БОРДО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''БОРДО́ ''' (Bordeaux) – Франциянын түштүк-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый облусунун аймагында. Жиронда департаментинин административдик борбору. Калкы 250,5 миӊ (2016; шаар айланасы менен 986,4 миӊ). Гаронна дарыясынын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (анын ичинен Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

'''БОРДО́ ''' (Bordeaux) – Франциянын түштүк-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый облусунун аймагында. Жиронда департаментинин административдик борбору. Калкы 265 328 (2022; шаар айланасы менен 986,4 миӊ). Гаронна дарыясынын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (анын ичинен Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

[[File:БОРДО15.png | thumb | Биржа аянты.]]
[[File:БОРДО15.png | thumb | Биржа аянты.]]
Б. з. ч. 3-кылымдан Б у р д и г а л а деген ат менен белгилүү. 1235-жылы шаар укугун алган. 14-кылымдын башында ири соода жана кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Рим амфитеатрынын калдыктары, орто кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс жана барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Бордодо ИА, университет, эл аралык университет, бизнес жогорку мектеби, илим-изилдөө борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Бордодо 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.
Бордо – ири өнөр жай түйүнү. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жер жаӊгак майы, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. Бордо – маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миӊ ''га''дан ашык).
Биздин заманга чейин 3-кылымдан Б у р д и г а л а деген ат менен белгилүү. 1235-жылы шаар укугун алган. 14-кылымдын башында ири соода жана кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Рим амфитеатрынын калдыктары, орто кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс жана барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Бордодо илимдер академиясы, университет, эл аралык университет, бизнес жогорку мектеби, илим-изилдөө борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Бордодо 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:16, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

БОРДО́ (Bordeaux) – Франциянын түштүк-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый облусунун аймагында. Жиронда департаментинин административдик борбору. Калкы 265 328 (2022; шаар айланасы менен 986,4 миӊ). Гаронна дарыясынын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (анын ичинен Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

Биржа аянты.

Биздин заманга чейин 3-кылымдан Б у р д и г а л а деген ат менен белгилүү. 1235-жылы шаар укугун алган. 14-кылымдын башында ири соода жана кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Рим амфитеатрынын калдыктары, орто кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс жана барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Бордодо илимдер академиясы, университет, эл аралык университет, бизнес жогорку мектеби, илим-изилдөө борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Бордодо 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.
Бордо – ири өнөр жай түйүнү. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жер жаӊгак майы, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. Бордо – маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миӊ гадан ашык).