КАЗАКСТАН: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 142 сап: | 142 сап: | ||
==Маданияты== | ==Маданияты== | ||
Казакстандын б и л и м б е р ү ү мекеме­лерине Илим жана билим берүү министрлиги же­текчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейин­ки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесип­тик), ортодон кийинки, жогорку, жогорку окуу жайлардан ки­йинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке че­йинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-бор­борлор жана башкалар) 1ден 5 жашка чейинки балдар тар­бияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаш­тан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5–10-класс), толук орто (10–12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү – 2–3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билим­ге ээ боло алат, окуу мөөнөтү – 1–2 жыл. Казакстанда 176 жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консер­ватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендия­ров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль- Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Кур­мангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) жана башкалар. Башкы илимий борбору – Казакстан улут­тук илимдер академиясы (1946). 40тан ашуун илимий-изилдөө институттарын камтыйт. Ил. изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) жана башкалар жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иш­тейт.<br>Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук массалык-маалымат каражаттары иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттер­ге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неде­ля» жана башкалар, көп тираждуу журналдарга «Конти­нент», «Мир Евразии» жана башкалар кирет. Массалык-маалымат каражаттарынын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923-жылдан иштейт. XXI кылымдын башында борбордук жана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курул­ган. 2006-жылы 18 телекөрсөтүү станциясы иште­ген. Негизги телерадио компаниясы – «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Рахат ТВ», «Казахстан» жана башкалар. Мамлекеттик маалымат агенттиги – Казак маа­лымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-жылы негиз­делген). | |||
кыскартылган программа | |||
[[File:КАЗАКСТАН92.png | thumb | Аль-Фараби | [[File:КАЗАКСТАН92.png | thumb | Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети. Алматы.]] | ||
Казакстандын а д а б и я т ы казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзия­лык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгар­масы Кадырали-бий Жалаирдин казак ханда­рынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаама­лар жыйнагы» (XVII кылымдын башы). Азыркы ка­зак адабияты XIX кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-жылы казак тилинде алгачкы гезит, 1911-жылы «Айкап» журналы жа­рык көргөн. 1912-жылы Семипалатинскиде алгач­кы басмакана пайда болуп, казак тилинде ки­тептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. XX кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жума­баев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев жана башкалар. 1920–1930-жылдары драматургия, проза­лык жанрлар – повесттер, романдар жана башкалар өнүккөн. 1950–1960-жылдарда Улуу Ата Мекен­дик согуш, XX кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн та­рыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мус­репов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеи­сов, «Кан жана тер», 1961–1970) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чы­гармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпо­пеясы, 1–4-бөлүк, 1942–1956, повесттери). С. Му­канов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Ша­ханов, К. Мухамеджанов жана башка акын-жазуучу­лар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым ко­шушту.<br>Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петрог­лифтер, карапа, коло жасалгалары жана башка нео­лит жана коло дооруна таандык. Каргалы кени­нен (биздин заманга чейинки II–биздин замандын II кылымы) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыкта­рынын тушунда (VIII–X кылымдар) Казакстан аймагында Исфи­жаб (XI кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаарлары өнүгүп, | |||
өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзия­лык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгар­масы Кадырали-бий Жалаирдин казак ханда­рынын генеологиясы | |||
өткөн (Д. Бабатайулы). 1870- | |||
өнүккөн. | |||
чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн та­рыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мус­репов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеи­сов, «Кан жана тер», | |||
[[File:КАЗАКСТАН93.png | thumb | none]] | [[File:КАЗАКСТАН93.png | thumb | none]] | ||
Түркстан шаарындагы Х. А. Ясави мавзолей комп­лекси ( | Түркстан шаарындагы Х. А. Ясави мавзолей комп­лекси (XIV кылым) чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ис­лам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, X–XI кылымдар, Айшабүбү, XI–XII кылымдар, Байтак, XIII кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. XIII кылымдын 2-жарымынан жа­ңы шаарлар (1370-жылы Ак Ордонун борбору – Сыг­нак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономика­сы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик куру­луштар (азыр Карагандыдагы Алаша хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган. XIV кылымдын аягында Ясы шаарында (азыркы Түркстан шаары) Хожа Ахмед Яссавинин күмбөз комп­лекси салынган. | ||
чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде | |||
[[File:КАЗАКСТАН94.png | thumb | Алматы. Мунаралуу чоң мечит.]] | [[File:КАЗАКСТАН94.png | thumb | Алматы. Мунаралуу чоң мечит.]] | ||
1920-жылдары жаңы үлгүдөгү архитектуралык курулуштар, (Кызыл-Ордо, Чымкент, Караганды, Алматы жана башка шаарлар) пайда бол­гон. 1990-жылдары Казакстанда учурдун талабына ылайык шаардык курулуштар жаңыланып, азыркы архитектуранын эң сонун үлгүлөрү [Казакстандын жаңы борбору – Астана (япон архитектору К. Ку­рокаванын генералдык планы боюнча), жаңы мо­нументтер Алматыдагы «Көз каранды эместик» (1996, архитектор Ш. Валиханов), Астанадагы «Аста­на–Байтерек» (2002, долбоордун идеясы Н. На­зарбаевдики), «Элдердин достугу» (2003, айкелчи С. Нарынов)] пайда болду. XIX кылымда орус сүрөтчүлөрү В. В. Верещагин. Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, ошондой эле Ч. Вали­хановдун казак элинин турмушун чагылдырып тарткан сүрөттөрү белгилүү болгон. Совет доо­рунда көркөм сүрөт өнөрү негизинен живопись (Х. Хожиков, С. И. Калмыков, А. Кастеев, У. Ажиев, А. Жусупов жана башкалар), графика (Г. А. Брылов, И. И. Савельев жана башкалар), айкел (А. А. Исаев, Я. К. Кусич, Х. Наурзбаев жана башкалар) ийгиликтүү | |||
өнүккөн.<br>Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин жана башка элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө ка­дыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик ас­паптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, до­булбас, XIX кылымдын аягынан сурнай таркаган. Ка­зак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Му­хит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курманга­зы Сагырбаев, Дина Нурпеисова жана башкалар чоң са­лым кошкон. XX кылымдын 20-жылдарында казак­тын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолу­на түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жо­лунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйба­ларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. <i>Затаевич</i> казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-жылы Казак эл ас­паптар мамлекеттик оркестри, 1935-жылы Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-жылы Ал­матыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-жылы Казак музыкалык театры (1937-жылдан | |||
Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, | |||
өнүккөн.<br> | |||
чет өлкөлөрдүн классикасына, | |||
[[File:КАЗАКСТАН95.png | thumb | Великанов В. В. «Камбар жана Назым» балетинен кө­рүнүш. Абай | [[File:КАЗАКСТАН95.png | thumb | Великанов В. В. «Камбар жана Назым» балетинен кө­рүнүш. Абай атындагы Казак опера жана балет театры.]] | ||
Казакстан опера жана балет театры) негизделген. 1934-жылы казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-жылы «Жал­быр», 1936-жылы «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартуу­ланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Ма­мыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-жылы Казак ССР композиторлор союзу уюшул­ган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Бруси­ловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-жылы Алматыда казак консерваториясы (1963–1972-жылдар Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-жылы Казак ССР Илимдер академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен | |||
«Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен | Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети жана башкалар жазылган. В. А. Ве­ликановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаев­дин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы жана башка белгилүү симфония­лык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркест­ри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүй­мөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Ша­бельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. За­таевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов жана башка композиторлордун тий­гизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн кө­рүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар – Р. жана М. Абдул­линдер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серке­баев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер – К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор – Г. До­гашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар – А. Жубанова, А. Мухамбетова жана башкалар. Казакстан эгемен­дүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ер­жанов жана башкалар ойношкон. | ||
Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары | |||
«Жигер» симфониясы | |||
«Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы | |||
«Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы | |||
өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ер­жанов | |||
1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» | 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» | ||
театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеи­това атн. Улуттук опера ж-а балет театры түзүл­гөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Рай­баев, Р. Байсеитова | театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеи­това атн. Улуттук опера ж-а балет театры түзүл­гөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Рай­баев, Р. Байсеитова жана башкалар чоң салым кошкон. XIX кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Аста­на) т е а т р ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-жылы театр има­раты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгач­кы казак театры 1926-жылы 13-январда М. Ауэзов­дун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961- жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драма театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей жана башка театрлары, облустук борборлордо жана шаарлар­да казак музыкалык-драмалык, куурчак жана башка театрлар бар. 1925-жылы Казакстанда «Казак Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын беш жылды­гы» (оператор Я. М. Толчан) даректүү тасма, 1939-жылы алгачкы көркөм тасма – «Амангел­ди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жам­бул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чо­кон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), | ||
1925- | «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экс­пресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) жана башкалар. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Берко­вич, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев жана башка режис­сёрлордун эмгеги зор. 1984-жылы «Казакфильм» ки­ностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйга­рылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тарап­туу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова жана башка казак артисттери кыргыз тасмаларын жаратууга ка­тышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чы­гармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шам­шиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» жана башкалар) экрандаштырган. | ||
«Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экс­пресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» | |||
(1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) | |||
Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, ак­робаттар болгон. XX кылымдын башында балбан Х. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаев­дин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-жылы Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Со­син жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-жылы Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Караган­дыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. Казакстандын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гим­насттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жу­магалиевдер жана башкалар. | |||
Ад.: <i>Сарынова Л. П.</i> Балетное искусство Казахстана. А.-А., 1976; <i>Кабдиева С. Д.</i> Фольклорные традиции в казахском театре. А.-А., 1986; <i>Шалабаева Б.</i> Зарождение и становление казахского романа. А.-А., 1990 (на казах. яз.); Изобразительное искусство советского Казахстана. А.-А., 1990; Физическая география Казакстана. Алматы, 1998; Республика Казахстан: Энциклопедический справочник. Алматы, 2001; Водные ресурсы Казакстана в новом тыся­челетии. Алматы, 2001; <i>Джумакова У.</i> Новые аспекты изучения казахской музыки ХХ в. в контексте независимости Республики // Духовное развитие общества: музыка и наука. Алматы, 2002; <i>Белый А., Валиханов А.</i> Тематический обзор: наименование климата. Астана, 2005; Ландшафтное и биологическое разнообразие в Республике Казахстан. Алматы, 2005; <i>Назарбаев Н. А.</i> Казахстан на пути ускоренной экономической, социальной и политической модер­низации. Алматы, 2005; <i>Артыкбаев Ж. О.</i> История Казахстана. Костанай, 2006; Национальный атлас Республики Казахстан. Т. 1. Алматы, 2006; <i>Чигар­кин А. В.</i> Геоэкология Казахстана (географические аспекты природополь­зования и охраны при­роды). Алматы, 2006; <i>Досымбаева А. М.</i> Запад­ный тюркский каганат: культурное наследие ка­захских степей. Алматы, 2 0 06 ; На ц ион а льн ы й доклад о состоянии ок­ружающей среды в Рес­ | Ад.: <i>Сарынова Л. П.</i> Балетное искусство Казахстана. А.-А., 1976; <i>Кабдиева С. Д.</i> Фольклорные традиции в казахском театре. А.-А., 1986; <i>Шалабаева Б.</i> Зарождение и становление казахского романа. А.-А., 1990 (на казах. яз.); Изобразительное искусство советского Казахстана. А.-А., 1990; Физическая география Казакстана. Алматы, 1998; Республика Казахстан: Энциклопедический справочник. Алматы, 2001; Водные ресурсы Казакстана в новом тыся­челетии. Алматы, 2001; <i>Джумакова У.</i> Новые аспекты изучения казахской музыки ХХ в. в контексте независимости Республики // Духовное развитие общества: музыка и наука. Алматы, 2002; <i>Белый А., Валиханов А.</i> Тематический обзор: наименование климата. Астана, 2005; Ландшафтное и биологическое разнообразие в Республике Казахстан. Алматы, 2005; <i>Назарбаев Н. А.</i> Казахстан на пути ускоренной экономической, социальной и политической модер­низации. Алматы, 2005; <i>Артыкбаев Ж. О.</i> История Казахстана. Костанай, 2006; Национальный атлас Республики Казахстан. Т. 1. Алматы, 2006; <i>Чигар­кин А. В.</i> Геоэкология Казахстана (географические аспекты природополь­зования и охраны при­роды). Алматы, 2006; <i>Досымбаева А. М.</i> Запад­ный тюркский каганат: культурное наследие ка­захских степей. Алматы, 2 0 06 ; На ц ион а льн ы й доклад о состоянии ок­ружающей среды в Рес­публике К а з а к с т ан в 2 0 06 г од у . Алм ат ы , 2007; <i>Досымбаева А. М.</i> Культурный комплекс тюркс ких кочевников Жетысу II в. до н. э. – V в. н. э. Алматы, 2007; <i>Байпаков К. М.</i> Древние г ород а К а з ах с т ан а . Алматы, 2007; <i>Шарипо­ва Г. А.</i> Интертекстуаль­ное пространство лите­ратуры: (диалоги русс­кой литературы XIX – начала XX вв. и казах­ской литературы XX в.). Астана, 2007. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
08:49, 4 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
КАЗАКСТАН , К а з а к с т а н Р е п у б л и к ас ы – Евразиянын борб. бөлүгүндөгү мамлекет.
Борб. Азиянын түн. бөлүгүндө; эң батыш четжакасы – Урал д-нын оң жээги Европанын чегинде. Түн.-батышынан, түндүгүнөн ж-а түн.-чыгышынан Россия, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Кырг-н, Өзбекстан ж-а Түркмөнстан м-н чектешет; батышынан Каспий деңизи м-н
чулганат. Аянты 2724,9 миң км2 (дүйнөдө 9-
орунда; кургактыктын 1,8% аянтын ээлейт); аймагы батыштан чыгышка 3000 кмдей, түндүктөн түштүккө 1600 кмдей созулат. Калкы 15,7 млн (2008). Борбору – Астана ш. Акча бирдиги – теңге. Мамл. тили – казак тили; мамл. мекемелерде ж-а жерг. өзүн-өзү башкаруу органдарында казак тили м-н кошо орус тили да расмий

