ИНД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНД</b> – Кытай, Индия, Пакистандын аймакта­ры аркылуу аккан дарыя. | <b type='title'>ИНД</b> – Кытай, Индия, Пакистандын аймакта­ры аркылуу аккан дарыя. Узундугу 3180 <i>км</i>, алабы­нын аянты 980 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Тибет тайпак тоосу­нан (Кайлас кырка тоосунан, 5300 <i>м</i> бийиктик­тен) башталат; Гималай м-н Гиндукуш тоо тар­мактары, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрү Инд- Ганг түздүгүнүн батыш бөлүгү аркылуу агып, көп салаага бөлүнөт. Араб деңизине куярда аян­ты 8 миң <i>км</i><sup>2 </sup>болгон дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Гилгит, Кабул, Сатлеж (Панжнад). Суусунун орточо чыгымы Хайдарабад шаары тушта 3850 <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i> (эң чоң чыгымы 30 миң <i>м</i><sup>3</sup>/<i>сек</i>дан ашык), буулануудан ж-а сугатка ке­ңири пайдалануудан төмөн жагында чыгымы азаят. Төмөнкү агымы жылдын кургакчыл мез­гилинде соолуп калат. Режими муссондук, жаз ­жай мезгилинде суусу кирип, түздүктөрдө дең­гээли 5–7 <i>м</i>ге чейин көтөрүлөт; суу ташкыны­нан коргонуу үчүн жээктери дамбалар м-н то­сулган. Индде плотиналар ж. б. сугат курулма­лары бар; алабында 12 млн <i>га</i>дан ашык жер сугарылат. Кабул дарыясынын чатына чейин мезгил­-мезгили м-н кеме жүрөт. Боюнда Хайдарабад, Суккур шаарлары; дельтасына жакын Карачи деңиз пор­ту (Пакистан) жайгашкан. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:03, 21 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНД – Кытай, Индия, Пакистандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Узундугу 3180 км, алабынын аянты 980 миң км2. Тибет тайпак тоосунан (Кайлас кырка тоосунан, 5300 м бийиктиктен) башталат; Гималай м-н Гиндукуш тоо тармактары, ортоңку ж-а төмөнкү бөлүктөрү Инд- Ганг түздүгүнүн батыш бөлүгү аркылуу агып, көп салаага бөлүнөт. Араб деңизине куярда аянты 8 миң км2 болгон дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Гилгит, Кабул, Сатлеж (Панжнад). Суусунун орточо чыгымы Хайдарабад шаары тушта 3850 м3/сек (эң чоң чыгымы 30 миң м3/секдан ашык), буулануудан ж-а сугатка кеңири пайдалануудан төмөн жагында чыгымы азаят. Төмөнкү агымы жылдын кургакчыл мезгилинде соолуп калат. Режими муссондук, жаз жай мезгилинде суусу кирип, түздүктөрдө деңгээли 5–7 мге чейин көтөрүлөт; суу ташкынынан коргонуу үчүн жээктери дамбалар м-н тосулган. Индде плотиналар ж. б. сугат курулмалары бар; алабында 12 млн гадан ашык жер сугарылат. Кабул дарыясынын чатына чейин мезгил-мезгили м-н кеме жүрөт. Боюнда Хайдарабад, Суккур шаарлары; дельтасына жакын Карачи деңиз порту (Пакистан) жайгашкан.