ИНТРОЕКЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНТРОЕ́КЦИЯ (лат. intro – ички ж-а jacio – таштоо, коюу) – 1) тааным теориясында кабыл­доочу объекттердин турпатын индивиддин аң­сезимине киргизе берүүнүн жарабастыгы ж-дөгү түшүнүк. Швейцариялык түшүнүк Р. Авенариус тарабынан колдонулган; 2) (психологияда) ин­дивиддин башка адамдардын көз караштарын, умтулууларын, шылтоолорун, жоболорун аңда­бастан, сын көз м-н карабастан, өзүнүн ички дүйнөсүнө кабыл ала бериши. И. инсандын кор­гонуу, сактануу ж-а актануу механизми ката­ры каралат. Балалыкта өтүп жаткан И-да ата­эненин көз караштары баланын өз айыбын ж-а жоопкерчилигин, парзын, уяттуулукту сезүүсү­нүн ж. б. жактарынын калыптанышында маа­нилүү ролду ойнойт.