ИНТРУЗИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНТРУ́ЗИЯ (лат. intrudo – түртөм) – 1) магма­нын жер кыртышын түзүүчү тоотек катмарла­рын жиреп чыгуу (таралуу) процесси; 2) магма тоо тектеринен турган ж-а магманын жер кыр­тышында катып калышынан пайда болгон геол. тулку (интрузия, интрузия тулкусу, плутон). Мындан И. тоо тектер пайда болот. Жанаша жаткан тоо тектердин түзүлүшүнө карата бир­дей (катмар И-сы, лополит ж. б.) ж-а иретсиз жаткан И. болуп (батолит, шток, дайка ж. б.) бөлүнөт. Пайда болуу тереңдиги б-ча тереңдик­теги (абиссалдык) ж-а жер бетине жакын (ги­пабиссалдык) И. болуп ажыратылат.