КАЛИГУЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
09:00, 24 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЛИ́ГУЛА Гай Юлий Цезарь (лат. caligula – өтүкчү; мындай атты кичинекей чагында аскердин өтүгүнө окшогон өтүктөрдү кийген үчүн алып калган) (12, Анциум – 41, Рим) – Рим императору (37-жылдан); Юлий – Клавдийлердин династиясынан, Германиканын уулу, Тиберийдин ордун басуучу. Ал чексиз бийлик жүргүзүүгө аракеттенген. К. мамл. каражаттарды (преториандар үчүн сыйлыктарды, триумфтарды, оюн-тамашаларды уюштуруу ж. б.) короткону үчүн байлардын (өзгөчө сенаторлордун) байлыктарын конфискациялап ж-а салыктарды көбөйткөн. К-нын мүнөзүнүн катаалдыгы преториандардын ж-а сенаторлордун нааразычылыгын туудуруп, өзүнүн хан сарайында Кассий Херей тарабынан өлтүрүлгөн.