БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Temirkan
(Айырма жок)

02:46, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ Араб жарым аралынын түштүк-батыш учу менен Африканын аралыгында. Кызыл деӊизди Араб деӊизиндеги Аден булуӊу менен туташтырат. Узундугу 109 км, эӊ кууш жери 26 км, эӊ тайыз жери фарватеринде 31 м. Перим аралы кысыкты эки өткөөлгө (Чоӊ жана Кичи) бөлөт. Кысык жана Суэц каналы аркылуу Европаны Чыгыш жана Түштүк Азия, Австралия менен байланыштырган эӊ кыска суу жолу өтөт.