ИНСЕКТИЦИДДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:14, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНСЕКТИЦИДДЕР (лат. insektum – курт-ку­мурска ж-а caedere – өлтүрүү) – пестициддердин табигый шартта ж-а агроэкосистемаларда зыян­дуу курт-кумурскаларды жок кылууга багыт­талган түрү. Дүйнөдө 200дөн ашык түрү бел­гилүү. Колдонулушу б-ча 4 топко (ичегилик, кон­такттык, системалык, фумиганттар) ж-а уулу­лугуна карата да 4кө (өтө күчтүү таасир эткен, өтө уулуу, уулуу, анча уулуу эмес) бөлүнөт. Жа­рым-жартылай таралуу мөөнөтү 10–15 жыл бол­гон хлорорг. И. (элдрин, хлордан, токсафен, диэлдрин ж. б.) чөйрөгө өзгөчө коркунучту туу­дурат, к. Пестициддер.


Ад.: Грапов А. Ф. Химические средства защиты растений XXI в.: (справочник). М., 2006.