ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:25, 28 Апрель (Чын куран) 2025 -деги абалы
ЖАРАНДАРДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УКУГУ– жарандардын ыңгайлуу чөйрөдө жашоосуна багытталган мамл. мыйзам укуктары. Анда чөйрөнүн абалы ж-дөгү так маалыматтар ж-а мүлккө сарпталган чыгымдарды калыбына келтирүү шарттары эске алынган. Ал өмүргө ж-а ден соолукка зыян келтирбеген ыңгайлуу шарттарда жашоо мүмкүнчүлүгүнө, айлана-чөйрөнү ыңгайлуу шартта сактоону ж-а коргоону мамлекеттен талап этүүгө жарандардын укугу бар экендигин тастыктайт. Айлана-чөйрөнү коргоо ж-дөгү мыйзам б-ча жарандар айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасирлеринен ден соолукту сактоо, ден соолукту сактоочу же ага тескери таасирин тийгизүүчү факторлор ж-дөгү маалыматтарды так ж-а учурунда үзгүлтүксүз алып туруу, о. эле алардын ден соолугун коргоо тармагындагы укуктары м-н эркиндиктерин чектеген мамл. уюмдар м-н кызмат адамдарынын айлана-чөйрөгө терс иш-аракеттери ж-дө тийиштүү уюмдарга даттануу укугуна ээ. Мындан сырткары жарандар өз кызыкчылыгын коргоо үчүн экол. бирикмелерди түзүү, куралсыз беймарал чогулуу, жыйындарды, жүрүштөрдү өткөзүү, о. эле оюн эркин билдирүү укугуна ээ. Жарандардын экол. укугу о. эле башка чен-өлчөм, жол-жоболор м-н да бекемделет.