ЗАМБИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |

| 63 сап: | 63 сап: | ||
==Маданияты== | ==Маданияты== | ||
Замбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизил­ген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары аб­дан көп, бирок алар окуу куралдары жана кара­жаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор ка­лаа Лусакада Түш. Африкадагы эң ири окуу жай­ларынын бири – Замбия университети (Китва-Нкан шаарындагы филиалы менен) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, ошондой эле жергиликтүү бемба, тонга жана лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамлекеттик телекөрсөтүү (1961- жылдан) жана радиоуктуруу (1939-жылдан) иш­тейт. Өкмөттүк Замбия Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт.
Көркөм өнөрү бизидн заманга чейинки 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн жана петроглифтерден баш­талат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой ча­тырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиш­терди кооздоо, пальма жалбырактарынан, трост­никтерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. XX кылымдын башынан Замбиянын шаарларында (Луса­ка, Ливингстон, Ндола жана башкалар) кабаттуу үйлөр курула баштаган.
Замбиянын музыкасы – байыртадан эле элдин тур­муш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу ак­сакалдарынын менчик музыканттары, оркест­ри, хору жана бийчилери болгон. Калимба (пиа­нино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар жана башкалар таралган. 1939-жылы калале бийчилеринин 1-ан­самбли уюшулган. 1950-жылдары бул бий ансам­бли бүткүл Африкага таанылган.
Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкха­та сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-жылы көркөм өнөр трести түзүлгөн.
Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фес­тивалы өткөрүлүп турат. | |||
жүргүзөт. | |||

Көркөм өнөрү | |||
чегилген сүрөттөрдөн | |||

Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкха­та сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп | |||
чыккан. 1964- | |||

Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фес­тивалы өткөрүлүп турат. | |||
Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: | Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: | ||
Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009. | Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
06:09, 31 Июль (Теке) 2025 -деги абалы
ЗА́МБИЯ , З а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түш.-чыгыш бөлүгүндөгү мамлекет.

Түндүгүнөн Танзания ж-а Конго Демокр. Респ., батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Ботсвана ж-а Зимбабве, чыгышынан Малави, түш.- чыгышынан Мозамбик м-н чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы 11,49 млн (2007). Борбору – Лусака ш. (калкы 2 млндой). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – квача. Адм.-айм. жактан 9 провинцияга бөлүнөт.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшүБУУнун (1964), Ынтымакташтыктын (1964), Африка биримдиги союзунун (1964), Африка союзунун (2002), Бейтараптык кыймылынын (1964), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1965), ЭВФтин (1965), Түштүк Африка өнүгүү жамаатташтыгынын (САДК; 1980); Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (КОМЕСА; 1994), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995), Эл аралык олимпия, Эл аралык саламаттык сактоо ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. З. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Конституциясы 1996-ж. кабыл алынган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өкмөттү (Министрлер кабинетин) башкарат ж-а
өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассамблеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спикер ж-а 8 депутат президент тарабынан дайындалат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар
Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт ж-а маданий маселелер б-ча кеңеш берүүчү орган катары эсептелет.
Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-ж. негизделген, партиянын президенти – Л. Мванаваса, Улуттук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыздыктын бириккен партиясы, Демократия ж-а
өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт.
Табияты
. З-нын аймагын жылга-жыбыттуу бөксө тоолор, платолор ээлейт. Бөксө тоолору түштүктөн түндүктү карай бийиктеп, саванна м-н капталган. Басымдуу бийикт. 1000–1350 м. Кафуэ, Замбези д-нын өрөөндөрүндө чуңкурчактар, оёңдор ж-а саздак жерлер бар. Платодон аралча тоолор (копьестер) ж-а токол тоолор (Мучинга тоосунун бийиктиги 1893 мге чейин) көтөрүлөт. Өлкөнүн түн.-чыгыш чет-жакасындагы Ньика платосунун тармактарында З-нин эң бийик жери – Мванда чокусу (2150 м) жайгашкан. З. субэкватордук климаттык алкакта жайгашкан. Майдан августка чейин – салыштырмалуу серүүн ж-а кургакчыл, августтан ноябрга чейин – ысык ж-а кургак, ноябрдан майга чейин – жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) орт. темп-расы 27°С, эң салкын мезгилиники (июль) 15°С. Жылдык жаан-чачыны 600–1400 мм. Жаан-чачындын 80–90% январдан апрелге чейин жаайт. Дарыялары дээрлик Замбезинин алабына кирет; ирилери: Кафуэ, Луангва. Түн. чек арасында Танганьика ж-а Мверу көлдөрү, Зимбабве м-н болгон чек арасында Виктория шаркыратмасы (120 м бийиктиктен агып түшөт; Зам-