колдонулат (бийлик ж-а башкаруу органдарында иш кагаздары казак тилине толук өткөрүлүүдө). Адм. жактан 14 облуска ж-а респ-га баш ийген 2 шаарга бөлүнөт (к. таблицаны).
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)К. – КМШга (1991-жылдан), БУУга (1992), Европа коопсуздук ж-а кызматташтык уюмуна (1992), ЭВФке (1992), Ислам конф-ясы уюмуна
(1995), ШКУга (2001) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К – унитардык мамлекет. К-дын Конституциясы 1995-ж. 30-августта референдумда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 (2007-жылга чейин – 7) жылдык мөөнөткө шайланган президент (бул биринчи президентке тийиштүү эмес). Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Мажилис ж-а Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу м-н президент тарабынан дайындалат. К-да көп партиялуу система орун алган. Ири партиялары: Улуттук-демокр. партия «Нур Отан», Коомдук социал-демокр. партия, К. демокр. партиясы «Ак-Жол», К. социал-демокр. партиясы «Ауыл», К. коммунисттик элдик партиясы.
Табияты
. К-дын аймагында көтөрүңкү түздүктөр ж-а сары-аркалар (бийикт. 500–600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100–250 м) 30%ин, тоолор (1000–4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийиктик амплитудасы –132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин. Өлкөнүн батыш бөлүгүн кум ж-а шор массивдүү Каспий бою ойдуңу ээлейт. Анын чыгышында эрозиялык Мушаттары (жарлары) – чинкалар; Алматыдан 200 км түн.-чыгыштагы Чарын (Шарын) д-нын шаңшаары (каньону); өлкөнүн түндүгүндөгү Боровой курортуна жакын жайгашкан Көкчө-Тоо аскалары ж-а көлдөрү ж. б. кирет.
К-дын аймагы негизинен Урал-Охота кыймылдуу алкагында жайгашкан, анын бүктөлүү структурасынын айрым жерлери жаш платформанын жабындысы м-н капталган. Борб. К. бүктөлүү облусу негизинен Казак Сары-Аркасына дал келип, догоо сымал 2 бүктөлүү системасына бөлүнөт: каледондук Түн. К. (түндүгүндө) ж-а герциндик Жунгар-Балкаш (түштүгүндө). Бул бүктөлүү облусунун чегинде архей-протерозой массивдери – Көкчө-Тоо, Арганат, Түн. ж-а Түш.

гожар жапыз тоосу (бийикт. 657 мге чейин, Чоң Боктыбай чокусу) көтөрүлөт. К-дын түш.-батыш четинде Маңкыштак ж. а. ж-а чөлдүү Үстүрт платосу жайгашкан. Андан чыгыштагы Туран ойдуңунда Арал бою, кум массивдүү – Кара-Кум ж-а Кызыл-Кум чөлдөрү орун алган. Түндүктөн К-дын аймагына Батыш Сибирь түздүгүнүн түш. чет жакасы (бийикт. 100–150 м) кирип турат. Аны түш.-батыштан Торгой платосу улап кетет. Өлкөнүн борб. бөлүгүн ээлеген Казак Сары- Аркасында бийикт. 1565 мге жеткен (Аксоран чокусу) калдык жапыз тоолор орун алган. Казак Сары-Аркасы түштүктө чөлдүү Бетпак-Талаа платосуна (деңиз деңг. орт. бийикт. 300– 350 м) өтөт. Өлкөнүн чыгыш, түш.-чыгыш бөлүктөрүндө тоолуу рельеф басымдуулук кылат; мында негизинен Алтайдын түш. бөлүгүнүн, Тарбагатайдын, Саурдун, Жети-Суу Ала-Тоосунун, Түн. ж-а Батыш Теңир-Тоонун орто бийик ж-а бийик кырка тоолору ички ж-а тоо аралык ойдуңдары м-н кезектешип жатат. Өзгөчө геоморфол. объектилерге Үстүрт платосунун тик ка-

