КАЛИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

КА́ЛИЙ (лат. Kalium), К – элементтердин мез­гилдик системасынын I тобундагы хим. эле­мент. Щелоч металлдар тобуна кирет; ат.н. 19; ат. м. 39,102. Анын 3 изотобу бар. 39К, 40К ж-а 41К. Жасалма изотопторунун эң маанилүүсү 42К (Т1/2=12,52 жыл); ал индикатор катары хи­мия, биология ж-а медицинада кеңири колдо­нулат. К-ди 1807-ж. англ. химик ж-а физик Г. Деви КОНты электролиздөө жолу м-н алган.
К. – күмүш түстүү, жумшак ак металл; тыгыз­дыгы 0,862 г/см3, эрүү t 63°С, кайноо t 776°С; электр тогун жакшы өткөрөт. Табиятта жер кыртышынын массасы б-ча 2,6%ин түзөт. Негиз­ги минералдары – сильвинит (NaCl.КСl); кар­наллит (КCl.MgCl2 .6H кылдангандыктан, керосин же бензинде сакта­лат. Ал дайыма I валенттүү. Кычкылтек м-н оксид ж-а пероксиддерди (К2O, К2O2) пайда кы­лат. Жогорку темп-рада (200°С) суутектүү чөй­рөдө гидридди КN, электр зарядынын тааси­ри астында азот м-н азидди КН3 ж-а нитридди К3N берет. Галогендер ж-а к-талар м-н активдүү аракеттенип, туздарды (КF, КCl, КBr, КI, К2CO3, К2SO4) пайда кылат. К. күкүрт, көмүртек м-н ысытканда, сульфидди (К2S), карбиддерди (КC8, КC16, К2C2) берет. К-дин жардамы м-н кычкыл­дарды (B2О3, Al2O3 ж-а SiO2) калыбына кел­тирүүгө болот. К. спирттер м-н орг. кошулмала­ры болгон алкоголяттарды, ацетилен, этилен м-н карбиддерди пайда кылат. К-ди алуу орун алмашуу реакциясына негизделген: КCl + +Na = К + NaCl; 6КCl + 2Al + 4CaO = 6К + +3CaCl2 +CaO + Al2O3; К2СО3 + 2С = 2К + 3СО. Негизги бирикмелеринен КCl, К2SO4 жер се- мирткич, К2S, КMnO4 медицинада ж-а ветери- нарияда, КBr фотографияда, КF – металлургия- да, К2CO3 самын ж-а айнек жасоодо ж. б. кол-

донулат. К. өсүмдүк, жаныбарлардын курамы­на кирет. Жаныбарлар К-ди эт ж-а өсүмдүк

азыктарынан, өсүмдүктөр топурактан алат. К. жетишсиз болсо өсүмдүктүн өсүшү начарлайт. К-дин иондору жүрөктүн, булчуңдардын жый­рылуусун жөнгө салууга, осмос басымын кар­мап турууга ж. б. катышат.