КАЛЬЯРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛЬЯ́РИ – Италиядагы шаар. Сардиния а-нын башкы экон. ж-а маданий борбору. Сардиния обл-нун ж-а Кальяри р-нунун адм. борбору. Сар­диния а-нын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 154,1 миң (2008; шаар айланасы м-н 380 миң). Жер Ортолук деңизинин Кальяри булуңундагы порт (жылына 4,6 млн r жүк ташылат). Аэро­порту бар. Финикиялыктар тарабынан б. з. ч. 7-к-да негизделген. Шаардын эски бөлүгү арал­дын деңиз жак жээгиндеги дөңсөөлөрдө жай­гашып, о. кылымдын сепилдери, дубалдар ж-а мунаралар м-н курчалган. Амфитеатр (б. з. ч. 1-к. – б. з. 1-к.; бул жерде жайында опера спек­таклдери өткөрүлөт), Ыйыктар Косма ж-а Да­миан (же Ыйык Сатурнин, 5–7-к., К-деги эң ба­йыркы храм) ж-а Ыйык Эфизио (5-к.) чир­көөлөрү, Санта-Мария-Ассунта (13–14-к.) собо­ру, палаццо ж. б. сакталган. Ун-т, астр. обсер­ватория, мамл. архив, китепканалар, улуттук пинакотека, музейлер, сүрөт гал., опера театры бар. Машина куруу, металл иштетүү, электр­тех., жыгаччылык, текстиль, тамак-аш ж-а та­меки ө. ж. ишканалары иштейт. Ботан. бак уюштурулган. Шаардын экономикасын тейлөө чөйрөсү түзөт. Жыл сайын күндөлүк керектелүүчү товарлардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Туризм (яхтинг, дайвинг) өнүккөн.