Улуу-Тоо, Ак-Тоо-Моюн-Тоо, Макбал жайгашкан. К-дын түндүгүнө Түш. Уралдын герциндик структурасы кирип турат. Өлкөнүн батышын анын эң чуңкур бөлүгүн Орус платформасынын Каспий бою синеклизасы ээлейт. Түш.-батышына Жер ортолук деңиздик кыймылдуу алкагынын Түш. Туран плитасы кирет. Кен байлыктарга бай: кара ж-а түстүү металлдар, уран, алтын, нефть (запасы б-ча дүйнөдө 7-орунда), газ (13-орунда), агрардык-тех., хим. ж-а индустриялык сырьёлор.
К-дын аймагы мелүүн климаттык алкакта жайгашкан. К. Евразиянын борб. бөлүгүнөн орун алгандыктан, климаты кургакчыл ж-а кыйла континеттик. Жайында Азор, кышында Сибирь антициклондорунун таасири астында турат. Жыл бою кез-кезде батыштан, түн.-батыштан ж-а түндүктөн муздак аба массасы согуп турат. Январдын орт. темп-расы түндүгүндө ж-а чыгышында –18°Сден түздүктүү аймагынын эң түштүгүндө –3°Сге чейин; июлдуку түндүгүндө 19°Сден түштүгүндө 28–30°Сге чейин. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. К. жаанчачынга жалпысынан жарды, аймак б-ча бирдей жаабайт. Өлкөнүн түн. бөлүгүндө, токойлуу талаа зонасында жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү 300–400 мм, андан түштүктө, талаа зонасында 250 мм, жарым чөл ж-а чөл зоналарындагы түздүктөрдө 100–200 мм, түштүктөгү ж-а түш.-чыгыштагы тоолордо 500–1000 мм, Алтайдын батыш капталдарында 1600 ммге че-
йин. К-да жалпы аянты 1090 км2 болгон 1450 мөңгү бар, алардын көбү Жети-Суу Ала-Тоосунда, Теңир-Тоодо, Тарбагатайда, Алтайда жайгашкан.
К. дүйнөдө суу м-н аз камсыз болгон регионго
кирет. К-дын аймагында 39 миңдей дарыя ж-а сай бар, алардын 8 миңдейинин узундугу 10 кмден ашат. Ири дарыялары (К-дын чегиндеги узундугу): Иртыш (Ертис; 1700 км), Ишим (Есиль; 1400 км), Сыр-Дарыя (1400 км), Урал (Жайык; 1082 км). Өлкөнүн түн. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндөгү дарыялар (Иртыш ж-а анын куймалары – Ишим, Тобол) Түн. Муз океандын, көп дарыялары ички Каспий деңизинин (Урал, Эмба), Арал деңизинин (Сыр-Дарыя), Балкаш көлүнүн (Иле), Тенгиз көлүнүн (Нура) алаптарына кирет. К-дын аймагында жалпы аянты 45 миң км2ден ашык 48 миңден ашуун көл бар, алардын көбү – аянты 1 км2ден ашпаган чакан көлдөр. Ири көлдөрү: өлкөнүн борб. бөлүгүндөгү Балкаш, Тенгиз, Жонгор капкасындагы Ала-Көл, Сасык-Көл,
чыгыштагы Зайсан, Маркакөл. Дүйнөдөгү ири көлдөрдүн – Каспий ж-а Арал деңиздеринин акваторияларынын айрым бөлүктөрү да К-га таандык. Жалпы көлөмү 95,5 км3ден ашкан 200дөн ашкан суу сактагыч бар; аларга Сыр- Дарыядагы (5,5 км3) Буктурма, Капчыгай, Чардарыя (Шардара), Тобол д-ндагы Жогорку Тобол (0,82 км3), Каратомар (0,59 км3), Ишим д-ндагы Сергеев (0,7 км3) суу сактагычтары кирет. Агын суулардын жалпы жылдык орт. ресурсу 100,5 км3, анын 56,5 км3и гана К-дын аймагында түзүлүп, 44 км3и чектеш өлкөлөрдөн – Кытай, Өзбекстан, Кырг-н, Россиянын аймактарынан агып түшөт. Жер астындагы суунун жылдык жалпы запасы 15,83 км3 болгон 626 кени ж-а участогу чалгындалган; анын 50%ке жакыны өлкөнүн түш., 20%и батыш аймактарында.
К. аймагынын континенттин ички бөлүгүндө жайгашкандыгы, аймактын кеңдик ж-а узундук б-ча зор аралыкка созулушу, тоо ж-а түздүк рельефинин кезектешип жатышы ландшафттык ж-а биол. ар түрдүүлүккө өбөлгө түзөт. Түздүктөрдө кеңдик, тоолордо бийиктик алкактуулук даана байкалат. Өлкөнүн түндүгүндөгү токойлуу талаа зонасынын жегичтүү кара топурагы түштүктү карай мелүүн кургакчыл талаанын кадимки кара, мелүүн кургак талаанын каралжын каштан, кургак талаанын кадимки каштан, жарым чөлдүн ачык каштан топурактары м-н алмашат. Түздүк топурактуу аймактын аянтынын 1/ ин коңур чөл-талаа ж-а ачык-коңур
чөл топурактары ээлеп, кумдуу ж-а такыр сымал топурактардын зор массивдери м-н кезектешип жатат. Батыш ж-а Түн. Теңир-Тоонун этектериндеги түздүктөрдө ж-а этек тоолордо боз ж-а ачык каштан топурактары басымдуулук кылат. Түн. Теңир-Тоонун, Саурдун, Тарбагатайдын, Батыш Алтайдын жапыз тоолоруна мүнөздүү тоонун каштан ж-а тоонун кара топурактары өйдөлөгөн сайын тоо токоюнун боз ж-а токойдун каралжын топурактары м-н алмашат. Токойдун жогорку чегинен өйдө тоо-шалбаа топурактары өрчүгөн. Дыйканчылыкка жараксыз же аз пайдаланылган топурактуу жерлер да арбын; мис., кумдуу массивдер 27 млн га, шор жерлер 20 млн га аянтты ээлейт. Жалпысынан топурак кыртышынын табигый күрдүүлүгү төмөн, эрозияга, дефляцияга, шордонууга ж. б. жагымсыз процесстерге кыйла дуушарланган. 1950–80-жылдары ургаалдуу пайдаланылган 11 млн га дың жер кийин аңызга айланып, чириндиси азайып арыктап кеткен.
Өлкөнүн түндүгүндө, токойлуу талаа зонасында ж-а талаа зонасынын түн. бөлүгүндө дүйүм
чөптүү-кылкан өсүмдүктүү талаа (ак кылкан, бетеге, коңур баш, тоо сулусу, кыяк, шыбак), суу жайылмаларында түбү боштуу ж-а буудайытуу шалбаа таралган. Байтерек-кайыңдуу то-

кой массивдери, кызыл карагайлуу токойчолор кездешет. Кургак талаага бетеге-ак кылкандуу
өсүмдүк жамаатташтыгы мүнөздүү. Жарым чөлдөрдө шыбак-кылкандуу өсүмдүктөр үстөмдүк кылат. Чополуу ж-а шагылдуу чөлдөрдө ксерофиттик бадалдар ж-а бадалчалар, а. и. галофиттер (прутняк, сарсазан, бүргөн, кокпек, солерос, ак ж-а кара шыбак, түлкү машак, жантак, терскен, тамариск ж. б.) да өсөт. Кумдуу
чөлдөргө псаммофиттер (кум шыбагы, кум сулуусу, жузгун, кум акациясы, ак сөксөөл ж. б.) мүнөздүү. Кызыл-Кум кумдарында кара сөксөөлдөр кездешет. Кырка тоолордун капталдарынын төмөнкү бөлүктөрүнө ж-а этек тоолорго талаа
өсүмдүктөрү мүнөздүү. Андан өйдө бадалдар – ит мурун, шилби, бөрү карагат өсөт; Иле Ала- Тоосунун түн. капталдарында жапайы ж-а экме алма токойлору, долоно кездешет. Алтай ж-а Жети-Суу Ала-Тоолорунун орто бийик тоолорундагы ийне жалбырактуу токойлорго Сибирь кара карагайы, карагай, кызыл карагай, көк карагай, кедр (бал карагай) ж. б., Теңир-Тоого карагай мүнөздүү. Токойдон жогору жаткан субальп ж-а альп шалбаасы баалуу жайыт болуп саналат. Теңир-Тоонун кырка тоолорунун кырларына жакын арча (өрөк арча) токойлору кездешет.
К-да өзгөчө коргоого алынган 109 табигый аймак бөлүнгөн, ал өлкөнүн аймагынын 5,4%ин ээлейт. Ага 10 корук (Ак-Суу–Жабаглы, Алматы, Ала-Көл, Барса-Келбес, Батыш Алтай, Кара- Тоо, Коргалжын, Наурзум, Маркакөл, Үстүрт), 10 улуттук парк (Алтын-Эмел, Баянаул, Бурабай, Иле-Ала-Тоо, Каркаралы, Катон-Карагай, Көкчө-Тоо, Чарын, Сайрам-Угам, Көл-Сай), 50 табигый корукча (заказник; геол., ботан., зоол., көл, саз, ландшафттык ж. б.), 26 табият эстелиги, 5 ботан. бак ж. б., 2 табият резерваты (Ертис орманы, Семей орманы) кирет. Коргоого

алынган бул аймактар негизинен жер бетинин экосистемасын ж-а өсүмдүк жамаатташтыгын камтыйт. Респ-нын аймагы аркылуу суу-сазда жашоочу куштардын 140 түрү учуп өтөт; анын
11 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.
Бул сейрек ж-а эндемик куштардын популяциясын сактоо максатында жалпы аянты 17 миң км2 болгон глобалдуу маанидеги жер коргоого алынган. Алар негизинен К-дын борб., түш.-
чыгыш ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жайгашкан. Коргалжын ж-а Иргиз-Торгой көлдөр системасы Рамсар конвенциясы тарабынан коргоого алынган.
Калкы
. Калкынын басымдуу бөлүгүн (53,4%) казактар түзөт (1999-жылкы эл каттоо б-ча). Орус (30%), украин (3,7), немис (2,4) улуттары негизинен өлкөнүн түн. ж-а чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын татар (1,7%), уйгур (1,4), беларус (0,7), корей (0,7), азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт. Калкынын жылдык орт. табигый өсүү темпи жогору: 2005-ж. 1000 тургунга 8,0 адам, 1999-ж. 4,6 адам туура келген. Төрөлүү 1000 тургунга 18,4 бала, өлүмжитим 1000 тургунга 10,4 адам туура келет (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын

26,2%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар 63,4%ин, карыгандар 10,4%ин түзөт. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы 65,9 жыл (эркектердики 60,3, аялдардыкы 71,8 жыл). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 5,6 адам туура келет (2006; Евразиядагы эң төмөнкү көрсөткүч). Калк өлкөнүн түш., түн. ж-а чыгыш обл-нда жыш, батыш ж-а түш.-батыш обл-нда салыштырмалуу сейрек отурукташкан. Динге ишенгендери негизинен – мусулман-сунниттер. Шаар калкы 57,1% (2006). Ири шаарлары: Алматы ( калкы 1247,9 миң), Астана (550,4 миң), Чымкент (526,1 миң), Караганды (446,1 миң), Тараз (336,1 миң), Павлодар (295,7 миң), Усть-Каменогорск (288,5 миң), Семипалатинск (Семей; 277,3 миң), Ак- Төбө (258,0 миң), Костанай (207,8), Уральск (202,0 миң).
Тарыхы
. Археол. изилдөөлөр К-дын аймагында евразиялык микроиндустриялык Ашель (болжол м-н 1 млн 200 миң жыл мурда) доорунда эле адам жашаганын далилдейт. Кара-Тоо тоо кыркасынын түш.-батыш бетинин тоо этеги м-н Сыр-Дарыя өрөөнүнүн (Кош-Коргон, Чок- Таш) ортосундагы аймактарда алгачкы адамдар жашаган. Ортоңку палеолитке (Мустье доору) Кара-Суу (3 баскычтан турат), Кара-Тоо тургун жайлары, жогорку палеолитке Вишнёвка, Кудайкөл, Ч. Валиханов атн., Шульбинка эстеликтери таандык. Мезолит доору К-дын түн. ж-а түн.-чыгыш аймактарында (чакан топтордун устаканалары, тургун жайлары) жакшы изилденген. Неолит К-дын түн. ж-а түн.-батышында кельтеминар мад-тынын (б. з. ч. 6-миң жылдыктын аягы – 5-миң жылдык) варианты м-н көрсөтүлгөн. Волга-урал, орёл, маханжар, атбасар, сероглаз мад-ттарына таандык эстеликтер К-дын батыш, түн.-батыш ж-а түндүгүнөн, Усть-нарымск мад-тына таандык эстеликтер (дарыянын боюнда кайыктын формасындай Шидерты-3 көрүстөнү, Железинка кыш-на жакын жердеги мүрзөлөр) К-дын чыгышынан табылган.
Алгачкы металл доорунун башталышында
(б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягы – 3-миң жыл-

