АЭРОТЕРАПИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 (аэро... ж-а терапия ) ‒ ачык абада организмди чыӊдоо ж-а дарылоо ыкмасы. Дарылоо ж-а ден соолукту чыӊдоо максатында колдонулат. Анын негизги максаты дененин сырткы темп-ранын терс таасирлерине чыдамдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Таза абада болуу узактыгы жыл мезгилине, аба ырайына (абанын темп-расына, нымдуулугуна, шамал күчүнө) дененин чыдамдуулугуна, ден соолукка жараша болот. Ал санаторий-курорттук дарылоодо климат м-н дарылоонун маанилүү бөлүгүн түзөт. Аба ваннасын кабыл алуу убактысы улам узартылып, нымдуу сүлгү м-н сүртүнүү, душка, сууга түшүү м-н айкалыштыры лып жүргүзүлөт.