КОЙ-ТАШ (Аламүдүн районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОЙ-ТАШ to КОЙ-ТАШ (Аламүдүн районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
07:26, 16 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЙ-ТАШ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Таш-Мойнок айыл округуна караштуу. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 700 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 19 км түштүк-батыш тарапта. Аламүдүн темир жол бекетинен 16 км. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 2583 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет, мал багышат. Орто ж-а интернат-мектеп, китепкана, клуб ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иштейт. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ж. Мундузбаева, КРдин эл артисти Н. Кытаев туулган.