (аларга Инга төрө ж-а Хызр кожо да кошулган) түзгөн, бирок максаты ишке ашкан эмес.
Ад.: Бартольд В. В. Дуглат. Соч. Т. 5. М., 1968;
Пищулина К. А. Юго-Восточный Казахстан в середине XIV – начале XVI в. А-А., 1977; Караев О.
Чагатайский улус. Государство Хайду. Могулистан. Б., 1995; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А. , 1 999 ; М ате риалы п о истории кыргы зов и Кыргызстана. Т. 1, Б., 2000.
Т. Асанов.