КАЛМАКТАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛМАКТАР (өздөрүн к а л ь м г дешет) – Калмак Респ-нын жерг. калкы. Россия (Астрахань, Волгоград, Ростов, Оренбург, Ставрополь, Сибирь), Украина ж-а Кырг-нда (ысык-көлдүк К. 6 миңдей), о. эле АКШ, Франция, Швейцария, Германия, О. Азияда да жашашат. Жалпы саны 200 миңдей, а. и. 155 миңи Калмакстанда (2002). Калмак ж-а орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен буддизм (ламаизм), аз бөлүгү православие динин туту-
шат. К-дын байыркы ата-бабалары – батыш моңгол-ойроттор, саясий бирикмеге кирген дун-ху, сянби, жужан, кидандар. 12- к-га чейин Байкал өндүрү ж-а Енисей айм ак т арын ме - кендешип, кийин б ат ышты к өздө й жылышкан. 14-кдын аягынан өзүнчө феодалдык мамлекетке – «дервен ордос у на» б ир игишкен.

Ойроттор 16-к-дын аягы – 17-к-дын 40- жылдарында Россия чегинде калмак эли болуп калыптанган. 1657-ж. В. Шуйскийдин макулдугу м-н К. (дербет, торгут, хошеут, хойт ж-а чоростор) Россиянын курамына өткөн. 1664– 1771-ж. Калмак хандыгы өкүм сүргөн. 1771-ж. Калмак хандыгы жоюлуп, анын аймагында Астрахань губерниясы түзүлгөн. 1920-ж. Калмак АОсу түзүлүп, 1935-ж. Калмак АССРи болгон. 1994-жылдан Калмак Респ. деп аталган. К. мал чарбачылык, дыйканчылык, балык уулоочулук м-н кесиптенип, көчмөн турмушка ылайыкташкан, боз үй сымал салынган үй ж-а төрт дөңгөлөктүү араба-боз үйлөрдө жашашкан. 19-к-дын башында калмак кыштагы пайда болуп, заманбап турак жайлар курулган. Эркектер көйнөкшым, узун этектүү чепкен, булгаары өтүк, майрам күндөрү кызыл жибек баш кийим кийип, белине асемделген кур курчанган. Сол кулагына сөйкө, колуна шакек, билерик тагынып, бир өрүм чач өстүргөн. Аялдары узун, жеңсиз тигилген көйнөк, жеңи узун кофта, шым, өтүк кийип, кооздуктарды тагынышкан. Чачтарын узун өстүрүп, кыздар бир, аялдар 2 өрүм кылып өрүшкөн. Тамак-ашы негизинен – эт (ышталган эт), сүт (айран, кымыз, май, курут, быштак ж. б.), дан азыктарынан даярдалат. К-дын баатырдык эпосу – «Жангар». Улуттук майрамы – Цагалган, Үрүс Сар.