КАЛПАК БААТЫР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛПАК БААТЫР Стамбек уулу (болжол м-н 1805-, 1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант ш-на жакын) – казактар м-н согушта (к. Кене­сарынын чапкыны) эрдик көрсөткөн баатырлар­дын бири. Казактар келип, капысынан Калпак­тын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабыл­дар м-н казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, кыз-келиндердин шуру­мончокторун салып аткылаган. Бетине жабы­шып калган шуру экенин билип калган казак­тар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет м-н К. б-дын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Су­банбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жа­радар болгон К. б-ды казактар к ылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклордо К. б-дын эрдиги ж-дө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.


Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.

Э. Турганбаев.