ИНЕРЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
м (2 версия)
(Айырма жок)

02:37, 22 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы

ИНЕ́РЦИЯ (лат. inertia – аракетсиздик), и н е р т т ү ү л ү к (механикада) – нерсенин өзүнүн тынч абалын же бир калыптагы ж-а түз сызыктуу кыймылын сактоо касиети. И. нерсе­ге сырткы күч таасир эткенде же аракеттенген күч бири бирине тең салмакта болгондо нерсе­нин тынч абалын же бир калыптагы түз сы­зыктуу кыймылын сактоо касиети. И. кубулу­шу нерсенин инерттүүлүк касиети м-н шартта­лат. Инерттүүлүк – нерсенин тубаса касиети. Де­мек, нерсенин баштапкы абалын өзгөртүүчү тышкы күчкө анын инерттүүлүгү дайыма кар­шылык көрсөтөт. Нерсенин И. чени – анын массасы.