БАДАМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 (Amugdalus) ‒ өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы уруусу, дарак же чала бадал. Бийикт. 8‒10 м. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Гүлү ак же күлгүн, жалбырак байлаганча же аны м-н чогуу ачылат. Б. түктүү ж-а түксүз болот. Мөмөсү ‒ данекче. Кургакчы
Файл:БАДАМ107.png
1‒ гүлдүү бутагы; 2‒ мөмөлүү бутагы; 3‒ данеги

лыкка чыдамдуу. Эрте гүлдөгөндүктөн жазгы суукта үшүп кетиши мүмкүн. Отургуз гандан 3‒4 жылдан кийин мөмө берет. 50дөн ашык түрү бар. Кырг-ндын түштүгүндө Лейлек, Сузак ж-а Ноокен р-ндорунда өстүрүлөт. Кадимки Бобовник, Петунникова сорттору көп тикендүү, Бухара түрлөрү өтө кеӊири таралган. Данеги кондитер ишинде, эфир майын алууда ж. б. пайдаланылат. Анын кээ бир түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.