ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ</b>– | <b type='title'>ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ</b>– | ||
жарандардын ыңгайлуу чөйрөдө жашоосуна багытталган | жарандардын ыңгайлуу чөйрөдө жашоосуна багытталган мамлекеттик мыйзам укуктары. Анда чөйрөнүн абалы жөнүндөгү так маалыматтар ж-а мүлккө сарпталган чыгымдарды калыбына кел­тирүү шарттары эске алынган. Ал өмүргө ж-а ден соолукка зыян келтирбеген ыңгайлуу шарт­тарда жашоо мүмкүнчүлүгүнө, айлана-чөйрөнү ыңгайлуу шартта сактоону ж-а коргоону мам­лекеттен талап этүүгө жарандардын укугу бар экендигин тастыктайт. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзам боюнча жарандар айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен ден соолукту сактоо, ден соолукту сактоочу же ага тескери таасирин тий­гизүүчү факторлор жөнүндөгү маалыматтарды так ж-а учурунда үзгүлтүксүз алып туруу, ошондой эле алар­дын ден соолугун коргоо тармагындагы укук­тары м-н эркиндиктерин чектеген мамлекеттик уюм­дар м-н кызмат адамдарынын айлана-чөйрөгө терс иш-аракеттери жөнүндө тийиштүү уюмдарга даттануу укугуна ээ. Мындан сырткары жаран­дар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн экологиялык бирик­мелерди түзүү, куралсыз беймарал чогулуу, жы­йындарды, жүрүштөрдү өткөзүү, ошондой эле оюн эр­кин билдирүү укугуна ээ. Жарандардын экологиялык укугу ошондой эле башка чен-өлчөм, жол-жоболор м-н да бекемделет. | ||
чөйрөнүн абалы | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | [[Категория:3-том, 215-326 бб]] | ||
03:34, 2 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ– жарандардын ыңгайлуу чөйрөдө жашоосуна багытталган мамлекеттик мыйзам укуктары. Анда чөйрөнүн абалы жөнүндөгү так маалыматтар ж-а мүлккө сарпталган чыгымдарды калыбына келтирүү шарттары эске алынган. Ал өмүргө ж-а ден соолукка зыян келтирбеген ыңгайлуу шарттарда жашоо мүмкүнчүлүгүнө, айлана-чөйрөнү ыңгайлуу шартта сактоону ж-а коргоону мамлекеттен талап этүүгө жарандардын укугу бар экендигин тастыктайт. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзам боюнча жарандар айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен ден соолукту сактоо, ден соолукту сактоочу же ага тескери таасирин тийгизүүчү факторлор жөнүндөгү маалыматтарды так ж-а учурунда үзгүлтүксүз алып туруу, ошондой эле алардын ден соолугун коргоо тармагындагы укуктары м-н эркиндиктерин чектеген мамлекеттик уюмдар м-н кызмат адамдарынын айлана-чөйрөгө терс иш-аракеттери жөнүндө тийиштүү уюмдарга даттануу укугуна ээ. Мындан сырткары жарандар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн экологиялык бирикмелерди түзүү, куралсыз беймарал чогулуу, жыйындарды, жүрүштөрдү өткөзүү, ошондой эле оюн эркин билдирүү укугуна ээ. Жарандардын экологиялык укугу ошондой эле башка чен-өлчөм, жол-жоболор м-н да бекемделет.