КАЛИНИНА Наталья Михайловна: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КАЛИ́НИНА Наталья Михайловна (8. 12. 1948- ж. т., Украина, Донецк) – техника илимд. док­тору (1999), проф. (1999), КРдин илим ж-а тех­ника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1998). Донецк мед. окуу жайын (1967), Москва тоо ин­тун (1975) бүтүргөн. Ошол эле жылдан Карели­яда тоо жардыруу иштери б-ча жетекчи болуп иштеген. 1979-жылдан Фрунзедеги «Союзвзрыв­пром» трестинин курулуш лабор-сында бургу­лап жардыруу иштери б-ча инженер, ФПИнин лабор-сында ага ил. кызматкер (1986–90), Кыр­гыз ССР ИАнын Тоо тектеринин физикасы ж-а механикасы ин-тунда (1990–94) иштеген. 1994-жылдан КРСУда проф., жарылуу физи­касы ж-а синергетикасы лабор-сынын башчы­сы. Детонация ж-а синергетика теориясы б-ча адис. 80ден ашык ил. иштердин, а. и. 4 моно­графиянын, 10 ойлоп табуунун автору.


Эмг.: Низкоплотные и сверхнизкоплотные взрыв­чатые смеси. Механизм детонации (в соавторстве). Б., 1998; Оправдание синергетики. Синтез науки, философии и религии. Б., 2003.