бези д-нда) жайгашкан. Кен байлыктарынан эң маанилүүсү жез ж-а кобальт, о. эле цинк, коргошун, ванадий, кадмий, марганец, таш көмүр казылып алынат. Нымдуу аймактары кызыл латерит, кургакчыл жерлери күрөң-кызгылт, кызгылт-боз топурактуу. З-нын аймагынын 1/ бөлүгүн кургакчыл тропик токою – миомбо, кургакчыл аймактарын баобаб, акациялуу саванна, көл жээктерин папирус бадалдары ээлейт. Миомбо ж-а саванналарды чөп жечү ири айбанаттардан – африка пили, африка жанышы, керик (2 түрү), антилопа, зебра, жырткычтардан – арстан, кабылан, чөө, гиена мекендейт.
Калкынын
негизин банту тил тобундагы (бемба, тонга, лози, лунда, нгони, луба ж. б.) африкалыктар (98,7%) түзөт, о. эле европалыктар да жашайт. Христиан (негизинен англистер), көбү салт болуп калган жерг. динди тутат. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 15,3 киши. Калктын жашынын орт. узактыгы 40 жаш (эркектердики 39,8, аялдардыкы 40,3). Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 46,3%ти, эмгек курагындагылар (16–
65 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири

шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). Экон. активдүү калктын 85%и а. ч-нда, 9%и тейлөө чөйрөсүндө, 6%и ө. ж-да эмгектенет.
Тарыхы
. Азыркы З. аймагында эл байыртадан эле мекендешип, европалыктар келгенге чейин эле бир катар уруулук бирикмелер болгон. Калкынын этностук курамы Замбези д-нын (өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогорку агымында жашап ж-а көчүп келишкен африкалыктардын таасири м-н калыптанган. 13- к-дын аяк ченинде аймакты португалиялыктар ээлеп алган, 19-к-дан англиялыктар аларды акырындык м-н сүрүп чыгара баштаган. 19-к-дын аяк ченинен 1924-ж. чейин англ. «Бритиш Саут Африка компани» монополиясынын бийлиги астында болгон. 1924–64-ж. Британиянын протектораты, 1953–63-ж. Родезия ж-а Ньясаленд колониялык федерациясынын курамына кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жерг. калк колониялык башкарууга активдүү каршылык көрсөтө баштаган. Алгач боштондук кыймылды Африка улуттук конгресс партиясы, 50- жылдардын аяк ченинен К. Куанда башында турган Улуттук көз каранды эместик үчүн бириккен партиясы жетектеген. 1964-ж. 24-октябрда өлкө боштондукка чыгып, З. Республикасы жарыяланган. 1972-ж. башкаруунун бир партиялуу системасы киргизилген. 1973-ж. Конституциясы кабыл алынган. 1990-жылдан З-да бир партиялуу системадан көп партиялуу системага өтүү процесси башталган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституцияга бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натыйжада оппозициялык маанайдагы бир нече партия пайда болгон. Алардын ичинен 1991-ж. Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл партиясы шайлоодо жеңип чыгып, аны жетектеген Ф. Ж. Т. Чилуба З. президенти болуп калат. 1996-ж. өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынган. 1996-ж. президенттик шайлоодо Ф. Ж. Т. Чилуба кайрадан жеңишке жетишкен. 1997-ж. 28-октябрдагы төңкөрүш ийгиликсиз аяктары м-н президент Чилуба өлкөдө өзгөчө абалды жарыялап, оппозиция лидери, экс-президент Каунда камакка алынат. Бирок, ал 1998-ж. дүйнөлүк коомчулуктун (негизинен африкалык мамлекеттердин) кийлигишүүсү м-н бошотулуп, Жогорку сот тарабынан акталган. Ф. Ж. Т. Чилубанын мындай иш-аракеттери эл аралык коомчулук, ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан айыпталып, көптөгөн жардам көрсөтүү программаларын каржылоону токтотушкан. 2001-ж. өлкөнүн президенти болуп Л. П. Мванаваса (1948-ж. т.) шайланган. Ал өлкөдөгү татаал кырдаалды бир кыйла турукташтырып, өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялардын мүчөлөрүн да киргизген. 2006-ж. өткөн шайлоодо кайрадан президент болгон.
Экономикасы
начар өнүккөн өлкө. ИДПнин
көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллардан туура келет. Андагы а. ч-нын үлүшү 19,9%, ө. ж-ныкы 28,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,2%. Негизги экспорттук продукциясы – жез; аны казып алуу б-ча дүйнөдө 4-орунда (2006-ж. 600
миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экспорттолот. З. кобальт казып алуу б-ча дүйнөдө 2-орунду ээлейт; ал жез-кобальт кенташынан ажыратып алынат (жылына 7,8 миң т). О. эле пирит, никель, таш көмүр, аметист, турмалин, аквамарин, изумруд, алмаз ж. б. казылып алынат. Электр энергиясына болгон муктаждыгын өз ресурстары м-н толук камсыз кылат. 2004-ж. 9,96 млрд кВт.саат электр энергиясын (негизинен ГЭСтен) өндүргөн. Металлургия (жезди эритүү ж-а тазалоо), жеңил, тамак-аш, токой, нефть ажыратуу, хим. ө. ж. ишканалары, цемент з-ду иштейт. Автомобиль кураштыруу з-ддору бар; трактор, велосипед чыгарат. А. ч. анча өнүккөн эмес, азык-түлүктү негизинен сырттан сатып алат. Аймагынын 7,1%и иштетилет. Жүгөрү, бал камыш, урук үчүн гозо, тамеки, жер жаңгак, буудай, шалы, буурчак, маниок, ак жүгөрү (сорго), күн карама өстүрүлөт. Бакчылык өнүккөн. Бодо мал асыралат.
Т. ж-нун жалпы уз. 2173 км. Негизги т. ж-дору: Ндола – Кабве – Лусака – Ливингстон, андан ары Зимбабвеге; Ндола – Капири-Мпоши – Мпика – Наконде, андан ары Танзанияга. Автомобиль жолунуку 91,4 миң км, а. и. асфальтталганы 20,1 миң км. Лусака, Ливингстон, Ндола, Мориве ш-нда эл аралык аэропорттор бар. Суу жолунун уз. 2250 км (Танганьика көлүн, Замбези, Луапулу д-н кошкондо); негизги

