ИНТЕРСУБЪЕКТИВДИК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИНТЕРСУБЪЕКТИВДИК – феноменологиядагы интенционалдык аркылуу субъекттердин өз ара алакалашуу процессин ж-а анын натыйжасын, адамга башка адамдын ички дүйнөсүн ачып берүү процессин түшүндүргөн терминдердин бири. Аталган түшүнүк экзистенциализм, психоанализ, аналитикалык философия ж. б. ойломдун учурдагы багыттарында кеңири иштелип чыккан. Бул механизм адамдардын ортосундагы бардык мамилелердин негизи болгон «тиричилик дүйнөсүнүн» концепциясын пайдалануу м-н өзү тууралуу эскерүүлөрдү анализдөөгө барып такалат. И. түшүнүгүн немис философу Э. Гуссерл иштеп чыккан.