ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ: нускалардын айырмасы
(Created page with "<b type='title'>ИММУНИТЕ́Т ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ</b> , И Ж О С (СПИД) – адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырынча (2009-ж.) айыкпастыгы, калк арасында тез таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан...") |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИММУНИТЕ́Т ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ</b> , И Ж О С (СПИД) – адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырын­ча (2009- | <b type='title'>ИММУНИТЕ́Т ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ</b> , И Ж О С (СПИД) – адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырын­ча (2009-жыл) айыкпастыгы, калк арасында тез таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан ал 20-кылымдын «чумасы» деп атал­ган. Бул оору жөнүндө алгачкы маалыматтар 1981-жылы АКШда чыгуучу «Оору жана өлүм» ат­туу жумалык кабар журналында жарыяланган. Анда соо жүргөн гомосексуалдардын арасында айыкпаган, узакка созулган пневмония ж-а те­ринин рак оорусу тез арада көбөйүп кеткендиги айтылган. Бул жаңы пайда болгон ооруда адам организминин иммунитет системасынын жа­быркашы аныкталган. Мында иммунитет сис­темасын тейлөөчү, иммунитетке жооптуу кан­дын айрым клеткаларынын түрү тез азайып, акыры канда алардын саны кескин жоголуп кетиши далилденген. Америкалык окумуштуулар оору­луунун канынан, спермасынан мурда белгисиз вирусту таап, бөлүп алышкан. Ал <i>адамдын им­мунитет жетишсиздигинин вирусу</i> (АИЖВ) же вирус иммунодефицита человека (ВИЧ) деп ата­лат. Адамдын денесиндеги түрдүү суюктуктар, айрыкча кан, лимфа ж-а жүлүн суюктугу, эр­кектин спермасы, жыныс органдарынын был­жыры ж. б. бул вирустун жашоо ж-а көбөйүүсү үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет. Адамга жук­кан вирус кан лимфоцитине кирип, алардын генетикалык аппаратында көбөйөт, акыры ал клеткалар «же­лип» бүткөндө, вирус жаңы лимфоцит клетка­ларына кирип, анда көбөйүүсүн улантат. Натый­жада кандагы лимфоциттин саны азайып, жо­голо баштагандыктан, организмдин иммуните­тин камсыз кыла албай калат, башкача айтканда лимфоцит­тердин иммунитетти камсыз кылуучу антите­лолорду бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү жоголот. Ошондуктан вирус жуккан адам организминде жалпы иммунитеттин жетишсиздиги пайда бо­луп, бүтүндөй иммунитет системасы бузулат. Ошонун негизинде ИЖОС м-н жабыркаган адамдын организмине сырттан кирген ж-а орга­низмдеги зыяндуу микробдор тоскоолсуз кө­бөйөт. Андай адам ар кандай (кошумча) оору­лар м-н тез жабыркайт. Жеңил өтүүчү инфек­цияга эле туш келгенде, организм эч каршы­лык көрсөтө албай, алардын өтүшү оор болуп, өлүмгө кабылуусу да мүмкүн. АИЖВ сыртка кан, эркектин спермасы, аялдын жыныс кы­нынан бөлүнүүчү былжыр аркылуу чыгып тур­гандыктан, ал жыныстык катнашуу ж-а кан аркылуу гана, балага – баланын тону, эмчек сүтү аркылуу жугат. АИЖВ адамдын дене су­юктуктарында гана жашап ж-а көбөйгөндүк­төн, жыныстык катнашуу, кан куюдан башка турмуш-тиричилик шартында, жөнөкөй жолу­гушууларда жукпайт. Демек, оорулуу же вирус­ту жугузуп алган адам анын булагы болуп эсеп­телет. АИЖВ жуккан оорулуу өлгөнгө чейин айланасындагыларга өтө коркунучтуу. ИЖОС оорусуна көбүнчө гомосексуалдар, бисексуалдар, баңгилер (айрыкча наркотикалык затты ийне саюу жолу м-н колдонгондор), ошондой эле азыраак кан же кандан алынуучу дары-дармектерди, донорлук трансплантат органдарын алгандар чалдыгат. Кыргызстанда 1987-жылы алгачкы оорулуу (ал Африканын жараны болгон), ал эми 1996-жылы АИЖВ жуктурган жергиликтүү тургун каттал­ган. Кыргызстанда ИЖОС м-н ооругандардын саны 3000ге жеткен (2009). Республикадада ИЖОС боюнча улут­тук ж-а эл аралык эксперттер иштеп, ИЖОС м-н күрөшүү программаларын ишке ашырууга бир топ эл аралык уюмдар [БУУнун өнүктүрүү программасы, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сак­тоо уюму (ВОЗ), «Сорос-Кыргызстан», ЮСАИД ж. б.] чоң жардам көрсөтүп жатышат. | ||
таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан ал 20- | |||
