ЗОР ЖЫЛДЫЗДАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗОР ЖЫЛДЫЗДАР</b> – Күндөн көп эсе чоң <i>жыл­дыздар</i>. Бардык жылдыздар кысуучу гравита­ция күчүнө дуушар болот. Бирок алар тез кы­сылышпайт, себеби гравитацияга жылдыз за­тынын басым күчү каршылык көрсөтөт. Жаш жылдызда ядролук реакция башталбайт ж-а | <b type='title'>ЗОР ЖЫЛДЫЗДАР</b> – Күндөн көп эсе чоң <i>жыл­дыздар</i>. Бардык жылдыздар кысуучу гравита­ция күчүнө дуушар болот. Бирок алар тез кы­сылышпайт, себеби гравитацияга жылдыз за­тынын басым күчү каршылык көрсөтөт. Жаш жылдызда ядролук реакция башталбайт ж-а | ||
өзүнүн гравитация таасиринен кысылып ты­гыздалышы энергия булагы катары кызмат кы­лат. Себеби потенциалдык энергия азайып, жы­луулук энергиясына өтөт. | өзүнүн гравитация таасиринен кысылып ты­гыздалышы энергия булагы катары кызмат кы­лат. Себеби потенциалдык энергия азайып, жы­луулук энергиясына өтөт. Зор жылдыздардын борбордук бө­лүгүндө температура өтө чоң болгондуктан, гелий яд­ролорунун арасында реакция башталат. Андан көмүртек пайда болот да, көп жылуулук бөлү­нөт. Кадимки жылдыздардын борборунда жүр­гөн ядролук реакцияда суутек гелийге өтөт. Бардык суутек гелийге айлангандан кийин жыл­дыз тез өзгөрө баштайт. Жылдыз чыгарган энер­гия көп эсе чоңоюп, жылдыз өлчөмү өсөт да, кызыл зор жылдыздарга айланат. Борбордук бөлүгүндөгү температу­ра 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, гелийден турган ядродо көмүртекке айлануу реакциясы башталат. Өнүгүүнүн андан аркы этабында зор жылдыздардын тышкы катмарлары түртүлүп, учуп кетиши мүмкүн. Жылдыз дагы кысылып жай муздоочу <i>ак кидикке</i> айланат. Ушундай «таг­дырга» биздин <i>Күн</i> да туш болушу мүмкүн. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидик стадиясында кысылууну андан ары токтото албай, <i>нейтрон жылдыздарына</i> ай­ланат. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:23, 8 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЗОР ЖЫЛДЫЗДАР – Күндөн көп эсе чоң жылдыздар. Бардык жылдыздар кысуучу гравитация күчүнө дуушар болот. Бирок алар тез кысылышпайт, себеби гравитацияга жылдыз затынын басым күчү каршылык көрсөтөт. Жаш жылдызда ядролук реакция башталбайт ж-а өзүнүн гравитация таасиринен кысылып тыгыздалышы энергия булагы катары кызмат кылат. Себеби потенциалдык энергия азайып, жылуулук энергиясына өтөт. Зор жылдыздардын борбордук бөлүгүндө температура өтө чоң болгондуктан, гелий ядролорунун арасында реакция башталат. Андан көмүртек пайда болот да, көп жылуулук бөлүнөт. Кадимки жылдыздардын борборунда жүргөн ядролук реакцияда суутек гелийге өтөт. Бардык суутек гелийге айлангандан кийин жылдыз тез өзгөрө баштайт. Жылдыз чыгарган энергия көп эсе чоңоюп, жылдыз өлчөмү өсөт да, кызыл зор жылдыздарга айланат. Борбордук бөлүгүндөгү температура 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, гелийден турган ядродо көмүртекке айлануу реакциясы башталат. Өнүгүүнүн андан аркы этабында зор жылдыздардын тышкы катмарлары түртүлүп, учуп кетиши мүмкүн. Жылдыз дагы кысылып жай муздоочу ак кидикке айланат. Ушундай «тагдырга» биздин Күн да туш болушу мүмкүн. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидик стадиясында кысылууну андан ары токтото албай, нейтрон жылдыздарына айланат.