Жети-Суудагы соңку коло дооруна таандык коло буюмдар. дык) К. аймагынын көбүндө терсек, ботай, Иртыш боюнда шидерты ж-а усть-нарым тибиндеги, Волга-Урал аралыгында каспий бою ж-а хвалын-ортотог ж. б. мад-ттар өкүм сүрүп, мал чарбачылык ж-а металл иштетүүнүн белгилери байкалат. Урал-казак талааларында ямный ж-а афанасьев мад-ттарына Карагаш ж. б. көрүстөндөр таандык. Кечки коло дооруна (б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башы) андрон мад-ты ж-а аны алмаштырган валик карапа мад-ты тиешелүү. Иртыш бою аймагында елунин мад-ты, кийин армен мад-ты өкүм сүргөн. Коло доорунда таш бетинде петроглифтер пайда боло баштаган. Алгачкы темир доору (б. з. ч. 8–7-к-да) сак-массагет, савромат, сармат, саргат археол. мад-ттарынын эстеликтери м-н көрсөтүлгөн. Бул мад-ттарга Бесшатыр, Ысык, Тагискен, Уйгарак, Чиликти, Берел, Байкара ж. б. комплекстери таандык. К-дын түн. аймагында б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягы – б. з. 1-миң жылдыктын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку агымында отрар-каратоо м-н куаунчин мад-ттары өнүккөн. Мурда бул жерлер Кангүй мамлекетинин курамында болгон. Жети-Суу аймагында табылган эстеликтердин көбү усундар м-н байланышкан. К-дын батыш аймактарындагы эстеликтер (Лебедевка ж-а Кырык-Оба көрүстөндөрү) сармат археол. мад-тына, Тобол ж-а Ишим д. аралыгындагылар саргат мад-тына таандык (4-к-га чейинки мезгил). Элдердин улуу көчүү доорунда хунндардын таасиринен алгачкы темир доорунун мад-ттарынын кээ бирлери жоголуп кеткен. К. аймактарындагы мад-ттардын өнүгүшүнө Улуу Жибек жолу чоң таасирин тийгизген. Б. з. ч. 7–4-к-да К-дын аймагын уруу союздары мекендеген, алардын ириси сактар болгон. Б. з. ч. 4– 2-к-да К-да усундардын (Жети-Сууда), каңлылардын (Кара-Тоо ж-а Сыр-Дарыя р-ну), аландардын (Арал ж-а Каспий деңиздер аралыгы) уруу союздары куралган. Калк көчмөн мал чарбасы ж-а дыйканчылык м-н кесиптенген. 6-кдын 2-жарымында К-дын аймагы Түрк кагандыгынын (кийин Батыш түрк кагандыгы) курамына кирген. Щучье көлүнө (Боровое) жакын жерде түрк эстеликтерине тиешелүү канжар,

