ИММУНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИММУНОЛО́ГИЯ</b> (<i>иммунитет</i> ж-а ...<i>логия</i>) – организмдин функциялык ж-а структуралык | <b type='title'>ИММУНОЛО́ГИЯ</b> (<i>иммунитет</i> ж-а ...<i>логия</i>) – организмдин функциялык ж-а структуралык бүтүндүгүн, биологиялык өз алдынчалыгын сактоого багытталган коргонуу реакциясы жөнүндөгү илим. <i>Иммунитеттин</i> жалпы биологиялык негиздерин, анын пайда болушун ж-а эволюциясын, түр ичиндеги ар түрдүүлүктү, ткань антигендеринин тукум куугучтук касиетин, антигендердин химиялык түзүлүшүнүн касиетин ж-а алардын өз ара аракет­тенүү закон ченемин үйрөтөт. Эпидемия учурун­да ошол оорудан айыккан киши оорулуу адам­ды баккан учурда өзү оорубай тургандыгы бай­калган. 1876-жылы англиялык врач Э. Женнер уй чече­гин адамга жугузуу м-н, чечекке каршы жасал­ма эмдөөнүн жолун тапкан. Иммунологиянын башталы­шына И. И. <i>Мечников</i>, А. А. Безредка ж. б. илимпоздордун салымы зор. Иммунологиялык реакциялар­ды клиникалык иммунология кээ бир ооруларды анык­тоо, дарылоо ж-а алдын алуу үчүн пайдаланат. Ал медицина ж-а ветеринария, микробиология, ошондой эле эпидемиология, физиология, биохимия, эндокринология ж. б. илимдер м-н тыгыз бай­ланыштуу. Иммунологиянын кан сары суусундагы антите­лолор м-н антигендик реакциясын изилдөөчү бөлүгү серология деп аталат. Клиникалык иммунологиянын аллергология, микробиология боюнча маселе­лери эл аралык конгресстерде талкууланат. | ||
бүтүндүгүн, | |||
Ад.: <i>Бернет Ф. М.</i> Клеточная иммунология. М., 1971; <i>Ярилин А. А.</i> Основы иммунологии. М., 1999. | Ад.: <i>Бернет Ф. М.</i> Клеточная иммунология. М., 1971; <i>Ярилин А. А.</i> Основы иммунологии. М., 1999. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
10:17, 19 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИММУНОЛО́ГИЯ (иммунитет ж-а ...логия) – организмдин функциялык ж-а структуралык бүтүндүгүн, биологиялык өз алдынчалыгын сактоого багытталган коргонуу реакциясы жөнүндөгү илим. Иммунитеттин жалпы биологиялык негиздерин, анын пайда болушун ж-а эволюциясын, түр ичиндеги ар түрдүүлүктү, ткань антигендеринин тукум куугучтук касиетин, антигендердин химиялык түзүлүшүнүн касиетин ж-а алардын өз ара аракеттенүү закон ченемин үйрөтөт. Эпидемия учурунда ошол оорудан айыккан киши оорулуу адамды баккан учурда өзү оорубай тургандыгы байкалган. 1876-жылы англиялык врач Э. Женнер уй чечегин адамга жугузуу м-н, чечекке каршы жасалма эмдөөнүн жолун тапкан. Иммунологиянын башталышына И. И. Мечников, А. А. Безредка ж. б. илимпоздордун салымы зор. Иммунологиялык реакцияларды клиникалык иммунология кээ бир ооруларды аныктоо, дарылоо ж-а алдын алуу үчүн пайдаланат. Ал медицина ж-а ветеринария, микробиология, ошондой эле эпидемиология, физиология, биохимия, эндокринология ж. б. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. Иммунологиянын кан сары суусундагы антителолор м-н антигендик реакциясын изилдөөчү бөлүгү серология деп аталат. Клиникалык иммунологиянын аллергология, микробиология боюнча маселелери эл аралык конгресстерде талкууланат.
Ад.: Бернет Ф. М. Клеточная иммунология. М., 1971; Ярилин А. А. Основы иммунологии. М., 1999.