ИОНИЯ АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИО́НИЯ АРАЛДАРЫ (аты байыркы грек уруусу – ионилерден) Иония деңизинде, Балкан ж. а-нын батыш жээгинде; Грекиянын аймагы. Аянты 2,3 миң км2. Негизги аралдары: Кефалиния, Керкира (Корфу), Закинтос, Лефкас. Негизинен акиташ тектеринен түзүлгөндүктөн, карст процесси өнүккөн. Дөбөлөр ж-а жапыз тоолор (бийикт. 1628 мге чейин, Кефалиния а-нда), ыңгайлуу булуңчалар бар. Маквис, айрым жерлерин эмен токою ээлейт. Өрөөндөрүндө жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Деңиз курорттору бар. Негизги шаарлары – Керкира, Аргостолион.