ИНТЕРНАЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:15, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНТЕРНАЛИ́ЗМ (лат. internus – ички) – социо­логияда, педагогикада ж-а культурологияда индивид же адамдар тобу тарабынан коомдук баалуулуктарды, нормаларды, жоболорду, сте­реотиптерди өздөштүрүү процессин белгилөө үчүн пайдаланылган түшүнүк. Индивидге же адам­дар тобунан сырткары жашаган нормалар ж-а эрежелер интернализациялоонун жардамы ар­касында жүрүм-турумдун ички жөнгө салгыч­тарына (регуляторлоруна) айланышат. Интер­нализациялоонун механизмдери өтө татаал ж-а азырынча алар толук тастыктала элек. Ошондой болсо да аталган механизмдерди ил. изилдөөгө тартуу аркылуу тарбия иштерин бир кыйла оптималдаштырууга болот.