порту: Мпулунгу (Танганьиканын түш. жээгинде). Нефть куурунун уз. 771 км (Дар-эс-Салам, Танзания – Ндола, жалпы уз. 1700 км; 2006). Сыртка жез, кобальт, электр энергия чыгарып, сырттан станок, машина ж-а анын тетиктерин, транспорт каражаттарын, жер семирткич, азыктүлүк, кийим, ө. ж. товарларын, химикат, азыктүлүк, мал (тирүүлөй) алат. Негизги соода шериктери: Кытай, ТАР, Япония, Улуу Британия, Германия, Түш.-Чыгыш Азия ж-а Ортоңку
Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго Демокр.
Респ., Танзания, Зимбабве, Индия.
Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шаркыратмасы, климатынын салыштырмалуу ыңгайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүккөн эмес.

Маданияты
Замбияда калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизилген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамлекеттик жана жеке мектептер, окуу жайлары абдан көп, бирок алар окуу куралдары жана каражаттары менен толук жабдылган эмес. Борбор калаа Лусакада Түш. Африкадагы эң ири окуу жайларынын бири – Замбия университети (Китва-Нкан шаарындагы филиалы менен) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, ошондой эле жергиликтүү бемба, тонга жана лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамлекеттик телекөрсөтүү (1961- жылдан) жана радиоуктуруу (1939-жылдан) иштейт. Өкмөттүк Замбия Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт.
Көркөм өнөрү бизидн заманга чейинки 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн жана петроглифтерден башталат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой чатырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиштерди кооздоо, пальма жалбырактарынан, тростниктерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. XX кылымдын башынан Замбиянын шаарларында (Лусака, Ливингстон, Ндола жана башкалар) кабаттуу үйлөр курула баштаган.
Замбиянын музыкасы – байыртадан эле элдин турмуш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу аксакалдарынын менчик музыканттары, оркестри, хору жана бийчилери болгон. Калимба (пианино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар жана башкалар таралган. 1939-жылы калале бийчилеринин 1-ансамбли уюшулган. 1950-жылдары бул бий ансамбли бүткүл Африкага таанылган.
Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкхата сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-жылы көркөм өнөр трести түзүлгөн.
Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фестивалы өткөрүлүп турат.
Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009.