КАЛМАКСТАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛМАКСТАН , К а л м а к Р е с п у б л и к ас ы – Россиянын адм. субъектиси. Россиянын
Европа бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Түш.-
чыгышынан Каспий деңизи м-н чулганат. Аянты 74,7 миң км2. Калкы 287,2 миң (2007); анын
негизин калмактар (45,4%), орустар (37,7), даргиндер (4,0), о. эле казактар, немистер түзөт. Христиан (православие, протестант), буддизм ж-а
ислам (мусулман) диндерин тутат. Борбору –
Элиста ш. Адм.-айм. жактан 13 районго, 3 шаарга бөлүнөт. Шаар калкы 44,2%. Ири шаарлары: Лагань, Городовиковск.
Түштүк Федерация округуна кирет. Мамл. бийликтин органдар системасы Калмак Респ-нын конституциясы тарабынан аныкталат. Закон
чыгаруучу жогорку органы – Улуттук хурал
(5 жылда бир шайланат; 27 депутаттан турат). Мамл. башчысы – президент.
Респ-нын табияты калктын жашоосу үчүн орточо ыңгайлуу. Шамалдын натыйжасында топурак эрозиясы пайда болуп, мал жаюуда тоотокойлору деградацияга учурап, сугарууда топурактын шордонуусу экол. абалды өтө курчутууда. К. Каспий бою ойдуңунун батыш бөлүгүн, Ерген дөңсөөсүн ж-а Кума-Маныч ойдуңун ээлейт. Климаты кескин континенттик. Жайы ысык ж-а өтө кургак (120 күнгө чейин созулуп,
чаң бороондору болуп турат), кышында кар аз жаайт. Январдын орт. темп-расы –5°С (түштүгүндө), – 11°С (түндүгүндө), июлдуку 23,5–25,5°С;
жылдык жаан-чачыны 180–210 мм. Ички сууларга жарды. Түн.-чыгышынан Волга (12 км), түштүгүнөн Кума д-нын бир аз бөлүгү өтөт. Майда туздуу көлдөр ж-а лимандар бар. Калкты суу м-н камсыз кылуу үчүн 283 көлмө ж-а суу сактагыч курулган (жалпы көлөмү 50 млн м3). Талаа, жарым чөл ж-а чөл зонасында жайгашкан. Карбонаттуу кара топуракта шыбак-баялыштуу ар түрдүү өсүмдүктөр өсөт. Флорасында 900дөн ашык эндемиктер (а. и. 100гө жакыны дары-дармек өсүмдүктөрү) кездешет.
Бул аймакка калмактар 16-к-дын аягы – 17-
к-да эле отурукташа баштаган. 17-к-дын 2-жарымынан 1771-ж. чейин Калмак хандыгы. 17–
18-к-да Россия империясынын курамында болгон. 1920-ж. Калмак АОсу түзүлүп, ал 1935-ж. АССР болгон. 1943-ж. автономиясы жоюлуп, калкы департацияланган. 1957-ж. автономиясы калыбына келтирилген (1958-ж. чейин Калмак АОсу). 1993-ж. 11-апрелде респ-нын алгачкы презинденти шайланып, 1994-ж. 5-апрелде конституциясы кабыл алынып, учурдагы аталышы бекитилген.
Экономикасынын негизин а. ч. түзөт. Жүн өндүрүү б-ча Россияда 3-орунда (7,3%). Региондук дүң продукциясынын көлөмү 11820,3 млн рубль. Андагы а. ч-нын үлүшү 9,1%, ө. ж-дыкы 7,8%.
Ө. ж-нын негизги тармагы – отун (28,2%; 9 газ
ж-а нефть кендери иштетилет). Ал кендерди иштетүүгө лицензия алган ишканалар: «ЛУКОЙЛ-Астрахань-морнефть», «Оникс Плюс», «Кавказтрансгаз» жоопкерчилиги чектелген АКтар,
«Калмнефть», «Калмгаз», «Калмыцкая нефтегазовая компания» ААК, «Калмпетрол» ЖАК ж. б. О. эле тамак-аш (сүт-эт, консерва, балык), жеңил (тигүү, трикотаж, мех), машина куруу, металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. Жаратылыш газы, нефть, курулуш материалдары (кум, чопо, үлүл-таш), калий, таш тузу ж-а доломит казылып алынат. Жер астынан (ичүүгө жарамдуу ж-а минералдуу) суулар чыгат. Агын суулары балыкка бай. Ички көлмөлөрүнүн аянты 50 миң га (а. и. балык промыселиники 30 миң га). А. ч-нын негизги тармагы мал чарбасы (жайытта багылма бодо мал, уяң жүндүү кой). Айрым райондорунда жылкы ж-а төө асыралат. А. ч-га жарактуу жери 4202,4 миң га (жер фондусунун 55,2%и), а. и. айдоо аянты 15,9%, 303,1 миң гасына дан эгиндери (76,7%), тоют
өсүмдүктөрү (14,7%) өстүрүлөт. Жашылчачылык, бакчачылык ж-а элдик иск-восунун салттуу түрлөрү – жыгачты бедерлөө, булгаарыга
наар түшүрүү, сайма саюу, күмүштү сыялоо
өнүккөн.
Ад.: Калмыкия// Большая Российская энциклопедия. Спец. том. Россия. М., 2004; Калмыкия // Большая Российская энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Т. Чодураев.