ИЙИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ИЙИК</b> – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай була&shy;дан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кур&shy;гатылган табылгы же талдан бир жагы ичке&shy;рээк жасалып, узундугу 30–35 <i>см</i>, жоондугу 7–10 <i>мм</i> болот. Ийиктин ба&shy;шы таштан, кор&shy;гошундан жалпак же тегерек жаса&shy;лат да, ортосу кө&shy;зөлүп, саптын жоо&shy;нурак учуна бе&shy;кем кийгизилет.
<b type='title'>ИЙИК</b> – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай була&shy;дан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кур&shy;гатылган табылгы же талдан бир жагы ичке&shy;рээк жасалып, узундугу 30–35 <i>см</i>, жоондугу 7–10 <i>мм</i> болот. Ийиктин ба&shy;шы таштан, кор&shy;гошундан жалпак же тегерек жаса&shy;лат да, ортосу кө&shy;зөлүп, саптын жоо&shy;нурак учуна бе&shy;кем кийгизилет.
[[File:ИЙИК84.png | thumb | none]]
[[File:ИЙИК84.png | thumb | none]]
Саптын жогору учу (буйласы) кө&shy;зөлүп, ага ичке чий өткөрүлөт . Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ий&shy;ришкен. Ийрил&shy;ген жип ийик баштын астына түрүлө берип, муш&shy;тумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыга&shy;рылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль өнөр жайында жипти ийрүүчү, челдөөчү, чый&shy;ратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чы&shy;гырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тети&shy;ги. Ийиктүү машина XVIII кылымдын 2-жарымында кол&shy;донула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр жана башкалар) жана химиялык булалар үчүн колдонулуучу ийиктер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө жана башкаларды жасоо үчүн жоон жипти экиден чый&shy;ратуучу ийик колдонулат. Бул ийик жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал.
Саптын жогору учу (буйласы) кө&shy;зөлүп, ага ичке чий өткөрүлөт. Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ий&shy;ришкен. Ийрил&shy;ген жип ийик баштын астына түрүлө берип, муш&shy;тумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыга&shy;рылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль өнөр жайында жипти ийрүүчү, челдөөчү, чый&shy;ратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чы&shy;гырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тети&shy;ги. Ийиктүү машина XVIII кылымдын 2-жарымында кол&shy;донула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр жана башкалар) жана химиялык булалар үчүн колдонулуучу ийиктер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө жана башкаларды жасоо үчүн жоон жипти экиден чый&shy;ратуучу ийик колдонулат. Бул ийик жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал.
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]
[[Категория:3-том, 449-543 бб]]

05:12, 15 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИЙИК – 1) жүн, кебез, жибек, ар кандай була­дан жип ийрүүгө ылайыкталган курал. Сабы кур­гатылган табылгы же талдан бир жагы ичке­рээк жасалып, узундугу 30–35 см, жоондугу 7–10 мм болот. Ийиктин ба­шы таштан, кор­гошундан жалпак же тегерек жаса­лат да, ортосу кө­зөлүп, саптын жоо­нурак учуна бе­кем кийгизилет.

Саптын жогору учу (буйласы) кө­зөлүп, ага ичке чий өткөрүлөт. Жипти керегине ылайыктап ичке, жоон кылып ий­ришкен. Ийрил­ген жип ийик баштын астына түрүлө берип, муш­тумдай болгондо, саптын ичке жагынан чыга­рылат. Ал бир баш алмай жип деп аталган; 2) текстиль өнөр жайында жипти ийрүүчү, челдөөчү, чый­ратуучу машиналардын жиптерди түрмөккө, чы­гырыкка түрүүгө ылайыкталган негизги тети­ги. Ийиктүү машина XVIII кылымдын 2-жарымында кол­донула баштаган. Табигый (пахта, жүн, зыгыр жана башкалар) жана химиялык булалар үчүн колдонулуучу ийиктер болот. Өндүрүштө килем, аркан, көтөрмө жана башкаларды жасоо үчүн жоон жипти экиден чый­ратуучу ийик колдонулат. Бул ийик жөнөкөйлөрүнө караганда эки эсе өндүрүмдүү, бирок түзүлүшү татаал.