анын катарындагы эстеликтерден 1-миң жылдыктын 2-жарымына таандык көрүстөндөрдө аты м-н кошо көмүлгөн маркумдун сөөгү табылган (6-к.). 6–8-к-да соода өнүгүп, жаңы мамл. бирикмелер пайда болгон. К-дын түн. ж-а борб. аймактарында шаарлар [Тараз, Исфижаб (Сайрам), Усбаникент, Отрар, Шавгар (Түркстан ш.), Сауран, Сыгнак, Кулан, Кайлык, Талгар] өсө баштаган. 11–12-к-да негизинен К-дын түн. аймактарында чоң ж-а кичине шаарлардын саны 200гө жеткен. К-да 8-к-дын башында Түргөш кагандыгы, 8-к-дын 2-жарымында Карлук кагандыгы өкүм сүргөн (766-ж.). 8–10-к-да К-дын түштүгүндө суннит багытындагы ислам дини жайылган. Казак эли көчмөн эл болгондуктан, исламды баары бирдей кабыл алган эмес. Ислам дининен тышкары зороастризм, буддизм, христиан диндери да болгон. 9–11-к-да К-дын батыш ж-а түш.-батыш аймагы Огуздар мамлекетине кирген; түн.-чыгыш ж-а борб. бөлүктөрүн кимактар м-н кыпчактар мекендеген. Ошол кезде К-дын аймагы Дешт-и-Кыпчак деп аталган. 10-к-дын 1-жарымында Жети-Сууга Чыгыш Түркстандан келген ягма түрк уруусу Карлук кагандыгын кулатып, Караханиддер мамлекетин түзүшкөн. 10-к-дын аягында – 11-к-дын 1-жарымында Караханиддер Кашкар, Жети-Суу, Мавераннахрды каратып алышкан. 11-к-дын 2- жарымында Караханиддердин арасында ич ара талаш-тартыштар башталып, сельжуктар Мавераннахрды басып алышкан. 1130-ж. Жети- Сууну басып алган кара кытайлар Караханиддер мамлекетин кулатып, Борб. Азияда өз мамлекетин түзгөн. 12-к-дын ортосунда Кара кытай мамлекетинин начарлашынан улам, андан Хорезм бөлүнүп чыккан. 1219–21-ж. К. аймагына моңголдор басып кирип, көптөгөн шаарлар талкаланган. Моңголдордун тушунда К-дын көпчүлүк аймагы Алтын Ордого, ал жоюлган соң Ак Ордо, Көк Ордо, Моголстан, Сибирь, 14- к-дын аягы – 15-к-дын башында Ногой Ордо ж-а Өзбек хандыктарынын курамына кирген. Ногой Ордо Жайык (Урал) ж-а Волга д-нын аралыгындагы аймакты, Өзбек хандыгы Арал деңизинен батышты көздөй Урал д-на, түштүгү Тобол д-на, чыгышы Иртыш д-на чейинки аймактарды ээлеген. Өзбек хандыгынын эли «өзбек-казактар» деп аталган (орус тарыхый булактарда «киргизы»). Феодалдык ич ара чыр-чатактын, эзүүнүн айынан казак уруулары Өзбек хандыгынын аймагынан Жети-Сууга (Чүй, Талас) оогон. 15-к-дын 2-жарымы – 16-к-дын башында Жети-Сууда Казак хандыгы түзүлгөн. 16-кдын ортосунда Ногой Ордо, кийин Моголстан, Сибирь хандыктары кулап, алардын курамындагы казак уруулары Казак хандыгына кошулган. Казак хандыгы Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз деп бөлүнүп (к. Жүз), казак элинин калыптануу процесси аяктаган. 19-к-дын башында Казак хандыгы жоюлуп (1847), аталган жүздөрдүн аймактарында өз алдынча хандыктар пайда болгон. 18-к-дын 1-жарымында казактар Жуңгар хандыгынын (ойроттор) тынымсыз чабуулуна дуушар болгон. Казактар кол жыйнап, бир нече жолу (1710, 1728, 1729) жуңгарларга каршы сокку урган, бирок жуңгарларды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, Россиянын курамына кирүүнү көздөшкөн. 1731-ж. Кичүү Жүз (Абулхайрдын демилгеси м-н), 1740-ж. Орто жүз (Абылай хандын күчү м-н) Россиянын курамына кошулган. 18-к-дын аягында К-дын түш. аймактарын Кокон хандыгы каратып алган.18- к-дын 2-жарымынан К-дын Россия м-н экон. ж-а саясий мамилелери бекемделген. 1820-жылдардын аягында Бөкөй хан ж-а Вали каган каза болгондон кийин, Россия Орто жүздөгү хандык бийликти жоюп, 1822-ж. жаңы башкаруу системасын киргизген. М. М. Сперанский иштеп чыккан «Сибирдик кыргыздар жөнүндө устав» б-ча 8 округ түзүлүп, округдар болуштуктарга (волост) бөлүнүп, султандар (Чынгызхан тукуму) башкарган. Аларга орус армиясынын офицер наамдары ыйгарылган. 1824-ж. Кичүү жүздө хандык бийлик жоюлуп, анын үчкө бөлүнгөн аймагына да султандар бийлик жүргүзгөн. Россиянын курамына киргенден кийин казак ак сөөктөрүнүн укуктары чектелген. Натыйжада 19-к-дын 1-жарымында Россия империясына, о. эле Кокон бийлигине каршы (1809, 1821) К. аймактарында элдик көтөрүлүштөр болгон. 1840- жылдары султан Кенесары Касымов өзүн хан деп жарыялап, казактарды бириктирип, өзүнчө башкаруу үчүн орустарга каршы күрөшкөн. 19- к-дын ортосунда Урал ж-а Волга д-нын аралыгындагы аймакта Бөкөй Ордосу түзүлгөн (1876- жылга чейин). 19-к-дын 2-жарымында Россиянын курамындагы казак жерлерине кокондуктар м-н хивалыктар кол салып турган. Алардан коргонуу үчүн Сыр-Дарыя, Иргиз ж-а Торгой д-нын жээктерин чыңдашкан. 1853-ж. орустар кокондуктардын Ак-Мечит (кийин Перовск) чебин басып алган. Ак-Мечит чеби аркылуу орустар аскерин К-дын түш. аймактарына жиберүүгө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1846-ж. Иле д-на чейинки Жети-Суунун бир бөлүгү Россия империясынын курамына кирген. 1854-ж. Верный чеби курулуп, Батыш Сибирден Жети-Сууга көптөгөн орус дыйкандары м-н казактар көчүп келе баштаган. Улуу жүздүн аймагына Россиянын таасирин төмөндөтүүгө Кокон хандыгы көп аракеттенген. 1860-ж. Кокон аскерлери орустардан жеңилип, Россия империясы толугу м-н Жети- Суунун аймагын өзүнө караткан. Падышалык өкмөт адм. башкаруу реформасын жүргүзгөн. Үч жүз тең жоюлган. 1867-ж. Жети-Суу ж-а Сыр- Дарыя обл. түзүлүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна караган. 1868-ж. Урал ж-а Торгой обл. Оренбург генерал-губернаторлугунун, Акмоло
м-н Семипалатинск обл. Батыш-Сибирь генералгубернаторлугунун курамына кирген. Облус уездге, уезд болуштукка, болуштук айылга (100– 200 түтүн) бөлүнгөн. Жердин баары мамлекеттештирилип, облустарда россиялык мыйзамдар б-ча иш жүргүзгөн соттор, бий соттору негизделген. 19-к-дын 2-жарымынан К-дын чарбасына орус дыйкандарынын чарбасы (жер иштетүү ж. б.) таасирин тийгизген. Верный, Семипалатинск сыяктуу шаарлар көбөйө баштаган. Транссибирь магистралы ж-а Оренбург-Ташкент т. ж. (1901–05) курулган. 20-к-дын башында нефть алуу өнүгө баштаган. Россия губернияларында жер тартыш болгондуктан, падышалык өкмөт Столыпиндик агрардык реформа б-ча орус дыйкандарын Чыгышты көздөй көчүргөн. Натыйжада Акмоло, Торгой, Урал ж-а Семипалатинск обл-на 1906–12-жылдары 438 миңден ашык дыйкан көчүп келген. Социалдык ж-а колониялык эзүү казак элинин нааразылыгын туудурган. 18–19-к-да С. Датовдун, И. Таймановдун ж-а М. Өтөмисевдин жетекчилиги м-н козголоңдор чыккан. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде салыктын көбөйүшү, элдин экон. абалынын начарлашы ж-а казактардын тылдагы жумуштарга алынышынын натыйжасында падышалык бийликке каршы элдин нааразылыгынын күч алышынан улам чыккан дыйкандар козголоңу улуттук-боштондук көтөрүлүшкө (1916) айланган. Көтөрүлүш басылып, ага катышкандардын көбү атылып, сүргүнгө айдалып, калгандары Кытайга качкан. Февраль рев-ясынан (1917) кийин К-да кош бийлик [Убактылуу өкмөт (Ташкенттеги Түркстан к-ти, обл., уезддик к-ттер, шаарларда ж-а болуштуктарда комиссариаттар) ж-а Советтер (эсерлер, меньшевиктер, большевиктер)] өкүм сүргөн. 1917-ж. июнда А. Бөкейханов жетектеген казактардын улуттук «Алаш» партиясы, декабрда «Алаш Ордо» өкмөтү түзүлгөн. Бул өкмөт улуттук автономия түзүү максатында Совет бийлигине каршы күрөшүп, жарандык согушта ак гвардиячыларды (Колчак), ак казактарды (Дутов), падышалык генералдарды колдогон. К-дын көп бөлүгүн ак гвардиячылар басып алган. Ак гвардиячылардын тылында жашыруун большевиктик уюмдар жетектеген партизандык кыймыл кеңири кулач жайган. Оренбург, Жети-Суу, Урал фронттору түзүлгөн. К-да Совет бийлиги 1917-ж. ноябрь – 1918-ж. март аралыгында орногон. Бирок 1918-ж. жайында түн.-чыгышы ж-а батышы ак гвардиячылардын колунда калган. Ал аймактар 1919- жылдын 2-жарымында – 1920-жылдын башында М. В. Фрунзе жетектеген Кызыл Армиянын бөлүктөрү тарабынан толук бошотулуп, К-дын бүт аймагында Совет бийлиги орногон. РСФСР ББАК ж-а ЭКСтин 1920-ж. 26-августтагы декрети б-ча РСФСРдин карамагына кирген Кыргыз АССРи (борбору Оренбург) түзүлгөн. Кыргыз АССРинин курамына Акмоло, Семипалатинск, Урал, Торгой обл., о. эле Закаспий облнун бир бөлүгү ж-а Астрахань губерниясы кирген. 1921–22-ж. жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын негизинде Россиядан көчүп келген орус дыйкандарынын мурда казактардан тартып алган жерлеринин көбү кайра жерг. элге кайтарылган. 1924–25-ж. О. Азияда улуттук-мамл. бөлүнүү башталып, Жети-Суу ж-а Сыр-Дарыя обл-нун түн. аймактары Кыргыз АССРинин курамына кирген. 1925-ж. апрелде Казак АССРи деп аталып, борбору Оренбургдан Кызыл-Ордо ш-на көчүрүлгөн. 1926–29-ж. казак айылдарында «советтештирүү» саясаты жүргүзүлүп, өлкөдө агартуу иши өнүгө баштаган. 1929-ж. К. борбору Алма-Ата ш. болуп калган. 1936-ж. Казак АССРи Казак ССРине айланган. 1941- жылдары индустриялаштыруу мезгилинде К-да 200дөй ири ө. ж. ишканалары (а. и. Чымкент коргошун ишканасы, Балкаш жез эритүү з-ду, Караганды көмүр базасы, Түрксиб т. ж. ж. б.) курулган. 1937-ж. коллективдештирүү саясатынын жүргүзүлүшү м-н дыйкан чарбасынын 97,5%и колхоздорго кирген. Бирок а. ч-ндагы соц. өзгөрүүлөр дыйкандар м-н малчыларга чоң зыян алып келген. Малдын саны азайып, ачкачылык башталып, казактардын көбү Кырг-нга, Кытайга ж. б. көчүп кетишкен. Натыйжада 1931–33-ж. К-дын калкы 1,8 млнго кыскарган. 1920–30-жылдары К-да илим тез өнүгүп, жогорку окуу жайлар, ил. мекемелер ачылган. 1932-ж. СССР ИАнын К-дагы базасы уюштурулуп, айрым илимдер б-ча изилдөөлөр жүргүзүлүп, улуттук илимпоздорду даярдаган. Ал база 1938-ж. СССР ИАнын филиалына айланып, К-дан көрүнүктүү окумуштуулар чыга баштаган: геолог К. И. Сатпаев, тилчи Н. Т. Сауранбаев, укук таануучу С. В. Юшков, микробиолог И. Г. Галузо, астрофизик Г. А. Тихов, химик А. Б. Бектуров, жазуучу М. Ауэзов, музыкант А. К. Жубанов ж. б. 1945-ж. Казак ССР ИА (туңгуч президенти – К. И. Сатпаев) ачылган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында К. өлкөнүн күчтүү согуштук арсеналына айланган. Мында эвакуацияланган 140тан ашык ишкана жайгаштырылып, иштей баштаган. К. коло, молибден, коргошун, көмүр, эт, булгаары, жүн ж. б. продукцияларды берүү б-ча союздук респлардын ичинен биринчи орунда турган. Улуу Ата Мекендик согушка К-дан 100 миң адам жөнөп, а. и. 512 жоокер Сов. Союз. Баатыры (төртөө эки жолу), 60 миңден ашык жоокер орден ж-а медалдар м-н сыйланган. Согуш жылдарында К-га Волга боюндагы немистер, крым татарлары, ингуштар, балкарлар, карачайлар, калмактар, чечендер (1937–38-ж. корейлер, ирандыктар, курддар) депортацияланган. 1957-ж. чечен, ингуш, балкар, карачай ж-а калмактар реабилитацияланып, кайра өз мекендерине кайтууга уруксат берилген. К-дын аймагы (Семипалатинск ядролук полигону) ядролук сыноолорду жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан, согуштан кийин Борб. К-да Байкоңур космодрому курулган. 1954-ж. СССР жетекчилигинин дың жерлерди өздөштүрүү ж-дө кабыл алган чечиминин негизинде 1956-ж. Түн. К-дагы көптөгөн дың жерлер иштетилип, дан өсүмдүктөрү көп түшүм берген, бирок кийин табигый себептерден дың жерлер түшүм бербей, 1960-жылдары жер иштетүү абдан начар абалга келген. 1960–62-, 1964–86-ж. К. КП БКны Д. А. Кунаев жетектеген. 1980-жылдары сов. коомдун терс жактары – бюрократизм, паракорчулук көбөйүп, элдин нааразычылыгына алып келген, о. эле казактардын Улуу, Орто, Кичүү жүздөргө бөлүнүшү улуттар аралык мамилени начарлаткан. 1986-ж. кайра куруу саясатынын башталышында улуттар ортосунда тирешүүлөр күч алган. К-дын жерг. калкынын кызыкчылыктарын эске албай, Д. А. Кунаевди
Чарбасы
. К. – өтмө экон. деңгээлдеги өлкөлөрдүн тобуна кирген, чарба жүргүзүүдө рыноктук мамиленин негизинде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 143,4 млрд доллар (2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 9,4 доллардан туура келет. Экон. өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчү – отун-энергетикалык ж-а минералдык сырьё ресурстары, ири ө. ж. потенциалы ж-а агр. өндүрүшү. Нефть казып алуудан ж-а аны экспорттоодон түшкөн киреше бюджеттин негизги булагы болуп саналат. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 54,2%, ө. ж-ныкы 31,4%, курулуштуку 7,7%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 6,7%. Мамл. сектордогу ишканалардын ИДПдеги үлүшү 20%. Ө. ж-нын башкы тармагы – тоо-кен казып алуу (2006-ж. ө. ж. продукциясынын жалпы
наркынын 60%ке жакынын түзгөн, анын 9/ 10у-
нан ашыгы нефть, газ конденсаты). Ө. ж. продукциясынын наркынын 37%и иштеп чыгаруу
ө. ж-на, 3%и электр-энергетика, суу ж-а жылуулук м-н камсыз кылууга туура келет. Иштеп
чыгаруу ө. ж-нын эң маанилүү тармактары: кара
ж-а түстүү металлургия (продукциянын наркынын 39,6%и; 2006), тамак-аш ө. ж. (25,0%), машина куруу (9,7%), кокс, нефть продуктулары, ядролук материалдар өндүрүштөрү (9,0%). Энергияны пайдалануу структурасында 52%ти көмүр (таш ж-а күрөң көмүр), 25%ти табигый газ, 19%и нефть, 4%ти суу энергиясы түзөт. 2006-ж. 64,8 млн т нефть ж-а газ конденсаты
өндүрүлгөн. Нефть негизинен респ-нын батыш бөлүгүнөн (Маңгыстоо, Атрау, Батыш К., Ак- Төбө обл.), о. эле түштүктө – Кызыл-Ордо облнан казылып алынат. Казылып алынган нефтинин 90%ке жакыны экспорттолот. Экспорттолчу нефтинин 3/ ү нефть куурлары аркылуу ташылат; анын 43%и Атрау – Новороссийск (уз. 1510 км), 27%и Атрау – Самара нефть куурларына туура келет. Ата-Суу (Караганды обл.) – Алашанькоу (Кытай) нефть куурунун экспорттук мааниси жогорулоодо. Экспорттук нефтинин 17%ке жакыны Атырау, Ак-Тоо деңиз порттору ж-а Курык бухтасындагы (Маңгыстоо обл.) терминал аркылуу жөнөтүлөт. Нефть о. эле т. ж. транспорту аркылуу да (негизинен Кытайга) ташылат. Казак нефтисин негизинен – Европа өлкөлөрү алат. 2006-ж. 12 млн тга жакын нефть ылганган. Үч нефть ылгоочу з-ду (Атрау, Павлодар, Чымкент ш-нда) иштейт; жылына 2,5 млн т бензин, 3,7 млн т дизель майын, 3,5 млн т мазут чыгарат. Өлкө
2006-ж. 27 млрд м3 газ өндүргөн. К. табигый газ б-ча нетто-импортер, ал газга болгон муктаждыгынын ¼ бөлүгүн Россия, Өзбекстан ж-а Түркмөнстандан алат. Газдын ½и Батыш Казакстандан казылып алынат; табигый ж-а нефть м-н кошо алынган күйүүчү газ о. эле Атырау, Маңгыстоо, Ак-Төбө обл-нан өндүрүлөт. Жылдык жалпы кубаттуулугу 8 млрд м3 болгон нефть ылгоочу 4 з-д иштейт; алар Жаңы-Өзөн, Тенгиз, Жаңы-Жол, Карачаганак ш-нда жайгашкан. Өткөрүмдүүлүгү жылына 150 млрд м3 болгон магистралдык газ куурлар системасы, жер алдындагы газ сактоочу 3 жай (жалпы сыйымдуулугу 4 млрд м3) иштейт. К-дын аймагы аркылуу Өзбекстандан, Россиядан транзиттик магистралдык газ куурлары (Орто Азия – Борбор ж-а Бухара – Урал) өтөт. 2007-ж. Россиянын, К-дын ж-а Түркмөнстандын өкмөттөрү

