КАЛИМАНТАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛИМАНТА́Н , Б о р н е о – Малайя архипелагындагы эң ири арал; Чоң Зонд а-нын курамында. Чоңдугу боюнча Жер шарындагы Гренландиядан кийинки 2-арал; аянты 143,3 миң км2, жакынкы аралдары м-н 746,5 миң км2. Түш. Кытай, Сулу, Сулавеси, Ява деңиздери, Макасар ж-а Каримата кысыктары м-н чулганат. Басымдуу бөлүгүн Индонезия, түндүгүн ж-а түн.- батышын Малайзия ж-а Бруней мамлекеттери ээлейт. Борб. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндө кырка (эң бийик жери 4101 м, Кинабалу чокусу) ж-а бөксө тоолор, түш. ж-а батышында дөңсөөлүү түздүктөр ж-а саздак ойдуңдар жайгашкан. Тектон. жактан Альп – Гималай ж-а Батыш Тынч океан кыймылдуу обл-нын кошулган жеринде жайгашкан. Нефть, газ, көмүр, боксит, темир-никель-кобальт, о. эле жез, сурьма, алтын, күмүш, алмаз кендери бар. Экватордук алкакта жайгашкандыктан, дайыма ысык ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Жылдык орт. темпрасы түздүктөрдө 25–27°С; жаан-чачыны жылына 2000–4000 мм, тоолордо 5000 ммге чейин жаайт. Дарыяларынын суусу мол, жыш; ирилери: Капуас, Барито, Махакам. К. – биол. ар түрдүүлүктүн дүйнөдөгү борборлорунун бири; өсүмдүктөрдүн 15 миңдей түрүнүн 3 миңдейи дарак өсүмдүктөрү (260 түрү диптерекарп тукумундагылар), анын 155 түрү – эндемиктер. Аралдын аймагынын 1/2 бөлүгүн токой ээлейт. Фаунага
бай көп ярустуу дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Шалы, кассава, каучуктуу өсүмдүктөр, кокос пальмасы өстүрүлөт. Ири шаарлары: Понтианак, Банжармасин, Самаринда (Индонезия), Кучинг, Кота-Кинабалу (Малайзия), Бандар-Сеги-Бегаван (Бруней). Аралдын токою адамдын таасиринен тез темп м-н суюлууда. Индонезия Танджунг-Питунг биосфералык резерваты, Гунунг-Палунг, Бентуанг-Каримум, Кутаи, Букит-Бака, Букит-Райя ж. б. улуттук парктар, эл аралык маанидеги Данау-Сентарум суусаз аймагы, Малайзияда Кинабалу (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген), Крокер кырка тоосу, Бако, Гунунг-Мулу, Ниах улуттук парктары, Табау тоо паркы бар. Айрым улуттук парктардын курамына деңиз акваториялары, жээкке жакын жайгашкан чакан аралдар, коралл рифтери да кирет. К-да сейрек кездешүүчү ж-а жоголуп бараткан айбанат түрлөрүнүн популяциясы корголот: орангутан, суматра кериги, кабылан, индия пили, малайя аюусу.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго-
Восточная Азия. М., 1979.