КАЛЬМАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КА́ЛЬМАН Имре (24. 10. 1882, Шиофок, Авст­рия-Венгрия – 30. 10. 1953, Париж) – венгрия­лык ж-а австриялык композитор ж-а дирижёр. 1900–04-ж. Будапешт ун-тинин юридика ф-тин­де, ошол эле жылдары муз. академияда Х. Кёс­лерден окуган. 1904–08-ж. «Pesti Naplo» гези­тинде ж-а драма театрда муз. сынчы болуп иш­теген. Жаңы Вена опереттасын түзүүчүлөрдүн бири. Тунгуч опереттасы – «Күзгү манёврлар» (1908). Белгилүү оперетталары: «Чардаш коро­левасы» («Сильва», 1915), «Баядера» (1921), «Марица» (1924), «Цирк ханышасы», «Марин­ка» (1945) ж. б. Ал 20 оперетта жазган. Оперет­тага венгр муз. фольклорун алгач колдонгон, аны демократташтырган. 1938-ж. эмиграцияга Швейцарияга кетип, 1940-жылдан АКШда, 1948- жылдан Францияда жашаган. Оперетталары дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө коюлуп келет.