тарабынан түзүлгөн келишим б-ча Түркмөнстандын газы К-дын аймагы аркылуу Россияга ж-а Европа өлкөлөрүнө берилмекчи. 2006-ж. 94,3 млн т көмүр казылып алынып, 23–24 млн т экспорттолгон (негизинен Россияга). Казылып жаткан негизги кендери: Караганды, Экибастуз көмүр бассейндери, Шубаркол, Борлы (Караганды обл-нда), Каражыра (Чыгыш К. обл-нда) таш көмүр кендери; күрөң көмүр Павлодар обл-ндагы Майкүбө бассейнинен казылып алынат. Жалпы казылып алынган көмүрдүн 2/ си Павлодар, 1/ и Караганды обл-на туура келет. Электр станциялардын аныкталган кубаттуулугу 18,3 миң МВт (2006). 2006-ж. 71,7 млрд кВт·саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 85%и ЖЭСке таандык. Ири ЖЭСтери: Экибастуз 1
Ред. Текст жок
(был (

Темир-Тоодогу металлургия комбинаты.
жалда байытылат), хром (3,6 млн т; Ак-Төбө обл.), марганец (2,2 млн т; Караганды обл.) кенташтары казылып алынат. 2005-ж. 3,6 млн т чоюн, 4,6 млн т болот, 3,3 млн т кара металл прокаты, 1,5 млн т темир куймасы өндүрүлгөн. Түстүү металлургия – өлкөнүн экономикасынын маанилүү экспорттук тармагы. 2005-ж. 34 млн т жез кенташы казылып алынган, 418 миң т чакмакталган жез өндүрүлгөн. 2005-ж. 6,6 млн т коргошун-цинк кенташы казылып алынып, 135,4 миң т коргошун, 357,1 миң т цинк өндүрүлгөн. Коргошун ж-а цинк кендеринен о. эле 20дан ашык түрдүү компоненттер, а. и. алтын, күмүш, жез, сымап, кадмий, сейрек металлдар (теллур ж. б.) бөлүп алынат. 2005-ж. 9,8 миң т алтын (өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндөгү алтын кендерин кошкондо), 812,1 миң т күмүш (негизинен полиметалл ж-а жез кенташтарын кайра иштетүүдөн) байытылып алынган. 4,8 млн т боксит казылып алынган (2005); Павлодар алюминий з-дунда глинозём өндүрүлөт. К-да титан рудасынын запасы мол (2006-ж. 25 миң т титан концентраты өндүрүлгөн). Уран рудасын казып алуу б-ча (2007-ж. 6637 т ) К. Канада ж-а Австралиядан кийинки 3-орунда.
Машина куруу ө. ж. ички рынокко ылайыкташкан. Алардын көбү чет өлкөлүк ишканалар м-н шериктеш иштейт. Машина куруунун башкы тармактарынын бири – нефть-газ ө. ж. үчүн жабдууларды ж-а куур транспортун чыгарууга ылайыкташкан. Заводдору: «Казнефтегазмаш» (Петропавловск), арматура (Усть-Каменогорск), металл-прокат (Атырау), айнек-була, «Каскор Машзавод» (Ак-Тоо), насос-компрессор трубасы (Жаңы-Өзөн), нефть-газ жабдуулары (Уральск, Алматы, Ак-Төбө), оор машиналарын куруу (Семипалатинск, Алматы). «Азия-Авто» з-ду (Усть-Каменогорск) «ВАЗ», «Skoda», «Chevrolet» жеңил автомобилдерин чогултат; Семипалатинск автомобиль жыйноочу з-ду кореялык
«Daewoo» ж-а россиялык «ПАЗ» автобустарын
чыгарат. Астана ж-а Алматы ш-нда вагон ремонттоочу ж-а жыйноочу з-ддору иштейт; локомотив куруучу з-д курулууда (2008). «Беларусь»
тракторун жыйноочу (Павлодарда), дизелдик кыймылдаткыч ж-а а. ч. машиналарын чыгаруучу, эгин жыйнагыч «Енисей» комбайнын чогултуучу з-ддор (Костанай) иштейт. Электр-тех. ж-а электрондук ө. ж. телевизор, кир жуугуч машина, конденсатор, аккумулятор батереясын, трансформатор, прибор куруу з-ддору – рентгенаппаратура (Ак-Төбө), көзөмөлдөп-ченөөчү приборлор (Көкчө-Тоо) чыгарат. Курулуш техникалары (кран, грейфер; Павлодар), подшипник (Ак-Моло обл.) даярдайт. Химия ө. ж-нан Тараз ш-ндагы ири «Казфосфат» з-ду Кара-Тоо,
Чилисай фосфорит кендерин пайдаланып, фосфор жер семирткичин чыгарат. 2007-ж. 4,6 млн т цемент даярдалган. Жеңил ө. ж. продукциясы 1991–2005-ж. 15 эсеге кыскарган; кездеме чыгаруу (2005-ж. 35,5 млн м3) 1980-жылдарга салыштырмалуу 8 эсе, бут кийим 28 эсе азайган. Түш. Казакстан обл-нда пахта тазалоочу з-ддор иштейт. Ийрилген жип ж-а кездеме чыгаруучу башкы компаниялар: «Нимэкс» (негизги ишканасы – Усть-Каменогорск текстиль ф-касы),
«Resmi» (Алматы кебез кездеме комбинаты).
Семипалатинск, Петропавловск, Тараз, Рудный ш-нда тери ж-а жүн иштетилет. Кийим тигүүчү ж-а булгаары (Алматы), бут кийим чыгаруучу (Костанай ж. б.) ишканалар иштейт.
А. ч. өндүрүшү К-дын азык-түлүккө болгон
муктаждыгынын 80%ин камсыз кылат. А. ч-га жарактуу жеринин аянты 222,6 млн га, анын 11,4 млн гасы же өлкөнүн аянтынын 42%тен ашыгы пайдаланылат (2007). Айдоо жеринин аянты 24 млн га (1991-ж. 35,3 млн га болгон),
чөп чабындыс ы 5 млн га , таб и гый тою т
өсүмдүктүү аймагы 86 млн га чамасында (2007). Сугат жеринин аянты 2,6 млн га (2006). Жерди пайдалануу структурасында а. ч. ишканалары (мурдагы колхоз, совхоздор) басымдуу, алардын
үлүшүнө а. ч-нда пайдаланылган жердин 1/ инен ашыгы, дыйкан (фермер) чарбаларына 1/ и туура келет. Элдин жеке менчик көмөкчү чарбаларындагы жердин аянты салыштырмалуу туруктуу, 0,3%тен азыраак же 308 миң га (2007). Агр. продукциянын 1/ и жеке менчик көмөкчү чарбаларда өндүрүлөт. Эгин өстүрүүчүлүктүн башкы тармагы – дан чарбасы (айдоо аянты 18,0 млн га). 2007-ж. 20,1 млн т дан жыйналган,

аны киши башына бөлүштүргөндө 1300 кгдан ашык туура келет. Дан эгиндеринин басымдуу бөлүгү өлкөнүн түн. бөлүгүндө (Акмоло, Костанай, Түн. К. обл-нда). Негизги дан эгини – жаздык буудай. Бардык жеринде арпа, өлкөнүн түш. бөлүгүндө күздүк буудай ж-а жүгөрү, чыгышында сулу, кара буудай, түндүгүндө ж-а чыгышында кара күрүч өстүрүлөт. Кызыл-Ордо, Алматы обл-нда күрүч эгилет. К. дан экспорттоо б-ча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт; жыл сайын түшүмдүн 1/ и (дан ж-а анын продукциялары) чет өлкөлөргө (1/ и КМШ, калганы Европа, Азия өлкөлөрүнө) жөнөтүлөт. Тех. өсүмдүктөрдөн пахта (Түш. К. обл-нда; 2007-ж. 455 миң т жыйналган), кант кызылча (Алматы, Жамбыл обл-нда; 400 миң т), күн карама (Чыгыш Казакстан ж. б. облустарда; 280 миң т), о. эле рапс, соя, картөшкө, жашылча, бакча, мөмө-жемиш бактары, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2007-ж. 5,9 млн кара мал, 1,4 млн чочко, 16,2 млн кой-эчки, 1,3 млн жылкы, 145 миң төө (негизинен жарым чөлдүү аймактарда) асыралат. Алтай тоолорунун этектеринде марал чарбасы, аарычылык, түштүгүндө жибекчилик өнүккөн. Тейлөө чөйрөсү – экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. Анын маанилүү тармактары: дүң ж-а чекене соода, социалдык чөйрөдөгү тейлөө (билим берүү ж-а саламаттыкты сактоо кошо), мамл. башкаруу, кыймылсыз мүлккө байланыштуу (турак жай-коммуналык жактан тейлөө кошо) тейлөө, рекреациялык жактан тейлөө. Банк-кредиттик система ж-а камсыздандыруу чөйрөсүн тейлөө, информ. инфраструктура, телекоммуникация ж-а байланыш чөйрөлөрү
өнүгүүдө.
Т. ж-нун жалпы уз. 13,7 миң км, анын 3,7 миң кмден ашыгы электрлештирилген (2006). Меридиан багытындагы негизги т. ж-дору: Оренбург – Ташкен, Петропавловск – Караганды –
Чу, Семипалатинск – Алматы; субкеңдик багытында созулган магистралдары: Транссибирь (Петропавловск аркылуу), Ортоңку Сибирь (Челябинск – Костанай – Көкчө-Тоо – Карасук), Түш. Сибирь (Карталы – Астана – Кулунду – Барнаул), Түш. К. (Алматы – Чу – Луговой – Тараз – Чымкент – Арыс). Достук – Алашанькоу (Кытай). Кытайды Закавказье өлкөлөрү ж-а Түркия м-н (Каспийде паром аркылуу) байланыштырган Трансказакстан т. ж. магистралы курулууда (2008). Автомобиль жолунун уз. 90,0 миң км
(2004); анын жыштыгы: 1000 км2 жерге 33 км жол туура келет. Куур транспортунун мааниси өсүүдө. Магистралдык куурлардын жалпы уз. 23,1 миң км (2006); а. и. газ куурунуку 11,0 миң км, нефть куурунуку 10,3 миң км, продукт куурунуку 1,1 миң км, газ конденсатын ташуучу куурунуку 658 км. Нефтини Каспий деңизи аркылуу ташуу үчүн атайын кеме флоту түзүлгөн. Ак-Тоо – Баку (Азербайжан),

