ИНДЕВРОПА ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНДЕВРО́ПА ТИЛДЕРИ</b> – Евразиянын ири | <b type='title'>ИНДЕВРО́ПА ТИЛДЕРИ</b> – Евразиянын ири лингвистикалык уяларынын бири. Буга инди, иран, сла­вян, балтика, герман, армян, албан, грек, келт, байыркы жана жаңы тилдердин кээ бири, латын тили, кийинчерээк андан өнүгүп чыккан роман, тозар, итальян жана Кичи Азиядагы байыркы тил­дер (шынаа жазмасы бар хетт, иероглифтүү хетт, лувий) кирет. Кичи Азиядагы тилдердин ичи­нен шынаа жазмасы болгон хетт же несит тили толук изилденип, жазма эстеликтери (б. з. ч. 2- миң жылдык) толук аныкталган. Айрым изил­дөөчүлөр индевропалык топко ликий жана лидий тилдерин да кошуп жүрөт, бирок алар жөнүндө ма­алымат аз. Индевропа тилдеринин көбү (мисалы: фракий, фри­гей тилдери) жоюлуп кеткен, жазма эстеликтер да калган эмес; иран тобуна кирген скиф тили, Байыркы Европада кеңири таралган иллирий тилдери жөнүндө да маалымат аз. Кеңири тараган Индевропа тилдери: славян, инди, иран, герман, роман тилде­ри. Келт тили сыяктуу айрым тилдер тарыхый шарттан улам анча тарай алган эмес.Индевропа тилдеринин тектештиги уңгу сөздөрдүн жалпылыгынан, грамматикалык түзүлүшүнөн байкалат. Байыркы Индевропа тилдерине мүнөздүү грамматикалык белгилердин бири – флек­сия, ал тилдерде уланды мүчөлөрдүн бай систе­масы болгон. Айрымдарында (мисалы: славян, бал­тика тилдери) байыртан калыптанган морфологиялык система толук сакталган, айрымдары (мисалы:жаңы инди, жаңы иран жана герман тилдери) сөз өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажы­рап, өзгөрүп кеткен. Индевропа тилдеринде олуттуу өзгөрүүлөр болсо да, алардын теги бир экенин айгинелеген жалпылыктар бар. Индевропа тилдерин илимий изилдөө 19-кылымдын башында башталган. Бул тилдердин тыбыш­тык, лексикалык жана грамматикалык түзүлүшүн са­лыштырып изилдөөнүн негизинде жалпы тил илиминде салыштырма-тарыхый метод иште­лип чыккан. | ||
система толук сакталган, айрымдары ( | |||
өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажы­рап, өзгөрүп кеткен. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
06:03, 1 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ИНДЕВРО́ПА ТИЛДЕРИ – Евразиянын ири лингвистикалык уяларынын бири. Буга инди, иран, славян, балтика, герман, армян, албан, грек, келт, байыркы жана жаңы тилдердин кээ бири, латын тили, кийинчерээк андан өнүгүп чыккан роман, тозар, итальян жана Кичи Азиядагы байыркы тилдер (шынаа жазмасы бар хетт, иероглифтүү хетт, лувий) кирет. Кичи Азиядагы тилдердин ичинен шынаа жазмасы болгон хетт же несит тили толук изилденип, жазма эстеликтери (б. з. ч. 2- миң жылдык) толук аныкталган. Айрым изилдөөчүлөр индевропалык топко ликий жана лидий тилдерин да кошуп жүрөт, бирок алар жөнүндө маалымат аз. Индевропа тилдеринин көбү (мисалы: фракий, фригей тилдери) жоюлуп кеткен, жазма эстеликтер да калган эмес; иран тобуна кирген скиф тили, Байыркы Европада кеңири таралган иллирий тилдери жөнүндө да маалымат аз. Кеңири тараган Индевропа тилдери: славян, инди, иран, герман, роман тилдери. Келт тили сыяктуу айрым тилдер тарыхый шарттан улам анча тарай алган эмес.Индевропа тилдеринин тектештиги уңгу сөздөрдүн жалпылыгынан, грамматикалык түзүлүшүнөн байкалат. Байыркы Индевропа тилдерине мүнөздүү грамматикалык белгилердин бири – флексия, ал тилдерде уланды мүчөлөрдүн бай системасы болгон. Айрымдарында (мисалы: славян, балтика тилдери) байыртан калыптанган морфологиялык система толук сакталган, айрымдары (мисалы:жаңы инди, жаңы иран жана герман тилдери) сөз өзгөртмө эски флексиялык формаларынан ажырап, өзгөрүп кеткен. Индевропа тилдеринде олуттуу өзгөрүүлөр болсо да, алардын теги бир экенин айгинелеген жалпылыктар бар. Индевропа тилдерин илимий изилдөө 19-кылымдын башында башталган. Бул тилдердин тыбыштык, лексикалык жана грамматикалык түзүлүшүн салыштырып изилдөөнүн негизинде жалпы тил илиминде салыштырма-тарыхый метод иштелип чыккан.