вирусту таап, бөлүп алышкан. Ал <i>адамдын им­мунитет жетишсиздигинин вирусу</i> (АИЖВ) же вирус иммунодефицита человека (ВИЧ) деп ата­лат. Адамдын денесиндеги түрдүү суюктуктар, айрыкча кан, лимфа ж-а жүлүн суюктугу, эр­кектин спермасы, жыныс органдарынын был­жыры ж. б. бул вирустун жашоо ж-а көбөйүүсү | |||
үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет. Адамга жук­кан вирус кан лимфоцитине кирип, алардын | |||
өлүмгө кабылуусу да мүмкүн. АИЖВ сыртка | |||
кан, эркектин спермасы, аялдын жыныс кы­нынан бөлүнүүчү былжыр аркылуу чыгып тур­гандыктан, ал жыныстык катнашуу ж-а кан аркылуу гана, балага – баланын тону, эмчек сүтү аркылуу жугат. АИЖВ адамдын дене су­юктуктарында гана жашап ж-а | |||
чалдыгат. | |||
<br>Ад<i>.: Тыналиева Т. А., Осмонова А. А.</i> Спид. Б., 2005. | <br>Ад<i>.: Тыналиева Т. А., Осмонова А. А.</i> Спид. Б., 2005. | ||
10:03, 19 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИММУНИТЕ́Т ЖЕТИШСИЗДИК ООРУСУНУН СИНДРОМУ , И Ж О С (СПИД) – адамдын эң коркунучтуу жугуштуу оорусу. Анын азырынча (2009-жыл) айыкпастыгы, калк арасында тез таралып кетиши, оорулуунун өтө кыйналышы, акыры өлүмгө дуушар болору аныкталган. Ошондуктан ал 20-кылымдын «чумасы» деп аталган. Бул оору жөнүндө алгачкы маалыматтар 1981-жылы АКШда чыгуучу «Оору жана өлүм» аттуу жумалык кабар журналында жарыяланган. Анда соо жүргөн гомосексуалдардын арасында айыкпаган, узакка созулган пневмония ж-а теринин рак оорусу тез арада көбөйүп кеткендиги айтылган. Бул жаңы пайда болгон ооруда адам организминин иммунитет системасынын жабыркашы аныкталган. Мында иммунитет системасын тейлөөчү, иммунитетке жооптуу кандын айрым клеткаларынын түрү тез азайып, акыры канда алардын саны кескин жоголуп кетиши далилденген. Америкалык окумуштуулар оорулуунун канынан, спермасынан мурда белгисиз вирусту таап, бөлүп алышкан. Ал адамдын иммунитет жетишсиздигинин вирусу (АИЖВ) же вирус иммунодефицита человека (ВИЧ) деп аталат. Адамдын денесиндеги түрдүү суюктуктар, айрыкча кан, лимфа ж-а жүлүн суюктугу, эркектин спермасы, жыныс органдарынын былжыры ж. б. бул вирустун жашоо ж-а көбөйүүсү үчүн эң ыңгайлуу болуп эсептелет. Адамга жуккан вирус кан лимфоцитине кирип, алардын генетикалык аппаратында көбөйөт, акыры ал клеткалар «желип» бүткөндө, вирус жаңы лимфоцит клеткаларына кирип, анда көбөйүүсүн улантат. Натыйжада кандагы лимфоциттин саны азайып, жоголо баштагандыктан, организмдин иммунитетин камсыз кыла албай калат, башкача айтканда лимфоциттердин иммунитетти камсыз кылуучу антителолорду бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү жоголот. Ошондуктан вирус жуккан адам организминде жалпы иммунитеттин жетишсиздиги пайда болуп, бүтүндөй иммунитет системасы бузулат. Ошонун негизинде ИЖОС м-н жабыркаган адамдын организмине сырттан кирген ж-а организмдеги зыяндуу микробдор тоскоолсуз көбөйөт. Андай адам ар кандай (кошумча) оорулар м-н тез жабыркайт. Жеңил өтүүчү инфекцияга эле туш келгенде, организм эч каршылык көрсөтө албай, алардын өтүшү оор болуп, өлүмгө кабылуусу да мүмкүн. АИЖВ сыртка кан, эркектин спермасы, аялдын жыныс кынынан бөлүнүүчү былжыр аркылуу чыгып тургандыктан, ал жыныстык катнашуу ж-а кан аркылуу гана, балага – баланын тону, эмчек сүтү аркылуу жугат. АИЖВ адамдын дене суюктуктарында гана жашап ж-а көбөйгөндүктөн, жыныстык катнашуу, кан куюдан башка турмуш-тиричилик шартында, жөнөкөй жолугушууларда жукпайт. Демек, оорулуу же вирусту жугузуп алган адам анын булагы болуп эсептелет. АИЖВ жуккан оорулуу өлгөнгө чейин айланасындагыларга өтө коркунучтуу. ИЖОС оорусуна көбүнчө гомосексуалдар, бисексуалдар, баңгилер (айрыкча наркотикалык затты ийне саюу жолу м-н колдонгондор), ошондой эле азыраак кан же кандан алынуучу дары-дармектерди, донорлук трансплантат органдарын алгандар чалдыгат. Кыргызстанда 1987-жылы алгачкы оорулуу (ал Африканын жараны болгон), ал эми 1996-жылы АИЖВ жуктурган жергиликтүү тургун катталган. Кыргызстанда ИЖОС м-н ооругандардын саны 3000ге жеткен (2009). Республикадада ИЖОС боюнча улуттук ж-а эл аралык эксперттер иштеп, ИЖОС м-н күрөшүү программаларын ишке ашырууга бир топ эл аралык уюмдар [БУУнун өнүктүрүү программасы, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ), «Сорос-Кыргызстан», ЮСАИД ж. б.] чоң жардам көрсөтүп жатышат.
Ад.: Тыналиева Т. А., Осмонова А. А. Спид. Б., 2005.
Т. А. Тыналиева.