Ак-Тоо – Оля (Россия) паромдук байланышы бар. Иртыш, Урал, Сыр-Дарыя аркылуу кеме каттайт. Башкы дарыя порттору: Усть-Каменогорск, Павлодар, Семипалатинск. К-да жалпы 67 аэропорт бар. Негизги эл аралык аэропорттору Алматы, Астана, Ак-Тоо, Ак-Төбө ш-нда жайгашкан. Байкоңур ш-на жакын самолёттун бардык түрүн кабыл алууга ыңгайлуу «Юбилейный» аэропорту жайгашкан (Байкоңур космодромун тейлейт).
Сырткы соодасынын көлөмү 62,9 млрд доллар (2006), а. и. экспорту 38,8 млрд доллар, импорту 24,1 млрд доллар. Экспорт наркынын 70%тен ашыгы нефтиге, кара металл прокатына, жезге, темир куймаларына ж-а дан эгинине (60%инефтиге)тууракелет.К.товарларын(экспорт наркы % м-н) негизинен Германияга (12,4), Россияга (11,6), Кытайга (11,0), Италияга (10,5),
Францияга (7,5), Румынияга (5,0) сатат. Маанилүү импорттук товарлары: машина куруу ө. жнын продукциялары (машина ж-а жабдуулар, автомобиль, тиричилик техникасы ж. б.), болот трубалары, химикаттар, жаратылыш газы ж. б. К. бул товарларды негизинен Россиядан (36,4%), Кытайдан (19,3%), Германиядан (7,4%) сатып алат.
Маданияты
Казакстандын б и л и м б е р ү ү мекемелерине Илим жана билим берүү министрлиги жетекчилик кылат. Билим берүү «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам (2007) менен жөнгө салынат. Казакстандын билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана билим берүү, баштапкы, негизги орто, толук орто (жалпы орто, техникалык жана кесиптик), ортодон кийинки, жогорку, жогорку окуу жайлардан кийинки билим берүүнү камтыйт. Мектепке чейинки мекемелерде (ясли, бала бакча, мини-борборлор жана башкалар) 1ден 5 жашка чейинки балдар тарбияланат. Жалпы орто билим берүү (мектеп, гимназия, лицей, тармактык мектептер) 6 жаштан башталып, үч баскычтан турат: башталгыч (4 жыл), негизги орто (5–10-класс), толук орто (10–12-класс) билим берүү. Техникалык жана кесиптик билим берүү (кесиптик лицей, орто окуу жай, коллеж жана жогорку техникалык мектептерде) негизги жана толук орто мектептин базасында ишке ашат, окуу мөөнөтү – 2–3 жыл. Кесиптик орто билим деңгээлинде (коллежге) толук орто мектептин базасында кабыл алынып, бүткөндөн кийин кыскартылган программа боюнча жогорку билимге ээ боло алат, окуу мөөнөтү – 1–2 жыл. Казакстанда 176 жогорку окуу жайлары (университет, академия, институт, ошондой эле консерватория, жогорку мектеп, орто окуу жайлар) бар, анда 770 миңдей студент билим алат (2007). Белгилүү окуу жайлары: Алматыдагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети (1928), С. Д. Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университети (1931), аль- Фараби атындагы Казак улуттук университети (1934), Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы (1944), Л. Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети (1996), Е. А. Букетов атындагы Караганды мамлекеттик университети (1938) жана башкалар. Башкы илимий борбору – Казакстан улуттук илимдер академиясы (1946). 40тан ашуун илимий-изилдөө институттарын камтыйт. Ил. изилдөөнү ошондой эле Курчатовдогу улуттук ядролук борбор (1992), Алматыдагы Ы. Алтынсарин атындагы Билим берүү академиясы (1998) жана башкалар жүргүзөт. Казакстанда 3,7 миң китепкана жана 150дөй музей иштейт.
Казакстанда 1,8 миңден ашык басма жана электрондук массалык-маалымат каражаттары иштейт (2007). Эң көп нускалуу гезиттерге: «Егемендүү Казакстан» (1919), «Казакстан правдасы» (1920), «Панорама», «Деловая неделя» жана башкалар, көп тираждуу журналдарга «Континент», «Мир Евразии» жана башкалар кирет. Массалык-маалымат каражаттарынын көбү мамлекетке карайт. Казакстанда радио уктуруулар 1923-жылдан иштейт. XXI кылымдын башында борбордук жана региондук 80ден ашык радиостанция иш алып барган. Радио уктуруулар казак, орус, немис, корей жана уйгур тилдеринде жүзөгө ашат. 1958-жылдан телекөрсөтүүлөр иштеп, казак жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. 1996-жылдан Казакстанда жаңы типтеги спутник байланыш станциясы курулган. 2006-жылы 18 телекөрсөтүү станциясы иштеген. Негизги телерадио компаниясы – «Хабар» (1995-жылдан), ошондой эле «Рахат ТВ», «Казахстан» жана башкалар. Мамлекеттик маалымат агенттиги – Казак маалымат агенттиги (КАЗИНФОРМ, 1920-жылы негизделген).

Казакстандын а д а б и я т ы казак жана орус тилинде өнүккөн. Казак эли байыртадан оозеки-поэзиялык чыгармаларга бай. Алгачкы жазма чыгармасы Кадырали-бий Жалаирдин казак хандарынын генеологиясы жөнүндө жазган «Жылнаамалар жыйнагы» (XVII кылымдын башы). Азыркы казак адабияты XIX кылымда калыптана баштаган. Бул учурда элдик поэзия оозекиден жазуу түрүнө өткөн (Д. Бабатайулы). 1870-жылы казак тилинде алгачкы гезит, 1911-жылы «Айкап» журналы жарык көргөн. 1912-жылы Семипалатинскиде алгачкы басмакана пайда болуп, казак тилинде китептер чыккан. Жаңы казак адабияты көптөгөн жанрларды, котормолорду жараткан Абай Кунанбаевдин чыгармачылыгынан башталат. XX кылымдын 1-жарымында казак совет адабиятын баштоочулар: А. Байтурсынов, Ш. Кудайбердиев, М. Жумабаев, Ж. Аймаутов, С. Сейфуллин, Б. Майлин, фольклордук салтты улантуучу, акын Жамбыл Жабаев жана башкалар. 1920–1930-жылдары драматургия, прозалык жанрлар – повесттер, романдар жана башкалар өнүккөн. 1950–1960-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуш, XX кылымдагы тарыхый окуялар жөнүндө чыгармалар (Б. Момуш уулу, «Бир түндүн тарыхы», 1954; «Аркабызда Москва», 1959; Г. Мусрепов, «Казакстандык солдат», 1949; А. Нурпеисов, «Кан жана тер», 1961–1970) жазылган. Совет казак адабиятынын туу чокусу М. Ауэзовдун чыгармачылыгы болду («Абай жолу» роман-эпопеясы, 1–4-бөлүк, 1942–1956, повесттери). С. Муканов, А. Алимжанов, О. Сүлейменов, М. Шаханов, К. Мухамеджанов жана башка акын-жазуучулар казак адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошушту.
Казакстан аймагындагы бизге чейин жеткен петроглифтер, карапа, коло жасалгалары жана башка неолит жана коло дооруна таандык. Каргалы кенинен (биздин заманга чейинки II–биздин замандын II кылымы) табылган усундарга тиешелүү алтын таажы «айбанат стилинде» жасалган. Түрк, түргөш, карлук кагандыктарынын тушунда (VIII–X кылымдар) Казакстан аймагында Исфижаб (XI кылымдан Сайрам), Тараз, Отрар шаарлары өнүгүп,

Түркстан шаарындагы Х. А. Ясави мавзолей комплекси (XIV кылым) чептер, шаарчалар курулган. Караханиддердин мезгилинде Түштүк Казакстанда шаарлар көбөйгөн. Ислам дининин жайылышы менен мечиттер, кербен сарайлар, медреселер салынган (Бабажы катын, X–XI кылымдар, Айшабүбү, XI–XII кылымдар, Байтак, XIII кылымдын 1-жарымы). Моңгол жортуулдарынан көптөгөн шаарлар кыйраган. XIII кылымдын 2-жарымынан жаңы шаарлар (1370-жылы Ак Ордонун борбору – Сыгнак, Тараз, Сайрам) өсө баштаган. Экономикасы жана маданияты көтөрүлүп, монументтик курулуштар (азыр Карагандыдагы Алаша хандын комплекстүү музейинин имараты) тургузулган. XIV кылымдын аягында Ясы шаарында (азыркы Түркстан шаары) Хожа Ахмед Яссавинин күмбөз комплекси салынган.

