БАГАМА АРАЛДАРЫ, архипелаг: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Roza No edit summary |
imported>Begay м (Begay moved page БАГАМА АРАЛДАРЫ 1 to БАГАМА АРАЛДАРЫ, архипелаг) |
(Айырма жок)
| |
08:19, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
БАГАМА АРАЛДАРЫ ‒ Атлантика океанындагы архипелаг, Вест-Индияда. Флорида ж.а-нан түн.-батыштан түш.-чыгышка карай Куба жана Гаити а-на чейин 1500 км аралыкта созулуп жатат. Флоридадан Флорида кысыгы, Кубадан Эски Багама кысыгы аркылуу бөлүнөт. 700гө жакын аралдан, 2300дөн ашык шуру рифтеринен жана аскалардан турат. Эӊ ири аралдары: Андрос (4,1 миӊ км2), Чоӊ Абако (2 миӊ км2), Чоӊ Багама (1,1 миӊ км2). 20 аралында гана эл отурукташкан.. Б. а-нын бири Сан-Сальвадор ‒ Х. Колумб Жаӊы Дүйнөдөн алгачкы ачкан (1492-ж. 12-октябрда) кургактык. Мында Багама аралдары мамлекети жайгашкан.