БАЗИДИОМИЦЕТТЕР: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЗИДИОМИЦЕТТЕР''' | '''БАЗИДИОМИЦЕТТЕР ''', б а з и д и ''я л у у к'' оз у г а р ы н д а р (Вазійіотусеіез) - ''козугары''н''дар'' классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козугарындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол м-н пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү - базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, ''аскомицеттердин'' баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу м-н бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр - стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар м-н бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө ж-а калпакчалар түрүндө болот. Дене­нин спора кармаган бөлүгү гимений деп ата­лат. Алар кеңири таралган. Көбү өсүмдүк мите­си, айрымдары жыгачты, өсүмдүк илдетин коз­гойт; кээ биринен антибиотик алынат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
[[ | |||
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЗИДИОМИЦЕТТЕР , б а з и д и я л у у к оз у г а р ы н д а р (Вазійіотусеіез) - козугарындар классы. Булар көп клеткалуу, мицелийлүү, жогорку түзүлүштүү козугарындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол м-н пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү - базидияда жайгашат. Базидия эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталып, аскомицеттердин баштыгынын пайда болушуна окшойт. Базидия дикариоттук гифтин клеткасын бөлүп турган тосмонун капталындагы өсүндүдөн жетилет; дикариондун кош ядросу бөлүнүп, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калыптанат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу м-н бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр - стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар м-н бирге жакын аралыкка тарайт. Алар борпоң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө ж-а калпакчалар түрүндө болот. Дененин спора кармаган бөлүгү гимений деп аталат. Алар кеңири таралган. Көбү өсүмдүк митеси, айрымдары жыгачты, өсүмдүк илдетин козгойт; кээ биринен антибиотик алынат.