КАЛПАКОВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛПАКОВ Байсерке (1882, Ысык-Көл обл., Тоң р-ну – 1941, Россия, Урал) – драматург, акын. 1910–11-ж. медреседен окуп, кийин ошол эле жерде мугалим болгон. К. 1918-жылдан «Тилчи», «Көмөк», «Кембагалдар авазы», «Эркин- Тоо» гезиттеринде иштеген. «Талап» адабий ийриминин мүчөсү катары контррев-ялык иштерди жүргүзгөн деген саясий күнөө коюлуп айдалган. Кол жазмалары сакталган эмес. Басма сөз беттерине жарыяланган ырлары, макалалары, фельетондору: «Биздин журт», «Май майрамы», «Акмат менен Байгана», «Кайгы күн – 21-январь», «Сагынам», «8-март». Булардын ичинен «Акмат менен Байгана», «Сагынам», «Май майрамы» деген ырлары кыргыз акындарынын 1927-ж. Москвадан чыккан «Кызыл гүл» деген ыр жыйнакка кирген. К-дун ад-ттагы жашырын аты «Шоокум», сатираларын «Чанчуур» деген ат м-н жарыялап турган. Эл арасында «Байсерке чечен» деген ат м-н кеңири белгилүү болгон. К. ад-т майданында ар түрдүү жанрда иштеген. 1957-ж. 31-июлда акталган.