ИНДИ ЖАЗУУСУ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДИ ЖАЗУУСУ</b> – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазма­лардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Паки­стан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жыл­дыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтер­ден (б. з. ч. 3- | <b type='title'>ИНДИ ЖАЗУУСУ</b> – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазма­лардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Паки­стан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жыл­дыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтер­ден (б. з. ч. 3-кылым) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде Инди жазуусунун үч бутагы калыптанган: түндүк, түштүк, түштүк-чыгыш. Түндүк бу­такка г у п т (6–10-кылымдарда колдонулган), т и б е т (7-кылымдан тартып), н а г а р и (7–8-кылым соңку фор­масы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в а­ р и (12-кылымдан тартып) жазмалары кирет. Түштүк бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-кылымдан тартып өрчүгөн, аны Түштүк Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түштүк-чыгыш бутак – көбүнчө байыр­кы палий графикасынын негизиндеги жазма­лар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кы­тай байыркы жазмалары жана башкалар. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:47, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНДИ ЖАЗУУСУ – теги ж-а алфавиттеринин түзүлүш тартиби боюнча жалпылыгы бар жазмалардын кеңири тобу. Индия, Бангладеш, Пакистан, Непал жана Шри-Ланкада, ошондой эле Тибетте, Борбордук Азияда, Бирмада, Инди-Кытай жарым аралында жана Индонезияда колдонулат. Будда дини жана адабияты менен кошо таралган. Инди жазуусунун байыркы түрү – иероглиф жазуу б. з. ч. 3–2-миң жылдыкта эле Индияда пайдаланылган. Бирок аны окуп түшүнүү кыйын. Инди жазуусундагы эстеликтерден (б. з. ч. 3-кылым) окулганы муун жазуусу – брахми гана. Брахминин негизинде Инди жазуусунун үч бутагы калыптанган: түндүк, түштүк, түштүк-чыгыш. Түндүк бутакка г у п т (6–10-кылымдарда колдонулган), т и б е т (7-кылымдан тартып), н а г а р и (7–8-кылым соңку формасы – д е в а н а г а р и), ш а р а д а, н е в а р и (12-кылымдан тартып) жазмалары кирет. Түштүк бутак жалгыз гана г р а н т х а жазмасынан турат. Ал 5–6-кылымдан тартып өрчүгөн, аны Түштүк Индиянын азыркы к а н н а д а, т е л у г у, м а л а я л, т а м и л деген адабий тилдери колдонот. Түштүк-чыгыш бутак – көбүнчө байыркы палий графикасынын негизиндеги жазмалар: сингал, бирма, кхмер, лаос, тай, инди-кытай байыркы жазмалары жана башкалар.