ИНЖИЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (2 версия)
(Айырма жок)

02:37, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНЖИЛ , Е в а н г е л и я (гр. euanqelion – жакшы кабар) – Библиянын бир бөлүгү; Кудай­дан Ыйса пайгамбарга түшүрүлгөн ыйык жазуу. Иисус Христостун «жердеги өмүрү» ж-а христиан дининин башкы жоболору баяндалган диний чыгарма. Канондук И. (Марктын, Матвейдин, Лу­канын, Иоанндын И-и, чиркөө аларды «Жаңы осуяттын» курамына киргизген) ж-а апокриф­тик И. болуп бөлүнөт. И-дин авторлору деп апос­толдорду же алардын окуучуларын эсептейт. Ай­рым маалыматтарга караганда И. 1-к-дын аягы – 2-к-дын башында жазылган деп болжолдонот.