1920-жылдары жаңы үлгүдөгү архитектуралык курулуштар, (Кызыл-Ордо, Чымкент, Караганды, Алматы жана башка шаарлар) пайда болгон. 1990-жылдары Казакстанда учурдун талабына ылайык шаардык курулуштар жаңыланып, азыркы архитектуранын эң сонун үлгүлөрү [Казакстандын жаңы борбору – Астана (япон архитектору К. Курокаванын генералдык планы боюнча), жаңы монументтер Алматыдагы «Көз каранды эместик» (1996, архитектор Ш. Валиханов), Астанадагы «Астана–Байтерек» (2002, долбоордун идеясы Н. Назарбаевдики), «Элдердин достугу» (2003, айкелчи С. Нарынов)] пайда болду. XIX кылымда орус сүрөтчүлөрү В. В. Верещагин. Т. Г. Шевченко, Н. Г. Хлудовдун, ошондой эле Ч. Валихановдун казак элинин турмушун чагылдырып тарткан сүрөттөрү белгилүү болгон. Совет доорунда көркөм сүрөт өнөрү негизинен живопись (Х. Хожиков, С. И. Калмыков, А. Кастеев, У. Ажиев, А. Жусупов жана башкалар), графика (Г. А. Брылов, И. И. Савельев жана башкалар), айкел (А. А. Исаев, Я. К. Кусич, Х. Наурзбаев жана башкалар) ийгиликтүү
өнүккөн.
Казакстан музыкалык маданияты казак, орус, өзбек, украин жана башка элдердин салттарын бириктирген. Калк арасында акындардын айтыштары бөтөнчө кадыр-баркка ээ. Казакта лирикалык обондуу ырлар, ошондой эле күүлөр өзгөчө өнүккөн. Элдик аспаптары: домбура, кобыз (кыяк), сыбызгы, добулбас, XIX кылымдын аягынан сурнай таркаган. Казак оозеки музыкалык өнөрүнө Абай Кунанбаев, Мухит Мералиев, Биржан Кожагулов, Курмангазы Сагырбаев, Дина Нурпеисова жана башкалар чоң салым кошкон. XX кылымдын 20-жылдарында казактын улуттук музыкалык маданияты жаңыча өнүгүү жолуна түштү. Ал өзүнүн калыптануу жана өсүү жолунда элдик музыканын салттарына, орус жана чет өлкөлөрдүн классикасына, музыкалык тажрыйбаларга таянды. Казак музыкасын изилдөө колго алынып, биринчи жолу А. В. Затаевич казак эл ырлар жыйнагын түздү. 1934-жылы Казак эл аспаптар мамлекеттик оркестри, 1935-жылы Жамбул атындагы Казакстан мамлекеттик филармониясы уюшулган. 1933-жылы Алматыда Уйгур музыкалык комедия театры, 1934-жылы Казак музыкалык театры (1937-жылдан

Казакстан опера жана балет театры) негизделген. 1934-жылы казактын туңгуч операсы «Кыз-Жибек», 1935-жылы «Жалбыр», 1936-жылы «Ер-Таргын» опералары (үчөө тең Е. Г. Брусиловскийдики) көрүүчүлөргө тартууланган. В. В. Великановдун «Калкаман жана Мамыр» (1938), И. Надировдун «Жаз» (1940) аттуу алгачкы улуттук балеттери пайда болгон. 1939-жылы Казак ССР композиторлор союзу уюшулган. Согуш жылдарында жазылган А. Жубанов жана Л. Хамидинин «Абай» операсы, Е. Брусиловскийдин «Алтын талаа» 3-симфониясы менен казак музыкасынын жаңы этабы башталган. 1944-жылы Алматыда казак консерваториясы (1963–1972-жылдар Курмангазы атындагы Искусство институту), 1945-жылы Казак ССР Илимдер академиясында искусство таануу сектору ачылган. Согуштан кийин Е. Брусиловскийдин «Амангелди», М. Төлөбаевдин «Биржан менен Сара», К. Кожомияровдун «Назугум» опералары жана «Чынтемир» балети жана башкалар жазылган. В. А. Великановдун «Казак симфониясы», М. Төлөбаевдин «Казакстан» поэмасы, Г. Жубанованын «Жигер» симфониясы жана башка белгилүү симфониялык чыгармалар жазылган. Эл аспаптар оркестри үчүн жоон топ музыкалык чыгармалар жазылган. Казакстан музыкалык маданиятында кантата-ораториялык жанр жакшы өнүккөн. Калк арасында Ш. Калдаяков, А. Еспаев, Н. Тилендиевдин ырлары зор сүймөнчүлүккө ээ. Казак музыкасын өнүктүрүүдө Е. Г. Брусиловский, В. В. Великанов, С. И. Шабельский, музыка изилдөөчү-этнограф А. В. Затаевич, Д. Д. Мацуцин, дирижёрлор Г. А. Столяров, В. И. Пирадов жана башка композиторлордун тийгизген таасири чоң. Казак музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү: ырчылар – Р. жана М. Абдуллиндер, Р. Багланова, Р. Жаманова, Е. Серкебаев, Б. Төлөгөнова, А. Днишев; пианисттер – К. Жантилеуов, Р. Омаров; дирижёрлор – Г. Догашев, Ш. Кажыгалиев; музыка таануучулар – А. Жубанова, А. Мухамбетова жана башкалар. Казакстан эгемендүүлүк алгандан кийин «Ак-Орда», «Мурагер», «Форманта-Кюй» ансамблдери, Курмангазы атындагы «Отрар сазы» оркестрлери салттуу музыканы өнүктүрүүдө. Анын спектаклдеринде биринчи жолу К. Байсеитова, К. Жандарбеков, М. Ержанов жана башкалар ойношкон. 1998-ж. Алматыда бийчилердин «Самрук» театр-студиясы, 2000-ж. Астанада К. Байсеитова атн. Улуттук опера ж-а балет театры түзүлгөн. Бий өнөрүнүн өнүгүшүнө М. Арцибашева, Д. Абиров, Б. Аюханов, М. Ф. Моисеев, З. Райбаев, Р. Байсеитова жана башкалар чоң салым кошкон. XIX кылымдын ортосунда Акмолодо (азыркы Астана) т е а т р ышкыбоздору койгон оюндар көрүүчүлөргө тартууланган. 1899-жылы театр имараты салынып, П. С. Фёдоровдун «Коломтодогу жарык» пьесасы коюлган. Кызыл-Ордодо алгачкы казак театры 1926-жылы 13-январда М. Ауэзовдун «Енлик-Кебек» спектакли менен ачылган. 1928-жылдан бул театр Алматыда иштеп, 1961- жылдан М. Ауэзов атындагы Казак драма театры деп аталган. Учурда Казакстанда орус, уйгур, немис, корей жана башка театрлары, облустук борборлордо жана шаарларда казак музыкалык-драмалык, куурчак жана башка театрлар бар. 1925-жылы Казакстанда «Казак Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын беш жылдыгы» (оператор Я. М. Толчан) даректүү тасма, 1939-жылы алгачкы көркөм тасма – «Амангелди» (режиссёр М. С. Левин) тартылган. Казак кино өнөрүнүн белгилүү чыгармалары: «Жамбул» (1953), «Сүйүү жөнүндө поэма» (1954), «Чокон Валиханов» (1958), «Алдар көсөө» (1965), «Аркабызда Москва» (1967), «Транссибирь экспресси» (1978), «Кыз Жибек» (1972), «Кайрат» (1991), «Абай» (1995), «Үч бир тууган» (2000) жана башкалар. Кино өнөрүн өнүктүрүүдө Ш. Айманов, Э. Уразбаев, А. Нугманов, О. Абишев, М. Беркович, М. Сагымбаев, И. Тынышбаев жана башка режиссёрлордун эмгеги зор. 1984-жылы «Казакфильм» киностудиясына Ш. К. Аймановдун ысмы ыйгарылган. Казак киночулары менен кыргыз киночуларынын чыгармачылык кызматташтыгы ар тараптуу. Н. Жантурин, Н. Аринбасарова жана башка казак артисттери кыргыз тасмаларын жаратууга катышкан. Казак жазуучусу М. Ауэзовдун чыгармаларын кыргыз режиссёрлору Б. Шамшиев, («Караш-Караш», 1968, «Кыргызфильм»), Т. Океев («Көк серек», 1973, «Казакфильм» жана башкалар) экрандаштырган.
Казакстанда элдик куудул-акындар, балбандар, акробаттар болгон. XX кылымдын башында балбан Х. Муңайтбасов менен акробатчы Ш. Кошкарбаевдин өнөрлөрү элдин купулуна толгон. 1919-жылы Верныйда (1921-жылдан Алма-Ата) А. И. Сосин жетектеген цирк коллективи өнөрлөрүн көрүүчүлөргө тартуулаган. 1970-жылы Казак цирк коллективи түзүлүп, Алматыда (1972), Карагандыда (1983), Астанада (2005) жаңы цирктер ачылган. Казакстандын белгилүү цирк өнөрпоздору: Ш. Алиев, К. Кунгужинов, К. Чалабаев, гимнасттар Досбатыровдор, клоундор Е. жана М. Жумагалиевдер жана башкалар.
Ад.: Сарынова Л. П. Балетное искусство Казахстана. А.-А., 1976; Кабдиева С. Д. Фольклорные традиции в казахском театре. А.-А., 1986; Шалабаева Б. Зарождение и становление казахского романа. А.-А., 1990 (на казах. яз.); Изобразительное искусство советского Казахстана. А.-А., 1990; Физическая география Казакстана. Алматы, 1998; Республика Казахстан: Энциклопедический справочник. Алматы, 2001; Водные ресурсы Казакстана в новом тысячелетии. Алматы, 2001; Джумакова У. Новые аспекты изучения казахской музыки ХХ в. в контексте независимости Республики // Духовное развитие общества: музыка и наука. Алматы, 2002; Белый А., Валиханов А. Тематический обзор: наименование климата. Астана, 2005; Ландшафтное и биологическое разнообразие в Республике Казахстан. Алматы, 2005; Назарбаев Н. А. Казахстан на пути ускоренной экономической, социальной и политической модернизации. Алматы, 2005; Артыкбаев Ж. О. История Казахстана. Костанай, 2006; Национальный атлас Республики Казахстан. Т. 1. Алматы, 2006; Чигаркин А. В. Геоэкология Казахстана (географические аспекты природопользования и охраны природы). Алматы, 2006; Досымбаева А. М. Западный тюркский каганат: культурное наследие казахских степей. Алматы, 2 0 06 ; На ц ион а льн ы й доклад о состоянии окружающей среды в Республике К а з а к с т ан в 2 0 06 г од у . Алм ат ы , 2007; Досымбаева А. М. Культурный комплекс тюркс ких кочевников Жетысу II в. до н. э. – V в. н. э. Алматы, 2007; Байпаков К. М. Древние г ород а К а з ах с т ан а . Алматы, 2007; Шарипова Г. А. Интертекстуальное пространство литературы: (диалоги русской литературы XIX – начала XX вв. и казахской литературы XX в.). Астана, 2007.